Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Жалал-Абадда 32 жаштагы жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү өрттөлгөн
Милициянын маалыматы боюнча, быйыл 21-ноябрда эртең менен Сузактын 32 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Бул боюнча 9-декабрда анын жубайы милицияга кабар берген.
Издөө иштеринин жүрүшүндө 13-декабрда Базар-Коргондогу Чарбак айылындагы таштанды ыргытылган жардын ылдый жагынан кездемеге оролгон белгисиз адамдын сөөгү табылган. Кароо учурунда ал өрттөлүп, денесинин 60 жерине бычак сайылып, кескиленгени аныкталган. Сөөк таанылгыс болуп күйүп кеткен.
Сөөк жолдошун издеп жаткан келинге көрсөтүлүп, ал маркумдун кийимдеринен сөөк күйөөсүнүкү экенин тааныган.
Бул ишке шектүү катары 18 жана 20 жаштагы эки бала кармалды.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр менен маркумдун ортосунда акча боюнча пикир келишпестиги болгон.
Милиция бул ишке дагы бир адамдын катыштыгы бар экенин билдирди.
Азыр тергөө уланууда.