Баарыбыз билебиз, маал-маалы менен балдар эмоциясын башкара албаган ачуулуу, кежир балага айланат. Мындай учурларда алар жерге тоголонуп, кыйкырып, буттарын тепкилеп, ыйлашат. Кээде ата-эненин сабырынын чеги кайда экенин сынап, айла-амалдары менен бизди кыйнашат.
Апалар эсиниздерде болсун көпчүлүк учурда балдар муну атайын жасашпайт – бул инсандын өнүгүшүнүн, жетилишинин бир бөлүгү. Муну түшүнүү менен наристелерибизди да түшүнүүгө үйрөнө алабыз.
Келиниздер мисалдарды келтирейин:
✨Балаңа оюнчук ыргытпа деп айтасың, бирок ал ыргытат. Ал жаман болгондуктан эмес. Себеби, мээнин өзүн өзү башкара турган аймактары төрөлгөндө дээрлик өнүкпөй, өспүрүм курактын аягында гана толук жетилет.
Бул маалымат ата-эненин күтүүсүнө карама-каршы келет: ата-энелердин 56 пайызы үч жашка чейинки балдар тыюу салынган нерсени жасоого,азгырыктарга туруштук бере алышы керек деп эсептешет, ал эми көпчүлүк балдар бул жөндөмдү орто эсеп менен төрт жашка чейин зорго өздөштүрүшөт.
✨Сиз бир нече саат балаңыз короодо сейилдеп, андан кийтн коомдук транспорт сейил бакка барып, жаңы адамдар же тааныштар менен сүйлөшүп туруп калган учурларда, бул сейилдөө истерика менен аяктаарын байкаган чыгарсыз.
Ооба сиз баланын өнүгүүсү жана көңүл ачуусу үчүн көптөгөн сонун нерселерди жасадыңыз окшойт, бирок баланын жашоосундагы оюндар жана көңүл ачуу, тынч убакыт жана эс алуу менен туура баланста болушу керек.
Сиз ушуларды баланста кармап, алдын ала пландап, графигин туураласаныз баланын жүрүм-туруму бир топ жакшырат.
Себеби бала чарчаганын айта албай кежирлениши мүмкүн.
✨Ачка болгондо оңой ачууланарыңызды өзүңүз билесиз. Ал эми бала эмнеден улам башкача жакпаган сезим болуп жатканын тушуно албай кыйналат. Ал чаңкоо, ачкачылык, капыстан бир жери ооруп кетүү, кычышуу, катуу чарчоо, уйкусу келүү болушу мумкун. А сиздин оюңузча бала жөндөн жөн чыр чыгарып жатат, кежирлик, эркелик, баш ийбестик деп баланы урушуп баштайбыз.
Сиз урушкан сайын балдардын эмоцияларды башкаруу жөндөмдүүлүгү төмөндөй турганын унутпаңыз.
Эмитен тил албаса кийин кантем деген ойдо баланы баш ийдиргенге болгон аракетибизди жумшайбыз.
Сиз баланы баш ийдирип жакшы жыйынтыкка жетпейсиз. Өзүн сезбеген абалга алып келесиз.
✨Күчтүү эмоцияларды көрсөтүү.
Чоңдор күчтүү эмоцияларды кантип жашырууну, кээде аларды басууну, атүгүл жок кылууну да билишет. Балдардын мындай жөндөмү жок. Ошондуктан, алар күчтүү эмоцияларды, кырдаалга байланыштуу кыйкырып же ыйлап чыгарышы мүмкүн. Балдарды катуу эмоциялар үчүн урушпаңыз, аларга ошол учурда эмне сезип жатканын так айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Кыйкырыкты басуу же тыюу салуу эч кандай жыйынтыкка же жакшылыкка алып келбейт.