📍Айдай чырайыңды боктой кыялың бузбасын
⠀
Aдам канчалык илимдүү, көп тилдерди бил-ген, же окумуштуу болбосун, илимди туура түшүнүү, анан аны башкаларга түшүндүрүп берүү өзүнчө түйшүк. Миң китеп окусаң да, окуганыңды жашооңдо пайдалана албасаң, окуганыңдын баары бекер. Канчалаган акыл ээлери бар, сөз терип, сөз баккан чечендер бар. Бирок илимге толгон баштагы акыл, ыйман менен сугарылбаса, жүз сөз сүйлөп, бир сөзүнүн ээси боло албаса, адеби амалына дал келбесе, кийими бар, ичинде адамы жок сөлөкөт сыяктуу болот экен. Андай адам кайсы бир күнү ыйманынан ажырап калуусу да мүмкүн. Адеп-ахлактуу, кулк-мүнөзү жакшы адам Аллахтын эң сүйүктүү кулу, пайгамбарыбыздын бейиштеги кошунасы.
⠀
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "О, Аллахым! Менин келбетимди кооз кылып жаратканыңдай, кулк-мүнөзүмдү да кооз кыл", - деп дуба кылчу.
⠀
"Адам мыкты адеп-ахлагы менен күндүзү орозо кармап, түнкүсүн намаз окугандардын даражасына жетет", - деген сөзү да бар.
⠀
"Ыймандуу мусулмандардын ыйманы жагынан кемели адеп-ахлагы жакшысы", — деген бир хадисинде.
⠀
"Силердин мага сүйүктүүңөр жана Кыямат күнү мага жакыныңар адеп-ахлагы жакшыңар", - деп айткан.
⠀
Ыймандуу адам оболу бирөөнү эмес, өзүн суракка тартып, теске салышы кажет. Азирети Умар (ага Аллах ыраазы болсун): "(Кыяматта) сурак бергенге чейин өзүңөрдөн-өзүңөр сурак алгыла! Кыяматтын сурагы үчүн жакшылык иштерди көп жасагыла! Арийне, бу дүйнөдө өзүн-өзү суракка алган адам үчүн Кыямат күнү сурак жеңил болот", — деген экен.
⠀
"Биздин айланабызда биз каалагандай адамдар болбойт, бизге окшош адамдар болот. Бирөөнүн сүйлөгөнү, кылганы сага жакпай жатса, андай мүнөз сенде болушу мүмкүн. Мен ушул эрежени түшүнгөндөн бери жашоо мага жеңил болуп калды. Бүт көңүлдү өзүмө коюп, өзүмдү оңдоону баштадым", -деген сөз бар.
⠀
Ошол сыңары жакшы мамилени, жакшы сөздү, жакшы сый-урматты, кучакка оролгон ысык мээримди, жүзгө чырай берип, күлүп турган көзгө толгон махабатты кааласаңыз өзгөрүүнү өзүңүздөн баштаңыз. Жашоонун ар түркүн бойокко салган кооздугу сиздин караган көзүңүзгө, ойлогон оюңузга, сезген жүрөгүңүзгө көз каранды. Жашоого жылмайып карасаңыз, ар бир күнүңүз, ар бир таңыңыз сизди күлүп тосуп алат...
⠀
О, Жараткан Аллах, жашоомо жакшылык алып келе турган, сыноо эмес, түбөлүк бейишке жетелеп, багыт бере турган, жыгылсам колун созо турган, кайгырсам тең бөлүшүп кубанта турган, чыныгы момун сыпаты менен катамды оңдой турган, адеб-ахлагы менен күзгү, үлгү болгон, көзүмдүн пардасын ачкан, жолума жарык нур болгон жакшылар менен айланамды көгөртүп, көрктөндүр.
⠀
Мени адаштырба, менин мүнөзүмдү көркөм кыл!
⠀
Бул дүйнөдө да, акыретте да мүнөзү көркөмдөр менен чогуу кыл!
⠀
🧕Автор: Насиба Абдуллаева
⠀
📘 "Эртең дебе" китебинен.
⠀
https://t.me/formulakg