🌧️Алгачкы кар менен кошо жааган үмүт..
⠀
Мына бүгүн алгачкы жааган кардын биринчи күнү. Баткен жергесинде көп жылдан бери кар жаабай эле кыштан чыгып кетебиз. Быйыл эл катары эле кар тоңдурган суугу менен жаап кирип келди. Негизи көбүнчө тереземден сыртка, асманга, жаратылышка карап, Жараткандан жараткан кооздуктарына тафакур кылып, ойго салганды жакшы көрөм. Айланага көз чаптырсам эмнегедир баары үнсүз, тынч. Куураган дарактар, сумсайып, жалбырактары саргайып, түшүп куурашы, жашоонун кандайдыр бир бөлүгү аяктаганынан кабар бергендей. Ушул күнгө чейинки басып өткөргөн жолумда эмнелерди кылдым, эмне менен алек болдум көз алдыма тартылып, шурудай тизмектелип элестелди. Бул жылы менин көп жылдан бери күрөшүп келген жашоодогу сыноолорго Жараткандын мага күтпөгөн унутулгус жакшылыгы, сыйы болду, канча шүгүр айтсам да аздык кылат. Оо, Раббым! .. дедим, Сага чексиз шүгүрлөр болсун, менин жакшы деп билген пландарым, каалоомдон, Сенин планың, каалооң эң жакшы, алгачкы жааган кар менен кошо жааган үмүтүмдүн келечегинин жарыгын мындан да жакшысын бересиң деп ишенемин, үмүт кылам!
⠀
Кичинемде, кар жаап турган асманды карасам үлбүрөгөн кар бүртүкчөлөрү биринин артынан бири жаап, жүзүмө түшкөндө, бала кыялга оролгон таза аруу тилектерим менен көөпкө карап, өйдөгө карап учаар элем. Бала кезимде кыялкеч кыштарда жашаган болсом, а азыр үмүттүү кыштарды өткөрүүдөмүн. Жааган аппак кар кулагыма үнсүз шыбыроосу менен ар бир кыштын тоңдурган суугу болгон менен артынан жылуулугу менен үмүтсүз жандыктарга жыңы жашоонун багытына жол көрсөткөн жазы бар. Ар бир караңгы түндүн эртеңки жакшылыкка үмүт берген таңы бар.
⠀
فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا
⠀
"Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет "
⠀
إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا
⠀
"Аныгында, кыйындыкты улай жеңилдик келет." - деген Курандагы: Шарх сүрөсүнүн: 5-6 аяттарын) мага эскертип турганын айткансыды. Жашоонун жаңы барактарын ачып, үмүт берген бул кыштын эң биринчи кары эле. Апаппак кар өлкөбүздү, жан дүйнөбүздүн кара тактарын тазалап, жууп кетсин...
⠀
Бүгүн жааган алгачкы карда мен ушуну ниет кылып, дуба кылдым...
⠀
👤Автор: Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907