Анын мүнөзү Куран болгон
Айша (радыяллаху анха) энебиздин Пайгамбарыбыз (соллаллаху алейхи васаллам) тууралуу:
كَانَ خُلُقُهُ الْقُرْآنَ
деген хадиси бар.
سَأَلَ سَعْدُ بْنُ هِشَامٍ عَائِشَةَ (رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا) عَنْ خُلُقِ رَسُولِ اللَّهِ (ﷺ) فَقَالَتْ: كَانَ خُلُقُهُ الْقُرْآنَ
Анын мааниси: "Са‘д ибн Хишам Айша энебизден (радыяллаху анха) Пайгамбарыбыздын (соллаллаху алейхи васаллам) мүнөзү тууралуу сураганда, ал: 'Анын мүнөзү Куран эле' – деп жооп берди.
Сахих Муслим, 746
Муснад Ахмад, 24601
Бул хадис Пайгамбарыбыздын (соллаллаху алейхи васаллам) мүнөзү толук бойдон Курандын көрсөтмөлөрүнө ылайык келгенин, анын сөзү да, амалы да Курандын тирүү үлгүсү болгонун билдирет.