ИСЛАМ БУЛАГЫ


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Религия


Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид.
Таухид- бул Исламдын булагы.
✒Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Религия
Статистика
Фильтр публикаций


Азыркы учурда ар түрлүү Азгырыктар (фитналар) көбөйүп турган убак! Андыктан өзүңдү жана үй-бүлөөңдү оңдоо үчүн Аллахтан жардам сура. Үй-бүлөөңө Куран жана баш ийүүнү үйрөт. Жакшы иштериң менен аларга үлгү бол.

Жаш куракта ар кандай азгырыктар көп болот. Андыктан сен үй-бүлөөңдү ар кандай азгырыктардан (фитналардан) көзүңдүн карагин сактагандай сактагын.

Сен да азгырыктарга (фитналарга) туш болушуң мүмкүн. Түрлүү азгырык фитналар бара-бара уламдан-улам көбөйүп бара берет. Азгырыкты тынчыңды алып, эшигиңди тынымсыз тыкылдатып келе берген бирөөгө салыштырууга болот.

Андыктан биринчи өзүң дин душмандарын жана эки жүздүү мунафыктар ким экенин жакшылап билип алгын. Азыркы учурда пайгамбарыбыздынﷺ доорундагы эки жүздүү мунафыктардын эркек-ургачысы толтура!
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


ТЫНЧТЫКТЫН КАДЫРЫН БИЛЕЛИ!

Дүйнө жүзүндө тынчтыктын кадыры мүнөт сайын сезилип турган мезгил. Кыргызстан дагы жаңыдан өнүгүү жолуна түшүп келе жаткан мамлекет катары тынчтыккка жана бейпилдикке муктаж. Катардагы карапайым элге дагы, бийликке дагы тынчтык маанилүү эмеспи. Ошентсе дагы, өлкөнүн бүтүндүгү менен тынчтыгынан өз керт башынын кызыкчылыгын жогору койгон, намысы жоктор көбөйдү!
Өлкөбүз тынч болсо, Наристелерибиздин курсагы ток болуп, экономика алга жылат. Жерибизде тынчтык жаңырат. Балдарыбыз окуйт, илим-менен билимге умтулат. Баарыбызды жаркыраган келечек күтөт.

Бизге: Кыргыз жерине, кыргыз элине, ардагер ата-энелерге, жаштарга, эртеңки келечегибизге айтаар элек МИТИНГ ЖОК!!! Тополоң, ызы-чуу жок!!!
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


Биз эл башчыбызды угуп, аны урматтап, ага моюн сунганда биздин өлкө оңолот. Биз эл башчыбызды урматтап, ал биздин башчыбыз деп сыйлап моюн сунган кезибизде биз душмандарга кор болбостон корголобуз. Биз эл башчыбызды угуп, аны урматтаган кезибизде ынтымактуу, бакубат өлкөгө айланабыз. Биз эл башчыбызды угуп аны урматтап ага моюн сунганда биздин президент башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшөт. Ким эл башчыны урматтаган болсо, Аллах аны урматтайт. Ал эми ким аны кордогон болсо, Аллах аны кордойт.
═════════
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Себеби, сиз жиберген бир эле маалымат, балким кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.
Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: "Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".
📚 Сахих Муслим.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


Муаз ибн Жабал (радиаллаху анху) айткан: “Мусулмандардын башчысы Аллахтын эрки менен болот жана ким башчыны тилдесе, ал Аллахтын өкүмүн - эркин тилдеген болот”.
📔
Абу Амр ад-Даний “аль-Фитанда” 1/404.

Салафий аалымдар падышага каршы чыгууну тил (жамандоо, сөгүү), жүрөк (жек көрүү), дене (курал көтөрүү, көтөрүлүшкө чыгуу) менен болорун айтышкан. Андыктан мусулман адам падышага тили, жүрөгү жана дене мүчөлөрү менен зыян жеткирбөөсү керек. Анткени, башчыларды тилдеп, жаманатты кылуу - бул такфирист- харижийлердин сыпаты. (Такфирист- харижийлер булар Ислам терисин жамынган, мусулмандардын жерине бүлүк салып, мусулмандардын канын төккөн жырткыч террористтер.)
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

ОО АЯЛ….. 👇


Күйөөң сени багуу үчүн үйгө акча алып келгенче ачкачылыкка, кыйынчылктарга сабыр кылып жүргөнүнө назар сал.

ОО АЯЛ! Күйөөңө таарынаардан алдын...
Адегенде сен үчүн балдарың үчүн денесинен канчалаган тамчы тер чыгып жатканын карап көр...

ОО АЯЛ! Күйөөңө таарынганга чейин...
Көзүнө жакшылап кара, балким сени бактылуу кылуу үчүн көзүнөн жаш агызып иштеп машаккат чегип жүргөндүр…

Ар бир үй-бүлө башчысы үй-бүлөсүн бактылуу көргүсү келет.

Күйөөңө ачууланардан мурун, күйөөң син үчүн эмне кылганын, муктаждыктарыңды канааттандыруу үчүн кандай иштегенин көрүп, ой жүгүрт.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share


Аллахтын Элчисиненﷺ (бир жолу мынтип) сурашкан: "Кандай аял эң мыкты аял болуп саналат?". Пайгамбарыбызﷺ: "Күйөөсү аны караганда кубанычка бөлөгөн, күйөөсү бир нерсени буйруганда ага моюн сунган, эгер күйөөсүнө аялынын өзүнө же күйөөсүнүн (өзүнүн) мүлктөрүнө тиешелүү бир нерсе жакпай калса, күйөөсүнө каршы чыкпаган аял"- деп жооп берген.
📚 Ахмад: 7421. Наса'ий: 3231.

ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:

Аллахтын Элчисиﷺ кайсыл аял күйөөсү үчүн эң берекелүү мыкты аял деп суралганда мындай деп жооп берет:
«Күйөөсү караганда аны сүйүнткөн» башкача айтканда: күйөөсү караганда болгон сулуулугу, кооздугу жана тазалыгы менен күйөөсүн кубандырган.

«күйөөсү бир нерсени буйруганда ага моюн сунган» башкача айтканда: күнөө болбогон ишке буйруса, ага баш ийет деген мааниде жана анын муктаждыгын канааттандырууга аракет кылат.

«Күйөөсү менен талашып тартышпаган, күйөөсүнө каршы чыкпаган». Б.а.:Адепсиз иштерди кылбайт, күйөөсүнүн же өзүнүн акчасын күйөөсү жаман көрүп, жактырбаган нерселерге сарптап, жумшабайт.
➖➖➖➖
Нематулла Кадайев




КОЛУҢА КАРАГАН АЯЛГА ҮЙЛӨН

Бул тууралуу Мухаммад Ибн Сирин (рахимахуллах) мындай дейт: КОЛУҢА КАРАГАН АЯЛГА ҮЙЛӨН, СЕН АНЫН КОЛУН КАРАГАН АЯЛГА ҮЙЛӨНБӨ.
Мухаммад Ибн Сирин “Хильятуль-Аулия: 2/265”.

ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: башкаруу өз колуңда болгон, сага баш ийип моюн сунган жана анын камкордугу өзүңө жүктөлгөн аялга үйлөн. Сен аны багып алууңа муктаж болбогон, колу өзүңдөн жогору турган аялга үйлөнбө. Сага муктаж болбогон аял сага моюн сунуп, баш ийүүсү оор болот.

Азыркы жаштар болочок келинчегинин кашы-көзүнө, сулуулугуна, чырайлуу күлкүсүнө, бийлешине, ырдашына, жогорку билимине, көңүл бөлүшөт. Кыздын атасынын байлыгынын көптүгүнө кызыгып үйлөнүүгө умтулгандар андан көп. Бирок бай-бардар аялга үйлөнүүдөн бактылуу болгондор адамзат тарыхында өтө сейрек кездешет. Тескерисинче, карапайым кызга үйлөнүп, бактылуу өмүр кечирип жаткандар сансыз көп.

Бай аялга үйлөнүү - көпчүлүк учурларда, анын кызматчысына айлануу сыяктуу жагымсыз натыйжага дуушар кылаары чын. Бирок бай, абдан такыба, ыйманы күчтүү, жупуну жана кичипейил кызга үйлөнүүгө туура келсе, андай сунушту четке какпоо туура.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

ЭҢ ЖАМАН АЯЛ КИМ?

Бул тууралуу Умар (радиаллаху анху) мынтип айтат: ЭРКЕКТЕРГЕ ТАЙМАНБАЙ БАТЫНЫП СҮЙЛӨГӨН, ЭРКЕКТЕРДЕН УЯЛБАГАН БЕТИ ЖОК АЯЛДАР. 📚Ибн Абу Шайба 32503.

Аялды арзан көргөзгөн бул - оозунан чыккан уят сөз.

Аялдын сулуулугуна караганда, анын уяттуулугу алда канча жагымдуурак.

Мааниси сыртында эмес ичинде!

Жар тандоодо жаңылышсаң, төлөмү өз өмүрүң болот!

Уялбаган, уятсыз аял күйөөсүнүн эл караган жүзүн жер каратат.

Күйөөсү кашыктап чогулткан ар-намысын, кадыр-баркын чакалап чачат.

Уялбаган, уятсыз жан дүйнөсүн ыймансыздыктын караңгылыгы каптаган аял баскан жерин булгап кетет.

Өзүнүн асыл ордун билбеген уятсыз аялдар үй-бүлөнүн баалуулугун кайдан билсин!?

Алар үй-бүлө баалуулугун кыйратып бузат.

Ошондуктан, Аялзаты адамзат мектебинин алгачкы мугалими десек да жаңылбайбыз. Анткени аял үй-бүлөдөгү балдарынын тарбиясына түздөн-түз таасир эте алат. Үйдөгү бейпил өмүрдүн уюткусу да аялзаты.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев


https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

ЭҢ ЖАМАН АЯЛ КИМ?
Бул тууралуу Умар (радиаллаху анху) мынтип айтат: ЭРКЕКТЕРГЕ ТАЙМАНБАЙ БАТЫНЫП СҮЙЛӨГӨН, ЭРКЕКТЕРДЕН УЯЛБАГАН БЕТИ ЖОК АЯЛДАР. 📚Ибн Аби Шайба 32503.
═════════
башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз. Себеби, сиз жиберген бир эле маалымат, балким кимдир-бирөөгө пайдалуу болушу мүмкүн. Эгер ал аны үйрөнүп жашоосунда аткара турган болсо, ал аткарган сайын сизге да ошондой сооп кемибестен жазылып турат.
Буга далил пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан: "Жакшылыкка жол көргөзгөн адам, ошол жакшылыкты кылган адамдын сообундай сооп алат".
📚 Сахих Муслим.

Зубайд аль-Куфи (рахимахуллах) айткан: «Мен бир сөз уктум, Аллах аны менен мага отуз жыл пайда берди».  
📚 Ас-Сияр: 5/297.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


”عليكم بالصِّدقِ فإنَّ الصِّدقَ يَهدي إلى البرِّ وإنَّ البرَّ يَهدي إلى الجنَّةِ وما يزالُ الرَّجلُ يصدقُ ،ويتحرَّى الصِّدقَ حتَّى يُكتبَ عندَ اللهِ صدِّيقًا وإيَّاكم والكذبَ فإنَّ الكذبَ يَهدي إلى الفجورِ، وإنَّ الفجورَ يَهدي إلى النَّارِ ،وما يزالُ العبدُ يَكذبُ ويتحرَّى الكذبَ حتَّى يُكتبَ عندَ اللهِ كذَّابًا“.
الراوي : عبدالله بن مسعود | المحدث : الألباني | المصدر :صحيح الترمذي | الصفحة أو الرقم : 1971 | خلاصة حكم المحدث : صحيح | التخريج : أخرجه الترمذي (1971) واللفظ له، وأخرجه البخاري (6094)، ومسلم (2607) باختلاف يسير.


Аллахтын элчиси мындай деп айткан:"Чынчыл болгула,
анткени чынчылдык жакшылыкка жетелейт, а жакшылык болсо бейишке алып барат. Адам чындыкты айта берип, чынчылдыкка берилсе, Аллахтын алдында чынчыл деп жазылат. Жалган айтуудан сак болгула, анткени жалган жамандыкка жетелейт, а жамандык болсо тозокко алып барат. Адам жалган айта берип жалганга берилсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылат".

Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон
макулдашылган).

Хадиске кыскача түшүндүрмө:

Пайгамбарыбыз чынчыл болууга
буйруп, чынчыл болуу дайыма жакшы иш-амалдарды аткарууга жеткирерин баяндаган. Ал эми адамдын жакшы иш амалдары анын бейишке кирүүсүнө себеп болот. Ашкере болобу, жашыруун болобу, дайыма чынчыл болгон адам, өтө чынчыл деген атка татыктуу болот.

Андан кийин пайгамбарыбыз жалган сүйлөөдөн тыйып, эскертти. Анткени, жалганчылык туура жолдон тайдырып, жаман, бузук, күнөө иштерге түртөт. Анан аны тозокко түшүрөт.
Жалганчылыгын таштабай улам жалган айта берсе, Аллахтын алдында жалганчы деп жазылып калат.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




ЖАЛГАНЧЫЛЫК ЖАНА ЧЫНЧЫЛДЫК

“لِيَسْأَلَ الصَّادِقِينَ عَنْ صِدْقِهِمْ” الأحزاب: 8

Хасан аль-Басри (рахимахуллах)
(АЛЛАХ) ЧЫНЧЫЛДАРДЫН ЧЫНЧЫЛДЫГЫН СУРАШ ҮЧҮН
”. Деген аятты окуганда катуу ыйлайт. Ошондо сени эмне ыйлатып жатат деп суралганда?
Ал мындай деп жооп берет: «Эгер чынчылдар чынчылдыгы жөнүндө суралышса! Биз эмне кылабыз?


Кыямат күнү адамдар чынчылдыгы жөнүндө суралышса, илим ээлери бул аятты окуп коркуп, ыйлап атышса биздин абал кандай болоор экен!?

Аллах чын сөздү гана сүйлөө туралуу куранда мындай деп айтат:

“يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا”
“Оо, момундар! Аллахтан корккула жана туура сөздү гана сүйлөгүлө”.

“يُصْلِحْ لَكُمْ أَعْمَالَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا”

“(Ошондо) Аллах ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Ким Аллахка, Анын элчисине мойун сунса, албетте, ошол зор ийгиликке жетишет”.
Куран, Ахзаб: 70,71.

"Жалган айтып ырыскыңды жебе" деп айтып калчу аталарыбыз.
Көрсө, жалган айтуу аркылуу кайсы бир ишти өз пайдасына чечип жаткандай болгону менен түпкүлүгүндө жалгандын зыяны гана тийет экен. "Калптын казаны кайнабайт" дегендин түпкү мааниси да мына ушунда.

Ал эми чындык, кээде адамга зыян алып келгендей болгону менен түпкүлүгүндө жакшылыкка жол ачат. Демек, чынчылдык ийгиликтин ачкычы экенинде шек жок. Чынчылдын ырыскысы мол, телегейи тегиз, эң негизгиси-жан дүйнөсү тынч болот. Бул дүйнөсү да, акырети да кайгысыз, армансыз. Адамга мындан башка эмне керек?
Кел бир тууганым бүгүндөн баштап жалганды таштап, мындан аркы жашообузду чындыктын нуру менен нурланталы....
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

Пайгамбарыбызﷺ алып келген дин инсанды, мейли ал эркек болсун, мейли аял болсун, аны кадыр-барктуу кылганын баяндаган. Инсанды бардык ыктыярдуу иштеринде, амалдарында, аракеттеринде жоопкер кылган. Өзүнө жана өзгөлөргө зыянын тийгизе турган кандай иш болбосун анын жоопкерчилигин моюнуна жүктөгөн. Эркек менен аялды ыйман, жоопкерлик, жаза жана сый жагынан бирдей кылган. Пайгамбарыбызﷺ алып келген дин эне катары, жубай катары, кыз катары жана эже-карындаш катары аял затына өзгөчө көңүл бурган.


Пайгамбарыбызﷺ алып келген дин акылды сактайт жана арак ичүү сыяктуу акылды кетире турган бардык нерселерди арам кылган. Ошондой эле инсан Роббисине акыл жана билим менен ибадат кылуусу үчүн динди акыл жолун айдыңдаткан нур деп эсептейт.

➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

Пайгамбарыбызﷺ алып келген дин адамдардын абийирин, мал-мүлкүн, акылын, урпагын сактайт. Ал жакшылык жана артыкчылыктын баарын ичине камтыйт. Жамандык жана жаман жүрүм-турумдун баарынан кайтарат. Инсанды урматтоого, адилеттүүлүккө, ыкластуулукка, тазалыкка, ишти мыктылап аткарууга жана жакшы көрүүгө чакырат. Адамдарга жакшылык каалоого, кан төкпөгөнгө, мекендин тынчтыгына үндөйт жана адамдарды эч бир себепсиз коркутуудан тыят. Пайгамбарыбызﷺ чектен чыгуунун жана бузукулуктун бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө тыюу салып, каршы чыккан. Ошондой эле ырымчылдыкка, уламыштарга каршы турган.
Пайгамбарыбызﷺ алып келген дин Аллахтан келген шарияттын эң акыркысы. Бул шарият толук шарият, бардык жерге жана заманга ылайыктуу.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


ПАЙГАМБАРЫБЫЗﷺ АЛЫП КЕЛГЕН ДИН ЖҮРӨГҮҢДҮ, ЖАН-ДҮЙНӨҢДҮ, АМАЛЫҢДЫ ТАЗАРТУУГА ҮНДӨЙТ

https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

Имам Муслим чыгарган сахих хадисте Пайгамбарыбызﷺ:
"إنَّ اللَّهَ لا يَنْظُرُ إلى صُوَرِكُمْ وأَمْوالِكُمْ، ولَكِنْ يَنْظُرُ إلى قُلُوبِكُمْ وأَعْمالِكُمْ"

“Чындыгында, Аллах силердин келбетиңерге жана байлыгыңарга карабайт, бирок жүрөгүңөргө жана амалыңарга карайт”, - деп айткан. Коош! Ии, көрдүңбү? Пайгамбарыбызﷺ эмне деп айтканын!
Демек, ‎Аллах сенин келбетиңе жана байлыгыңа карабайт экенин, бирок жүрөгүңө жана амалыңа карайт экенин билгениңден кийин, сен жүрөгүңдүн тазалыгына канчалык деңгээлде көңүл бурасың?
Жүзүңдүн тазалыгына кандай көңүл бурсаң, жүрөгүңдүн тазалыгына да ошондой көңүл бур! Себеби, жүрөктү жаман, бузуку нерселерден тазалоо Ислам дининин эң негизги максаттарынын бири болот. Бул жашоодо адам баласынын жүрөгүн күнөөлөрдөн тазалоо өзгөчө мааниге ээ. Мына ошондуктан Пайгамбарыбызﷺ адепсиздик, жагымсыз кылык жоорук, көралбастык, гыйбат, жек көрүү, ушак, бузукулук, бөлүнүү жана башка ушул сыяктуу жүрөктү буза турган иштерден тыйып, мындай деп айткан: ‎
‎«Силер бири-бириңерди жаман көрбөгүлө, бири-бириңерге көралбастык кылбагыла жана бири-бириңерден жүз бурбагыла. Бир туугандай болуп, Аллахтын пенделеринен болгула. Бир мусулман башка мусулман бир тууганына үч күндөн ашык сүйлөбөй коюусу арам болот». 📚Имам Муслим. ‎
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Facebook
👉
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share




https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG

Аллахтын элчисинеﷺ ыйман келтирүүдө көптөгөн пайдалар жана жакшылыктар бар. Ал жакшылыктар бул дүйнөдө да, Акыретте да улана берет жана анын эсебин бир гана Аллах өзү билет.
Бул тууралуу Аллах мындай деп айтат:

﴿فَلَا تَعۡلَمُ نَفۡسٌ مَّآ أُخۡفِيَ لَهُم مِّن قُرَّةِ أَعۡيُنٍ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴾

“Алардын кылган (жакшылык) иштери себептүү алар үчүн көздөрдү кубанткан кандай гана нерселер жашырылгандыгын эч бир жан билбейт”.
Куран, Сажда: 17.

﴿مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴾

“Эркек болобу, аял болобу, кимде-ким ыймандуу болуп, жакшы иштерди кылса, анда Биз ага сөзсүз жакшы жашоону беребиз жана алардын кылган иштерине сөзсүз андан да артык соопторду ыйгарабыз”.
Куран, Нахл: 97.
➖➖➖➖➖➖➖➖
Нематулла Кадайев

Telegram
👉
https://t.me/islambulagy

YouTube
👉
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA

Показано 20 последних публикаций.