КОЛУҢА КАРАГАН АЯЛГА ҮЙЛӨН
Бул тууралуу Мухаммад Ибн Сирин (рахимахуллах) мындай дейт: КОЛУҢА КАРАГАН АЯЛГА ҮЙЛӨН, СЕН АНЫН КОЛУН КАРАГАН АЯЛГА ҮЙЛӨНБӨ.
Мухаммад Ибн Сирин “Хильятуль-Аулия: 2/265”.
ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: башкаруу өз колуңда болгон, сага баш ийип моюн сунган жана анын камкордугу өзүңө жүктөлгөн аялга үйлөн. Сен аны багып алууңа муктаж болбогон, колу өзүңдөн жогору турган аялга үйлөнбө. Сага муктаж болбогон аял сага моюн сунуп, баш ийүүсү оор болот.
Азыркы жаштар болочок келинчегинин кашы-көзүнө, сулуулугуна, чырайлуу күлкүсүнө, бийлешине, ырдашына, жогорку билимине, көңүл бөлүшөт. Кыздын атасынын байлыгынын көптүгүнө кызыгып үйлөнүүгө умтулгандар андан көп. Бирок бай-бардар аялга үйлөнүүдөн бактылуу болгондор адамзат тарыхында өтө сейрек кездешет. Тескерисинче, карапайым кызга үйлөнүп, бактылуу өмүр кечирип жаткандар сансыз көп.
Бай аялга үйлөнүү - көпчүлүк учурларда, анын кызматчысына айлануу сыяктуу жагымсыз натыйжага дуушар кылаары чын. Бирок бай, абдан такыба, ыйманы күчтүү, жупуну жана кичипейил кызга үйлөнүүгө туура келсе, андай сунушту четке какпоо туура.
➖➖➖➖➖➖➖➖
✍ Нематулла Кадайев
Telegram
👉https://t.me/islambulagy
Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA
Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share