https://youtu.be/hLy-ePUzLkA?si=iIB_PncymRG1rn-y
ОО, ӨЛҮМДҮН ДААМЫН ТАТУУЧУ ПЕНДЕ!
Аллахтын алдына баратурган күнүңдү эстеп, Аллахтан корк!
Рамазан айында ибадатка жалкоолук, көңүл кош, суз, кайдыгер мамиле кылбагын!
Оо, кадырлуу бир тууган!
“Бул менин акыркы Рамазаным. Мындан соң мен ааламдардын Роббиси Аллахтын алдына, Акыретке кетип калышым мүмкүн”- деп ойлоп орозо кармайлы. Балким ушул ой берекелүү айда жакшы ибадат кылууга бизге түрткү болоор.
Бул берекелүү ай бүткөн соң – кылбай калган амалдарыбыз, өзүбүздү оңдой албагандыгыбыз, Куран окууну үйрөнбөгөнүбүз же окууну билип туруп окубаганыбыз ж.б.у.с. биз өткөзүп жиберген мүмкүнчүлүктөрүбүз тууралуу өкүнүп баштайбыз. Мына дал ушундай “жашоомду жакшы жашай албай калдым, аттиң!” деп өкүнүүнү – адам бул дүйнөдөн көз жумган соң көрөт.
КАДЫРЛУУ МУСУЛМАН БИР ТУУГАН!
Көзүңдү ач! Аллах берген акыл менен ой жүгүрт! Акыйкатта бул ай – адамдардын жүрүм турумун, адептерин оңдоп, жакшылык кылууга тарбиялай турган ай, каплетте калган адамдарды кайдыгерликтен алыстата турган ай.
Чындыгында бул ай Аллахтын бизге берген чоң мүмкүнчүлүгү – андыктан, урмуттуу мусулман, аны пайдаланып кал! Канча деген адамдар бул айга жетүүнү каалап, бирок өлүм аларды алып кетип жетпей калышты. Канча деген адамдар бул айга жетишип, бирок аягына чыга албай калышты. Канча деген адамдар аягына жетишип, бирок бул айдан пайда ала алышпады. Оо, акылдуу адамдар! Бул нерселерден сабак алгыла! Өзүңөр тууралуу ой жүгүртүп көргүлө!
Бул тууралуу Аллах мындай деп айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَلْتَنْظُرْ نَفْسٌ مَا قَدَّمَتْ لِغَدٍ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ نَسُوا اللَّهَ فَأَنْسَاهُمْ أَنْفُسَهُمْ أُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ
لَا يَسْتَوِي أَصْحَابُ النَّارِ وَأَصْحَابُ الْجَنَّةِ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ هُمُ الْفَائِزُونَ
لَوْ أَنْزَلْنَا هَذَا الْقُرْآنَ عَلَى جَبَلٍ لَرَأَيْتَهُ خَاشِعًا مُتَصَدِّعًا مِنْ خَشْيَةِ اللَّهِ وَتِلْكَ الْأَمْثَالُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ﴾
“Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки Кыямат күн үчүн эмне алып келгенине карасын! Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар.
Аллахты унуткан, натыйжада Аллах өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар – фасык адамдар.
Тозок ээлери менен Бейиш ээлери тең эмес. Бейиш ээлери – алар жеңүүчүлөр!
Эгер Биз мына бул Куранды тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан мемиреп, тыркырап сынып кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды адамдарга ойлонушсун деп айтып берүүдөбүз.” Куран, Хашр: 18-21.
Кадырлуу мусулман бир тууган!
Рамазанды адамдар ар түрдүү өткөзүшөт. Бул ай кирген учурда мусулмандардын акыбалы ар түрдүү болот. Аллах айткандай:
“إِنَّ سَعْيَكُمْ لَشَتَّىٰ”
Албетте, силердин аракетиңер ар кандай {башкача айтканда Ар кимдин амалы ар башка}.
Куран, Лайл: 4.
Адамдардын аракеттери ар түрдүү болот.
1⃣ Бир адам Аллахтын алдындагы милдеттерине шалаакылык кылып жүргөн болсо, бул айда ал эсине келип, өткөзүп жибергенин толуктап, кемчиликтерин оңдоп, Аллахка тооба кылат. Аллах анын тообасын кабыл кылат.
2⃣ Бир адам жыл бою сооп иштерди кылат. Бул ай ал үчүн жакшылыктын үстүнө жакшылык кошуу болот.
3⃣ Дагы бир адам Аллахтан жөө качкан киши эле. Бул айда Аллахка тооба кылып кайтып келди. Аллах анын тообасын кабыл кылат. Себеби, Аллах тообаларды кабыл кылуучу Зат.
➖➖➖➖➖➖➖➖
✍ Нематулла Кадайев
🌐 https://t.me/islambulagy