Арыз-муңду адамдарга эмес, Аллахка гана айтуу
Чындыгында, макулуктарга арыздануу сабырдын толуктугуна каршы келет. Анткени анда макулуктан болгон үмүт кылуу бар. Ошондой эле анда Аллахтын тагдырына болгон нааразылыктын белгиси бар. Ошондуктан пенде арыз-муңун жалгыз Аллахка гана айтышы керек.
Якуб (алейхиссалам): “Мен кайгым менен муңумду Аллахка гана арызданам”, — деген.
Демек, Аллахка арыздануу көркөм сабырдуулукка каршы келбейт. Тескерисинче бул ишенимдин тууралыгы жана ыймандын толуктугуна далалат кылат.
Муса (алейхиссалам): “Ал: «Оо, Аллахым! Сага гана мактоо болсун. Арыз-муңумду Сага гана айтам. Сенден гана жардам сурайм, Сенден гана жардам күтөм жана Сага гана таянам», — деп айтчу”,
Ибн аль-Жаузий айтты:
«Алгачкы муундагы солих адамдар адамдарга арызданууну жактырышчу эмес. Арызданууда адам үчүн кандайдыр бир жеңилдик болгону менен, ал алсыздыкка жана төмөндүккө далил болот. Ал эми ага сабыр кылып, башкаларга арызданбоо — күчтүүлүккө жана кадыр-баркка далил», — дешкен.
👉 t.me/islamtaanuu
Башкалар менен бөлүшүп, соопко ортоктош болуңуз.