🏟️ «Бишкек Арена» ачылганына байланыштуу 5-октябрда мектептер жана мамлекеттик мекемелер онлайн иштейт
5-октябрда Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик уюмдар жана билим берүү мекемелери онлайн форматка өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мындай чечим жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземине байланыштуу кабыл алынды. Иш-чарага 65 миңге чейин көрүүчү келери күтүлүүдө.
Мэриянын маалыматына караганда, ошол күнү шаардагы жолдордо транспорттун көбөйүшү жана тыгындар жаралышы мүмкүн.
Мекемелерди онлайн форматка өткөрүү шаардагы каттамдардын санын азайтып, иш жана окуу процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоого багытталган.
📌 Чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык кабыл алынган.
@kgosho Билип жаша!