📮 Президенттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» 83% акциясына ээ болду
Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасы» ААКнын 83,02% акциясынын ээси болуп калды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы баалуу кагаздардын ээлеринин тизмесиндеги өзгөрүү боюнча билдирди.
Буга чейин, 29-сентябрга чейин, акциялар Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине таандык болгон.
Министрликтин карамагында 4 млн 669 миң 737 жөнөкөй акция болуп, алардын жалпы баасы 2 млрд 334 млн 868 миң 500 сомду түзгөн.
📌 Буга чейин Министрлер кабинети «Кыргыз почтасынын» акционери катары укуктарды Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алган.
Бул чечим президенттин Кыргызстанды санариптик трансформациялоо тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган.
@kgosho Билип жаша!