Бүгүн, 17-ноябрда өлкөдөгү 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүп жатат.
Адаттагыдай эле республика боюнча шайлоо участоктору таңкы саат 8:00 эшигин ачты. Анткени, бүгүн кыргызстандыктар 231 айылдык жана 33 шаардык кеңештерге өкүлдөрүн шайлап алышы керек.
БШКнын соңку маалыматтарына таянсак өлкөдө 4 млн 135 миң 39 шайлоочу бар. Алардын
1 млн 620 миң 243ү шаардык кеңештердин, калган 2 млн 514 миң 796 сы айылдык кеңештердин шайлоочулары.
Шаардык кеңештерде 993 мандат болсо, анын 51и борбор калаага таандык, айылдык кеңештерде жалпысынан 5391 мандат бар. Талапкерлер шаардык кеңештерге партиялык тизме менен, ал эми айылдык кеңештерге бир мандаттуу системада шайланышат.
Бишкекте учурда 7 партиянын өкүлдөрү ат салышууда. Алардын жалпы саны 300 талапкер болсо, 100гө чукулу аялдар.
Өлкөдө алгачкы ирет аралыктан шайлоо практикаланууда. Ал үчүн 10 шайлоо участогу ачылган. Аралыктан добуш берүү үчүн 9050 жаран арыз калтырган.
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо кечки 20:00 ге чейин уланат.
@kgosho Билип жаша!