Президент ЖК депутаттарына кызматтык автоунааны кайтарып берүүнү колдогон жок
Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинде "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карашты.
Анда эл өкүлдөрүнө кызматтык автоунааларды кайтарып берүү маселеси көьтөрүлгөн болчу. Буга чейин мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кайра карап чыгуу үчүн президент артка кайтарган болчу. Бирок алар бир чечимге келе алышкан эмес.
Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева аталган мыйзамды аткаруу үчүн кошумча автомашиналарды сатып алып, айдоочуларды жумушка алуу талап кылынарын, 2025-2026-жылдын бюджетинде буга акча каралбаганын айтты.
Министрдин орун басары Конституциялык башка мыйзамга ылайык мамлекеттен каржылануучу иштер боюнча кабмин каржы булагын тапкан соң гана мыйзам ЖКда караларын белгиледи.
Эске салсак 2021-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык ЖК депутаттарын каржылоо кыскарган. Мамказынаны үнөмдүү пайдалануу максатында админстративдик имараттарга ремонт иштерин жасоого, кызматтык автоунааларды сатып алууга тыюу салынып, министрлердин орун басарлары кыскартылган.
@osho Билип жаша!