Өлкөдө сапаттуу жолдор болушун каалайсызбы? Анда ар бир литр күйүүчү майга 1 сом кошуп төлөңүз. ЖК бүгүн ушундай мыйзам кабыл алды
Бүгүн парламент “Жол фонду жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-3- окуулардан өткөрдү. Ага ылайык эми айдоочулар ар бир сатып алган күйүүчү майдын литрине 1 сомдон мамлекетке кошумча каражат төлөйт.
Чогулган каражат Жол фондуна түшөт. Фонддун 2023-жылдагы бюджети 4,5 млрд сом болсо, 2025-жылы 5 млрд-га жетери, ал эми аталган мыйза ишке кирген соң, бул сумма жылына 7 млрд-га көбөйөрү айтылат.
Ошондой эле министрлик утилизациянын 2 түрүнө да жыйым киргизүүнү пландап жатат. 1) эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү үчүн жыйымдар;
2) автоунаанын бузулган тетиктерин жана колдонулган майларды жок кылуу;
Жыйымдардын бул түрлөрү өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан төлөнөт. Төлөө тартиби Кабмин тарабынан аныкталат.
Белгилей кетсек, учурда Жол фонду күйүүчү-майлоочу майларга акциздик салыктын 50 пайызынан, жол жана транспортко байланыштуу жыйымдар жана айып пулдар, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар менен толукталууда.
Сиз салыктын бул түрүнө макулсузбу?
@kgosho Билип жаша!