Гимнди өзгөртүү боюнча ведомство аралык комиссия түзүлүп, ага ЖКнын 8 депутаты кирди
Гимнди өзгортүү боюнча атайын ведомство аралык комиссия түзүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Марипов, Азамат Исраилов, Аккулу Бердиев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу жана Айбек Маткеримов кирди.
Ведомство аралык комиссияны минкаб түздү. Милдети сунушталган варианттардан үчөөнү тандап ЖКнын кароосуна киргизиши керек.
Эске салсак, буга чейин төрага Нурлан Шакиев 2025-жылдын апрель айына чейин гимндин сунушталган варианттары тандоодон өтүп бүтүшү керектигин айткан эле.
Жогорудагы 8 депутаттын бирөөсүнүн да филологиялык же лингвисттик билиминин жоктугу, ал тургай адабий мамлекеттик тилди жогорку даражада билбестиги кыргызстандыктарды түйшөлтпөй койбойт. Анткени эми жаңы гимндин сапаты булардын колунда эмеспи.
@kgosho Билип жаша!