Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жерлер 50/50 пайыз бөлүү же алмашуу менен чечилгенин билдирди.
Жакында эле ЖКда УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасын бөлүштүрүү иштери соңуна чыкканын айткан эле. Муну улай президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегин берген.
Анда С.Жапаров эки өлкөнүн ортосунда талаштуу учактар калган жок, деп билдирген.
,- деген ал.
Ошону менен катар эле кагаз иштери толук аягына чыкса чек ара постору ачыларын, бул жергиликтүү калктын талабы болгонун айткан. Ал эми кагаз иштери качан бүтөрүн анын ирети кандай экени менен түшүндүргөн.
- деген Жапаров.
Кыргызстандын президенти чек ара маселеси бүткөн соң эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалаган.
@kgosho Билип жаша!

“Албетте, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат”
,- деген ал.
Ошону менен катар эле кагаз иштери толук аягына чыкса чек ара постору ачыларын, бул жергиликтүү калктын талабы болгонун айткан. Ал эми кагаз иштери качан бүтөрүн анын ирети кандай экени менен түшүндүргөн.
“Кудай буюрса, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин Парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коебуз. Ошону менен бүтөт. Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт”,
- деген Жапаров.
Кыргызстандын президенти чек ара маселеси бүткөн соң эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалаган.
@kgosho Билип жаша!