Шекербек КАЛЫКОВ
ЖАЗУУЧУ
(“Биздин замандын кишилери” түрмөгүнөн)
Өткөн кылымдын соңку жылдарында бир бай жөнүндө жазган макалам өзүнө жагып калыптыр. Ресторанга чакырды. Жалгыз барбай, досумду ээрчитип алдым. Тиги бай биз менен бир аз отуруп, «жумуштар бар эле» деп кетип калды. Дасторкондун акысы төлөнгөн. Бизге ниме шам?.. Ресторан каадасын күтүп, кыймыл-аракетибиз маданияттуу. Жаныбыздагы столдо эки кыз, эки жигит отурган. Алардын дагы базары кызып, «сулуу» сөздөрү айтыла баштады. Сыртта турганда балдар менен учкай таанышып, гезитте иштеримди айтканмын. Экинчи кабатка көтөрүлгөнчө, ал сөзүбүз кыздарга жазуучу болуп жеткен го, сыягы. Бизди кызыга карашканын далымдан сезип турам. Оо, ал кезде жазуучунун баркы, азыркы Самара Каримованын кадырындай бар эле да. Жазуучу менен сүйлөшкүсү келчү. Учурашкысы келчү. «Сүрөткө кошо түшөлү» дегендер көп болор эле. Эми эле акын-жазуучунун атынан ат үркпөй калбадыбы.
Сөз биз жөнүндө болуп атканын сезип атам. Анан эле, кыз десең келинге окшош, келин дейин десең, кызга окшош жаркылдаган бириси столубузга келип, «Силер жазуучусуңарбы?..» деди. Өзү жаркылдап келип турса, «Жок...» демек белек. Демилгени өзүм колго алып, «Ооба, жазуучубуз...» дедим.
— Ай-ий... ырас болбодубу... Султан Раевди тааныйсыңар да?.. – деди тиги сулуу көздөрү бал-бал жанып.
— Дал үстүнөн түштүңүз, бийкеч... – дедим.
— Эмнеге?.. – деп көздү күйгүзө тиктейт десең.
— Маңдайыңызда турган Султан Раевдин дал өзү... – дедим образга түшүп көнгөн жаным.
— Чын элеби, байке?.. Тирүү жазуучуну биринчи жолу көрүшүм... Сиздин жанагы... «Аял» деген аңгемеңиз укмуш да, байке... – деп селки бир топ суроолорду жаадырды.
Досум ойдо жок жерден жазуучуга айланды. «Ооба, жок...» деп гана мелтирейт го, чиркин. «Аял» дегени минеси?..» дегенсип, мени жалдырап карап коет. Андан машинанын тетигин сурасаң, уктап жатып шар айтып берер эле. Эми жазуучунун «терисин жамынып» созулат.
Сыр бербедик. Кичине «жетпей атты» эле, алардын дасторконуна кошулуп, жазуучулардын, тагыраагы Султан Раевдин урматына бир бөтөлкө ачылды. Коштогон мырзалары дагы жалаң төш балдар экен. Кыздарынан кызганып, бизди жээриген жок. Бирок, жанымдагы досум жээрип жатты. Санымды оюп, бутумду таманы менен майкандап таштады. Майкандаганына караймынбы, жакшы тост, мактоо сөз кимге жакпайт?..
Төбөбүз көккө жетип сыртка чыктык. Ага чейин, шул күнү деле андай мактоону укпай келем. Мен тиги кызга ыраазы болгонум менен, досум мага нааразы. «Мине пайда көрдүң?» деп жемелейт. Чоң адамдын образын жаратканын түшүнбөйт.
Ооба, пайдасы болду. Сулуу кыздын сөзүнөн улам, «Аял» деген аңгемени таап окуп, Султан Раевдин чыгармачылыгы менен таанышууга себеп болду. А досум ошол көз ирмемди шу күнгө чейин айта берет. Чынында кубанычтуу көз ирмем эле.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта