Ушундай, бу «кара жаздык» келин айылдагы көптөгөн башка «ак жаздык» келиндер аткара албаган кызматты аркалап, айылдагы аткаминерлердин кызматын өтөп, канча суранып келгендерге кийим-кечесин тигип, канча кыздарга сеп камдашып тиричилигин өткөрдү. Кудай бармагынан айткан менен багы ошол бойдон ачылбады, бир ирет ачылганы калып, кайра эле жабылды. Анын «кара жаздык» экенин билбеген айылга сырттан келген кызматы бар коноктордун бири муну бир көрүп жактырып калган. Ал экинчи жолу атайын келин үчүн чоң шаардан айылга келип, ага үйлөнөрүн түз эле айтты. Аны кыздары менен өзү жашаган алыскы борборго көчүрүп алып кетем деди. Чочуп кеткен келин өзүнүн «кара жаздык» тагдырын ага ачык айтууга мажбур болду, болочок күйөө болчу кишинин өмүрүнөн чочулап турганын да байкуш келин жашырбады. Муну уккан болочок күйөө ойлонуп калгандын ордуна үйдү жаңырта каткырып күлдү:
– Ха-ха-ха, – койсоңчу, бул жөн эле сөз да, тообо, айылдыктардын таппаганы жок, – деди ал. – Мындайга мен ишенбеймин, менин деле аялым каза болуп калган, ажал жетсе баарыбыз кетебиз. Экөөбүз эми гана кырктан ашсак, ден соолугубуз жакшы, өмүрдүн баары алдыда. Сени мындан кийин эч ким каражаздык дебейт, жаздыгыңды ушундай агартам дейсиң, экөөбүз бактылуу болобуз, көрөсүң, – деген эркек тамаша сөзду ыргыта сүйлөп, келиндин көңүлүн көтөрүп, күлдүрүп, бетинен сүйүп, эркелетип бир топко чейин кетпей отурган.
Келин ичинен канчалык кооптонуп турса да, аял да, бу ишенимдүү сүйлөгөн ак көңүл эркектин сөзүнө жибип арбалды. Макулдугун берди. Бир чети айылынан биротоло кетип калганды өзү да каалап турган.
Эркек бир аптадан кийин келип, тууган урукту топтоп, кан чыгарып, бата алып, анан буларды көчүрүп алып кетмей болду. Бирок күйөө болчу эркек бир аптадан кийин келбеди, ай өткөндө гана келинге булардын айылына жүк машине менен келатып анын узак жолдо кырсыкка кабылып, мүрт кеткенин угузушту. Бул эркек ага үйлөнө электе, бир жаздыкка баш койгонго да үлгүрбөй өлүмгө кириптер болду. Эркекке боору ооруп, өксүп ыйлаган келин эми өзүнүн накта «кара жаздык» экенине чындап ынанды окшойт, жакасын кармап, тагдырына биротоло моюн сунду. Бул окуядан кийин айылдаштары андан ого бетер четтеп калышты.
Жылдар өтүп, кыздары келишкен сулуу болуп бой тартты. Эми келин өзүнүн эмес, кыздарынын тагдырын ойлоп оңбогондой ташпишке түштү. Бирөө жарым жуучу түшүп эшигимди аттаар бекен? – деген ой-санаа келинди чырмап, уйкусун бузду. Кыздарына эртели-кеч, басса-турса бак тиледи. Бирок «кара жаздыктын» кыздары эбак онунчуну бүтсө да, чырайлуу, ыймандуу болуп чоңоюшса да кол сураган кишиден дайын жок. Убакыт өтүп жатат. Кыздарынын тагдырына биротоло кейип, эл ичинде чындап басынган келин бир күн бул төрөлүп, өмүр бою жашаган айылынан көчүп кетүүнү чечти. Болгондо да алыс жакка. Анын кашайып «кара жаздык» экенин билбеген жакка…
Өзүнүн бешенесине жазылган кара тактын кыздарыма көлөкөсү тийип калбасын деп изин сууткусу келди. Кайсы жерде, кайсы элде болсо да кыздары бүлө күтүп бактылуу болсо экен. Келин эч кимге кайда барары тууралуу ооз ачпады.
Өзбекстан тарапка энесинин туугандарын издеп жөнөдү. Бир жакыныраак таякеси барын билчү, барайын деди, анан көрө жатармын деп тобокелге бел байлаган келин үйүн жакшылап кулпулап, эки кызын, кийим-кечесин алган бойдон таң атпай, үрүл-бараңда жолго чыккан эле. Эми минтип машинелер токтобой, четтеп өтүп, алар да мунун «кара жаздык» экенин билип алгандай аялды кыжаалат кылды…
____________________
👉
"Кыргыз поэзиясы"🙏
Каналга колдоо көрсөтүү🎀
Ардак такта