Бакай АЛМАЗ
* * *
Жаңы жашоону башташ үчүн келген өлкөнүн жамгырларына көнө албай жүрөм. Көнөктөп, шолоктоп, асман ар-ар жеринен тешилип кеткендей болуп жаайт экен. Деги эле элеп-желеп болуп кеткен көрүнүштү жактырбайм. Бир кылкалыкты, тынчтыкты сүйөм.
Ар кайсыл өлкөдөн келген активисттер менен журналисттер катышкан топтук арт-терапияда психологубуз чоң баракка өзүбүз жек көргөн нерсени жазып же тартып, анан аны ороп туруп ары-бери чапкылап «ачууңарды чыгарып салгыла» деген тапшырма берди. А мен антип «бук чыгаруудан» баш тарттым, анткени, өзүнөн кете акшыңдап, бүлдүрүп, агрессияны чыгарып салса болоруна ишенбейм. «Ачууңарды ичиңерде сактабай кыйкырып-өкүрүп чыгарып салгыла» деп психологдор тереңге умтулуунун ордуна бирөөгө агрессияны кантип чачууну үйрөтүп жаткандай сезилет.
Же буркандап-шаркандап чыкпаган кыжыр пассивдүү агрессияга айланып, кишинин өзүн да, айланасындагыларды да эки эсе жеп, бүлдүрө береби… Биле албай койдум. Мен өзүм көп учурда пассивдүү агрессия менен ымалалуу жашарым ырас, калп айтканда болобу. Ден соолукта жашаш үчүн акыр-аягы «чоң баракты» ары-бери чапкылап, кыйкырып-бакырып бук чыгарууну үйрөнүш керек окшойт.
* * *
Дил баян жазууну 7-класстан тарта жаңы мектебимде үйрөнө баштадым. Ага чейин эмнени жазып, кантип жогору баа алып жүргөнүмдү, чынында, эстебейм. Адегенде «үч», «төрт» деген бааларды алып, бара-бара дил баян кандай бөлүктөрдөн турат, орунсуз кайталоо деген эмне деген эрежелерди четинен биле баштадым. Анын баарын Таттыбү эжекем үйрөттү. Эженин баасын алыш, андан жакшы пикир угуштун өзү бир топ оор эле. Ошого жараша анын сабагынан кези менен жогорку баа алуу абдан сыймыктуу болчу.
«Тоолор кулаганданы» окуп бүткөндө эжеке: «Сен да келечекте Арсен Саманчиндей чындык деп күйгөн журналист болоруңа ишенем», — деген эле. Саманчинчелик жан кечти болбосом да, чындыкты айткан бейтарап басылмаларга тилектеш болуп келем. Журналист болуу оюмда жок, ишенимим алсыз кезде мугалимимдин ошондогу сыймыктуу баасы али күнчө эсимде жылуу сакталып калыптыр. Кесибиме болгон сагыныч эчен түр ойлорго салып жүрөт.
* * *
«Нетфликстин» 35 жыл мурда Лос-Анжелесте ата-энесин мурас үчүн мылтык менен аткылап өлтүргөн бир тууган Менендестердин тагдырын чагылдырган сериалын көрүп, таасирленип отурам. Өз учурунда бул окуя Америкада орчундуу талкууга себеп болуп, сот отуруму түз эфирден берилип, кызуу көңүл чордонунда болгон экен.
Документалдык сериал чыгары менен иш кайрадан элдин көңүлүн буруп, «бир туугандар чынында күнөөлүү эмес, алар тескерисинче, сексуалдык ыдыктын курмандары» деген тараптардын пикири ого бетер күчөптүр. Иштин айрым жагдайлары кайрадан ноябрда боло турчу сотто каралат экен. Таразанын ташы өмүр бою кесилген кылмышкерлердин тарабына ооп кетсе эмне болуп кетер экен? Өтүп кеткен өмүрдүн, абакта мокогон баалуулуктардын ордун кимдер толтурат? Сериал тартылып чыкпаганда экөө өмүрүнүн соңуна чейин темир тордун артында эч кимдин эсине келбей өтүп кетмек беле?
Суроолор көп. Ал эми өлгөндөр өлүп кетиптир. Чындыкты ит билсинби дегендей…
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта