Апасы адамдардагы көрө албастыкка, ичи тарлыкка келише албай жатты. Адамдардын ойлорун жакшырта көр, кудай, жаман ойлордон алыс кыл, адам баласын! Канткенде көрө албастыктан адам бечера арылаар экен, – деген ойго чөмүлгөн эне кантип үшкүрүгүн сыртына чыгарып жибергенин өзү да билбей калды. Келини болсо апасынын сөздөрүнүн төркүнүн түшүнгөнгө аракет кылып жатты. Орус тилдүү бала бакчада тарбияланып, орус мектепте окуган келини апасынын анча-мынча табышмактантып сүйлөгөн сөздөрүн түшүнбөй калат.
Эртеси апасы машинага кошо отуруп алып, чогуу ыңгайлуу жер издешти. Шаардын эң байлары жашаган районунан кичинекей булуң жерди табышты. Эл көп өткөн, машинасын токтотуп койгонго да жайы бар, ыңгайлуу орун табышты. Жаңы жер-жемиштерди машинасына толтуруп, таразасын, чатырын салып алып жөнөдү.
Ушундай сонун күн болду. Тез эле, түшкө жетпей сатып бүттү. Мурда ушунчалык жер-жемиштерди бир күн кечке аран сатчу. Азыр болсо баасын да көтөрүп койгон. Чөнтөгүнө түшкөн акчасына кудундап үйүнө келе жатты. Күнүгө ушундай күндөр кайталана берди. Мурдагыдан эки эсе көп жашылча-жемиштерди алып келип алат. Баары сатылат. Сатып алуучулар аябай ыраазы. Баары жылмайып карап, жакшы мамиле кылышат. “Баасын түшүп бер!”, “Дагы бирди кошуп кой!” – деген кулагына жат болгон сөздөр бул жакта таптакыр жок.
Кайрадан 8-март келди. Ал күнү баягы эле жемиштерине кошуп, гүлдөрдү да сатып жатты. Ошондогу эле гүлдөр бул жерде жакшы өттү. Бир киши 51 гүл алып кетти. Дагы, дагы гүлдөрү сатылып жатты. Аңгыча дагы бир киши келип жакшы эки букет жасап берүүсүн өтүндү. Акыркы гүлдөрү калган. Сонун кылып, шашпай жасап берди. Жигит бирин машинасына алып барып салып, экинчисин келинге сунду. Жумшак, жагымдуу үнү менен: Майрамыңыз менен!, – деди. Эч нерсе түшүнө албай, ыңгайсыз болуп, бети кызарып, айласы кетти. Жок, ырахмат! Кереги жок, – деп араң үн чыгарды. Жок, алыңыз. Сиздин да майрамыңыз. Мен куттуктап жатпайымбы, – деп жигит, жылмайып машинесине түшүп кетти. Оор, салмактуу букетти кармаган боюнча денесиндеги калтырагын баса албай турду. Жигит узап кеткенден кийин, гүлүн чакага салып койду. Гүлдөрү да сатылып бүттү. Жер-жемиштери да сатылды. Баарын чогултуп алып үйүнө кетип бара жатат. Алдыңкы орундукка чоочун жигит сунган букетти коюп койгон, улам карап коет. Канча жылдардан бери гүл алып көрө элек экен. Денесиндеги толкунданган сезим басылбай турду. Качанкы бир кездерде, анда мектепте окуп жүргөн кезинде балдардан кат келчи. Ошондо да бир аз денесинде ушундай сезим пайда болуп калаар эле. Кимдерден каттар келгенине чейин эсинде. Бирок, чындап деле эч кимди сүйүп көргөн эмес. Ал ангыча онунчу классты аяктап, эми эле аттестаты колуна тийип, кайсы окууга барам деп турганда эчактан көз салып, планын куруп жүргөн, өзүнөн бир канча жашка улуу жигит ала качып кетет. Чоң күч менен, ата-энеси да киришип жатып, ошол үйдө отуруп калган. Өзү түнт, эч кимге деле ачылбаган мүнөзү ого бетер түнттүккө айланып, моюн сунуп жашап калган. Шаарда үйүңөр бар, күйөөндүн иши бар, жакшылап оокатыңарды кылгыла, – деп ата-энеси бөлүп койгон. Ал ал болду. Катар-катар төрт бала төрөп, эми кичине көнүп, жашап келе жатканда кырсык болуп жолдошу каза болот.
Деги эле акча кантип табылат, кантип иштеш керек деген түшүнүгүндө жок, санаа жок балдарын эле карап, үй жумушун тың кылып көнгөн келинге эми чындап башка түйшүк башталып, балдарымды кантип багам деген түпөйүл санаа менен биринчи жолу гүл сатканга чыккан күнү элестеди.
Үйүнө кирип келе жатты. Алдынан капыл-тапыл кайын энеси чыга калды. Бир чети шашып, бир чети ыңгайсыз болгон келин, апа, бул сизге дей салды. Көптү көргөн кыраакы эне байкап калгандай болду. Эки бети тамылжып турганын көрдү. Канча жылдан бери, уулу кайтыш болгондон тарта келини келин эмес кызындай болуп калган эне бүгүн чындап аяп, чын эле келиним да бирөөнү таап алса деген ой келди…
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта