Камыт САВАЙ
ЖАШ АЯЛ
Антальяга былтыркы жылы барганда тиш импланттарын койдурайын дедим. Менин тиш доктурумдун курагы мендей эле экен. Аябай жакшы киши. Стөлүнүн четинде бир жаш, сулуу келин менен кучакташып түшкөн сүрөт турат. Башка сүрөт жок. Биз ойлодук, “аялы аябай эле жаш экен” деп. “Сүрөттөгү ким” деп сурабадык. Аялы эле болуш керек деп божомолдодук. Байбичем “аялың жаш болсо ошол да, көрбөйсүнбү доктурдун “прическасын”, кийген кийимин карачы, чачын да карага бойоп алса керек, аябай мода менен кийинет, күнүгө спорт менен да шугулданса керек кыйналып” деп мени карады. “Көрдүңбү, жаш аял алсаң ушундай азап көрөсүн, куурайсын” дегендей түшүндүм байбичемин караганын.
Бизди коштоп жүргөн аяш уулум да байбичеме кошулуп, “карасаңар, мен мындай кийинбейм, аябай модник го” деди. Мен болсо ичимден, “доктур азамат экен, ушундай жаш келинге үйлөнүп алыптыр” деп, “ичим күйгөндөй болду”.
Эсимде, биздин бир досубуз да жаш аял алганда ал чачын карага дайыма бойоп, бассейнге барып сүзүп, стадиондо чуркап “куураган”.
Быйыл кайра Антальяга жарым жыл өткөндөн кийин барганда доктурум аппак кроссовка кийип, джинсы шымчан, акыркы модадагы курткачан, чачы да жаштардыкындай “прическа” менен клиникага келди. Кабинетине кирип кеткенде байбичем “доктур дагы эле жаш жигиттей го, эми жаш аялына теңелиш керек да” деди. Тиш дарылап жатканда бир аял келип калды, жашы байбичемдей эле, бирок аябай стилдүү, тизеси жыртык джинсы кийинген.
— Таанышып алгыла, бул менин аялым, десе болобу. Байбичем экөөбүз оозубуз ачылып эле карап калдык. Бир убакта байбичем, доктурдун аялы чыгып кеткенден кийин, “биз стөлүңүздөгү сүрөттөгү сиздин жаш аялыңыз деп жүрүптүрбүз, ал ким” деп сурады.
— Аа, ал менин кызым да, жакшы болот эле жаш аялым болсо, деп күлдү.
Чыккандан кийин байбичем экөөбүз жарым жыл доктурду ушактап жүргөнүбүздү эстеп күлдүк.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта