Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА
КАРА ЖАЗДЫК
Таң ата элек. Айылдын ар кайсы жеринен анча-мынча короздор кыйкырып койгону болбосо эл жапырт уйкуда. Ушул маалда эрте жаздын сай тараптан соккон муздак шамалына төшүн тосуп чоң жолдун боюнда үч караан турду. Алардын бири улам өткөн машинеге кол көтөрөт. Машинелер токтобойт. “Жерге жарык түшкөнчө айылдан узап кетишсе оң болот эле.” Ушинтип ичинен кыжаалат болгон үч караандын эң улуусу өткөн машинелерди ылгабай кол көтөрө берди. Чоң жолдо машинелер тынымсыз өтүп жатканы менен буларга бири да токтободу.
Жол боюнда этек-жеңи таңкы шамалга желбиреп, өздөрү үшүп дилдиреп турган үч ургаачынын үрүл-бүрүл караанын көп машинедегилер көрмөксөнгө салып койду. Беймаал, чоң жолдун боюнда үч ургаачынын минтип турганы не жакшылык болсун деген айрымдары көрсө да атайын эле токтогусу келбеди. Таң болсо жарып келатат. Ансайын үч караандын эң улуусу чебелектеп, адегенде жол боюнда турса, эми жол ортосуна чыга калып кол көтөрө баштады. Зуулдап келаткан машиналар ошондо да токтогон жок, аялды тегеренип өтүп кете беришти. Оромолун ээгинен алып салынган аял кайра жол четине чыгып катар коюлган үч чоң сумкенин бирине чарчагандай отура кетти. Эми кыздары машинелерге кол көтөрө башташты…
Тоо таянган айылда ургаачы ичинде ак жүздүүсү, нурдуусу, сулуусу аз. Тоонун муздак жели, керээли кечке тынымы жок талаа-ташта өткөн тиричилик убаракерчилиги кыз-келиндердин жүзүн эрте тотуктуруп, белин майыштырып, оозундагы тишин күбүп, бат эле картайтып койчу. Бирок бул айылда тоонун шамалы да, тиричиликтин оору да жүзүнө из түшүрө албаган бети айдай тунук, нурлуу, бой келбети шыңга, кашы, көзү кол менен боегондой капкара бир сулуу келин бар эле. Бу келинге көзү түшпөгөн бул чөлкөмдө эркек заты болбосо керек. Бирок келин эки тестиер кызы менен жалгыз жашачу. Канча эркек сугун арткан менен ага үйлөнүп жашаганга келгенде даай алчу эмес. Анткени анын «кара жаздык» аты бар эле. Жыйырма бешке келгенче үч курдай күйөөгө тийип, үчөөсү тең ар кандай себептер менен өлүп калган. Үч ирет кара кийип, жесир калды. Ушундан кийин эл ага эрин жей бере турган жаздыгы кара – «кара жаздык» деген жаман атты коюп койгон. Келинди өз атынан көзүнчө эле айтышпаса, аркасынан баары каражаздык дешет. Ага бирөө жарым үйлөнсө эле өлүп калчудай чочуп калышкан.
Келин чырайына жараша үйүн, короо-жайын, идиш-аягын, кийим-кече, буюм-тайымын зымпыйта таза кармап, чарбачыл, колунан бычкан-тиккен келген эптүү уз эле. Ага эч ким үйлөнгүсу келбесе да, эркектер баари бир бул аялга тартыла берчү. Айрыкча айылдагы “чоңмун” дегендер. Алар жогор жактан комиссия же коноктор келип калганда токтоосуз ушул келиндин үйүнө келишчү. Конок күткөнгө үйү таза, тамагы даамдуу, чай сунганга өзү сулуу келин, бардык тарабынан төп келет эле. Айылдын аткаминерлери керектүү тамак-ашын бу келинге көтөрүп алдын ала жетип келишчү. Келин да аларды жер каратпай, ойдогудай конокторун тосуп, ажаатын ачып берип турчу.
Келин өзү да буга көнгөн эле. Ар дайым ак дасторкону жуулуу, идиш аягы белен турчу. Кыздарын жалгыз баккан аялдын тиричилиги өп-чап. Мындай конок тосуудан бу атасыз үйбүлө бир топ карымжаланып алышчу. Анын айылдыктар бешенесине бадырайта жазып койгон «кара жаздык» деген атын сырттан келген коноктор кайдан билсин. Алардын кээлери айжамал келинге акча сунуп, белек берип, жакшы сөзүн айтып, көңүлүн да көтөрүп коюп кетишчү. Алар арасында сугун арткандар, аны көпкө чейин эсинен чыгара албагандары да болгон.