Чолпон БОСУМБАЕВА
КӨЗ
Бермет отурган жеринен жер таянып туруп баратып, токтой калды. Жүрөгү болк этип, башкача сезимге кабылгандай болду. "Кудайым ай, баягы көздөр..."
Денесин калтырак басып кетти. Дал ушул көздөр мындан отуз жыл мурун тигиле, жоодурап карачу эле...
Керемет көздөр болчу!
Ары курч, ары мээримдүү, ары сүйүү толо сезим менен карачу. Ооба, дал ушундай жүлжүгүрөөк, күлүп турган сүйкүмдүү, татына эле да...
Жо-ок... Ал көздөрдүн нуру өчүп, көөдөнүнөн тирүүлүктүн деми сокпой калганы качан...
Кайчы өткөн тагдырларында кездешпей калган күндөрүндө ушул көздөрдү көрсөм деп канча самады Бермет. Бирок, андан кийин такыр кездешпеди. Ошол боюнча жараткан бул көздөрдүн ээсин түбөлүк уйкуга бөлөгөнүн уккан эле...
Эзелки чогуу өткөн күндөрү, жаштыктын жалын жылдары тарыхтай гана сезимдин барактарында кала берди. Мээримсиз махабаттын бир жактуу кайгысында кандай гана көз жаштарды төкпөдү Бермет кыз. Далай ирет жаздыгы сууланып, далай ирет үнсүз сыздады. Жоопсуз калган сүйүүсүнө, "кош!" - деп айтууга даабай жоопсуз кеткен жигиттин жоругуна ыза болуп, чыйралды. Намыстанды. Анан эле бир күнү турмушка чыгып кете берди.
Эми ошол көз, ошол көз карашты ондогон жылдардан кийин көрүп отурат...
Атаңдын көрү ай-йе! Кайран жыйырмадагы солкулдаган кези болсо эмне? Минтип жашы элүүгө келип калганда караган жаш жигиттин курч көзү эзелки сезимин козгоп жибергенин карачы...
— Эже, эмне жерге отуруп алгансыз? Жыгылып кеткен жок белеңиз? - жаш жигит Берметтин колтугунан сүйөп тургузду.
— Жок, айланайын... Мен жөн эле эс алып отура калгам...
— Аа, эже, мен жерде отурганыңыздан ооруп жатасызбы деп кайрылгам.
— Ыракмат, айланайын!
— Мейли анда, жакшы калыңыз...
Жигит бурулуп жолун улай басып кетти..
Бермет дагы бир ирет көздөрдү көрүп калууну эңсеп, жигиттин артынан кыйкырды:
— Ай, жигит!
Жигит бурула карады.
Капырай, тулку-бою да окшош экен!
— Ии эже, эмне болду?
— Атың ким, айланайын?
— Медет, эже...
— Айланайын аман бол! Көздөрүңдүн нуру өчпөсүн! Ылайым эле көп жаша!
— Ыракмат эже!
Жоготкон жогун тапкансып, көөдөнү жашарып, жүрөгүнүн ооруганы басылып Бермет жайдары боло кадамын шилтеди.
Карегине, жүрөгүнүн толтосуна сүйкүмдүү көздөрдү батырып алып аябай бактылуу болуп бара жатты...
Ооба, бактылуу экен!
Кудайымдын ушунусуна да шүгүр...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта