Шекербек КАЛЫКОВ
МАРШРУТКА
(“Биздин замандын кишилери” түрмөгүнөн)
Белгилүү журналист Калил Жамгырчиев 50 жылдык мааракесин «Ордо» гезитинин редакциясынын жамааты жана жакын санаалаштары менен бирге белгилеген. Каалоо-тилектер айтылып, стакандар кагышып, эски достор табышып, адам тургай, шапке-папкелери кошо мас болгон.
Ошентип, белгилүү жазуучу Самсак Станалиевдин папкеси, фотокабарчы, айкөл инсан Шекербек Сартовдун шапкеси кыйшайып, бирине-бири жөлөнүп, сыртка жөнөдү. Кеч кирип, жамгыр төгүп жаткан. Мен дагы коштой чыгып, экөөнү колтуктай бастым. «Хаят» мейманканасынын күн батыш тарабында маршрутка күтүп турабыз. Шамал коштогон жамгырдын илебине теңселишет. Оң жагымдан Самсак аке:
— Шеке, 100 кетеби?.. – деди Сартовго кайрылып.
— Саке, рахмат... – деп колун төшүнө алып, жүгүнүп койду . Бир аздан кийин Самсак аке кайра:
— Шеке, 150 кетеби?.. – деди, Сартовдун жүзүнө үңүлө тиктеп.
— Саке... миң марта ыраазымын... Mас болуп калам... Мага 145ти токтотчу, үйүмө жетип алайын... – десе, Самсак аке:
— Ой, пусурманым, мен деле ошону айттым го?.. – деп атпайбы.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта