Аскер САКЫБАЕВА
АВТОБУСТАГЫ РОМАНТИКА…
Демейкидей эле жашыл автобуска тыгылышып кирип, жөөлөшүп барып орто ченге туруп калдым. Айдоочу "орто бош эле турат, жылгыла нары!" деп кыйкырып жатат, ары жакта эки аял чукчуңдаша кетишти. Адамдар баары эле негедир капалуудай, ойлуу. Суз жүздөр.
Бир жигит мага орун бошотуп калды. Чоң рюкзагымды алдыма алып, отуруп калдым. Адам деминен терезелер бууланып чыккан. Аңгыча алдыда турган жигит колун созуп буу басып турган терезеге "Hi!" деп жазды. Ошондо байкадым, терезени бир сулуу кыз карап турган экен, жазууну көрүп жылмайып жигитти карады. Жигит да кызга ушундай бир сүйкүм менен жылмайды. Ушул көрүнүшкө жүрөгүм жылып мен да жылмайдым, ичимден "азаматсың" деп алкадым. Жакшылап карасам, жигит да, кыз да абдан татынакай, 20дын тегерегинде. Түртүшкөн, бири-бирин жөөлөгөн автобус ичинен да сулуу кызды байкап, жөнөкөй бирок жагымдуу жол менен кыздын көңүлүн көтөргөн жигитке ыраазы болдум. Аңгыча жигит түшүп кетти, эки аялдамадан кийин кыз да түшүп кетти. Экөөнүн жок жерден романтика тапкан мамилесине жүрөк жылып мен да кийинки аялдамадан түшүп калдым.
... А сыртта жаан. Алтын күздүн сары жалбырактары бут алдыда шуудурайт...
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта