Максат ЖАНГАЗИЕВ
КРЕСЛО
Ал ар убак магдырап, кээде оор денесин ары-бери тегеретип отурчу креслосунда бул ирет мелтейе ойлуу отурду. Бир маалда акырын турду да, эки колу менен креслонун жөлөнгүчүн таянган абалда күбүрөнө баштады:
"Эх, сенде отурган кезимде не деген гана иштерди бүтүрбөдүм. Төбөм көктү тиреп, жер менен баспай жүрдүм. Жүргөндө дагы бутума чырмооктой чалынып жүргөн кошоматчыларды жонунан тебелеп, булут аралап жүрчү элем го, чиркин. Ошол асмандан терип алгандай саман акчаларымды ооздоруна тыгып, айкырсам да, кыйкырсам да аларга кадырым жогору болду, атаганат десең… Колум арам иштерде далай булганып, дүнүйөнү тоодой эле жыйдым. Ошону сактоонун аракетинде, андан ары көбөйтсөм деп жан-далбастап туш келген жерге башымды тыгып, мамлекетти кемирип жүрсөм да эл байкуш мени "элдин уулу, патриот, жүрөгү ак адам" деп кайра туш-туш жагымдан алкап турду..."
Ал бир убакта бош креслосун бир кызыктай тегеретип өзүнүн таап алган ыксыз, ары жок ойлоруна ырсалаңдап, бөлмөсүн жаңырта жинди болгон немече каткырып алды да бир саамга селейди. Анан арам дүйнөгө али да тойбогон табактай тасырайган бетинин ого бетер кунары кетип, чеке бырыштарын көбөйтүп, кемшеңдеп ыйламсырап кирди:
"Оо, садагаң кетейин, креслом" деди үнү каргылдана... "Алдыңа кетейин, креслом" деди кайталап... "Таалай тагым, тапкан багым" деп баласын эркелеткен атадай өпкүлөп, өңгүрөп жибергенин өзү байкабай калды. Кудайын эбак унуткан кургурга креслосу Кудайындай эле ыйык сезилип кетти окшойт, катыгүн...
"Экөөбүздүн ажырашар күнүбүз жакын калганын эстесем, заманам куурулуп, асманым жерге түшүп кеткенсийт. Баягы чогулткан кадырымды, жыйып-терген ууру мүлкүмдү четинен кошо жоготом деп жаным чыгат" деди ыраңы өчүп көзү тостоюп... Ошентти да өзү ал ойлорунан дене-бою дүркүрөп, коркуп кетти. Акшыйып эбак нуру өчкөн көзү эми чанагынан чыгып кетчүдөй болуп, күзгүгө жалт карап өзүнүн кебетесин тааныбай турду.
"Жоок, сен экөөбүздүн жолубуз дагы узак креслом, аман турсам анын амал жолун издейм. Экөөбүз дагы далай жыл жыргап-куунайбыз, шашпайлы! Болгон аракетимди жумшайм, сенден ажырабайм! Мен... Мен..." деди да, эми эле креслосун кимдир- бирөөгө алдырып жиберчүдөй ага шаша-буша отура калды. Анан ар ойдун башын чалып, көздөрүн жумуп, чалкалап саамга отурду. Өзүн артында калган май-көл, сүт көл ай-күндөрүнө жетелеп, алаксытайын деди. Жоок, куюндаган санаасы жай алчудай эмес. Тескерисинче, деми кыстыгып, көкүрөк тушу сайгылашты. Көптөн берки уйкусуз түндөрү шайын оодардыбы, же башка дагы толгон-токой себеби барбы, айтор, түмөн байлыгы менен байкалбай жүрүп жыйыла берген сансыз санаа жанын жай алдырбай турду. Жүрөк тушу кайтып сайгылашып, көздөрү караңгылап, ордунан обдулуп турмакчы болду эле, төөнүн жарты этиндей болгон денеси жер тартып, бир кадам шилтей албай полго көмкөрөсүнөн кулады. Акырын башын көтөрүүгө аракет кылды эле ага дарманы жетпеди. Жанаракта эле креслосун мыжыккан колдорунун учу гана титиреп турду. Оозун эптеп кыбыратканга жарады: "Креслом, алдыңа кетейин креслом..."
#Матисаков_мектеби
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта