Шекербек КАЛЫКОВ
ГРАНАТОМЁТ АКЫН
(“Биздин замандын кишилери” түрмөгүнөн)
Редакциянын маңдайында турам. Акын Карбалас Бакиров менен “Эркин-Тоо” гезитинин айдоочусу Ажыбек аке экөө машинага отуруп, кайдадыр шашылып кеткендей болду. Арадан жарым саат өтүп-өтпөй кайрылып келишти. Акын агам арышын кенен таштап редакцияга кирип кетти.
— А бу, барышыңардан келишиңер тез болду го... – деп Ажыбек акени сөзгө тарттым.
— Карбалас Бакиров деген гранатамёт акын экен да... – деди күлкүсү тыйылбай.
— Тынччылыкпы?.. – дейм кызыгуум артып.
— Баатыр акындын үйүнө бардык, Сооронбай Жусуевчи... – деп мурутун жанып: — Айнек бөтөлкөндөгү кефирден бирди сатып алганбыз. Баатырдын үйүндө эч ким жок окшойт, биздин алып барган кефирди балкондон эле алмак болду. “Бөтөлкөнү ыргыт сен десантсың го...” дейт Карбалас аке. “Мындай иш колумдан келбейт...” дедим. Анан эле колундагы кефирди балконду көздөй ыргытты эле, көктө калкыган бөтөлкө жерге “балч” эте түшүп, быркырады. Анан Баатырды карап, “Макул эми жакшы калыңыз...” деп жолго түшсө боло, Карбалас акын. А Баатыр болсо бизди узатып кала берди... – деди бир эсе акындарга таң калгандай.
— Жипке байлап тартып алса болмок экен... – дедим бычыраган кефирдин бөтөлкөсү көз калдыма тартылып.
— Ой, акындарыңын ошого акылы жетпейт окшойт да... – деп атпайбы мурутун бүлкүлдөп.
____________________
👉 "Кыргыз поэзиясы"
🙏 Каналга колдоо көрсөтүү
🎀 Ардак такта