Үч кызы менен сел агызып кеткен келин Орусияда иштеп, той өткөрүү үчүн Ошко келген
Ошто 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандар "Азаттыктын" кабарчысына айтып беришти.
Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар. Күйөөсү менен кенже уулу аман калып, аялды үч кызы менен сел агызып кеткен.
Анын сөөгү 15-июлда Ак-Буура дарыясынан - Өзбекстанга жакын жерден табылды. Бир күн мурун 6 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусунан, Шахрихансай деген каналдан чыккан. Анын сөөгү Ошто дүйшөмбү күнү жерге берилди.
👉 @oshliklar_kanali 👈