🌐Osh_Tv


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


📣Шаарыбыздагы акыркы окуялар
🌍 Дүйнө, искусство жана спорт жаңылыктары
📑Кызыктуу фактылар, долбоорлор
📽Окуяга жана Окуяга күбө болдуңуз беле бизге жөнөт 👀 @eldik_bloger

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Оорууну алып келет…


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🔹Казакстан парламентинин мажилисинин депутаттары ChatGPT тиркемеси коомчулукка кооптуулук жарата тургандыгын билдирди. Алардын айтымында, мектеп окуучулары окуусун жасалма интеллектке көбүрөөк байлап коюп жатышат. Бул тууралуу tengrinewskz басылмасы жазды.

Алардын айтымында жасалма интелект балдардын келечегине кооптуу.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🤩 Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын жолдошу менен алгачкы жолу эл алдына чыккан видеосу тарады. Социалдык баракчанын колдонуучулары тасманы кызуу талкууга алышып, бакыт тилешүүдө.


Оштогу Токбай-Талаа айылы суукта таза суусуз калып, бүгүн элетке өзгөчө кырдаал режими киргизилди

ӨКМдин айтымында, Кара-Суу районунда жайгашкан айылга таза суу 8 чакырым аралыктан тартылып келет. Сууктан улам түтүктөр тоңуп, эл бир нече күндөн бери суусуз калган.

Учурда ӨКМдин өрт өчүрүүчү бир автотехникасы элге таза суу жеткирип берүүдө. Айылда 4581 адам жашайт.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
🚛 Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу быйыл Бишкекте ачылган Шумкар заводу жүк ташуучу унааларды чыгара баштаганын билдирди.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Ош шаарында аялдамаларда башаламан токтоп турган таксилерге каршы рейддер өтүп жатат


Бүгүн мен сиздер менен жашоомдун эң маанилүү бөлүгү менен бөлүшүүнү чечтим. Бул көпчүлүктү кызыктырган менин жолдошум тууралуу суроолор.

Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам.

Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз❤️🤲

Менин үй-бүлөм менин бактым❤️

Aysuluu Tinibekova ©️internet


💰Бүгүн, 18-декабрга саат карата доллар, рубль жана евронун сомго карата наркы менен тааныштырабыз.

Бишкектеги коммерциялык банктарда валюталар курсу төмөндөгүдөй болууда:

- 1 доллар 86 сом 85 тыйындан сатып алынса, 87 сом 35 тыйынга чейин сатылууда;

- Рублду сатып алуу 83 тыйын болсо, сатуу да 86 тыйынга чейин болууда;

- 1 еврону сатып алуу 90 сом 58 тыйын болсо, сатуу 91 сом 58 тыйынга чейин барууда;

Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом, 1 рублдун курсу 84 тыйын, 1 евронун наркы 91 сом 26 тыйын деп көрсөтүлөт.


😬 Кыргызстанда 28-өкмөт башчы кызматтан кетти. Алардын экөөсү гана 3 жылдан көп иштеди.


🇰🇬 Үч өлкө биргелешип мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жөнүндө кино тартат

“Кыргыз фильм” киностудиясы "Бир туугандык жеңиш" аттуу көркөм фильмдин синопсисине сынак жарыялады. Анын башкы каарманы быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу. 

Фильмдин узактыгы 90 мүнөттү түзүп, долбоор Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын биргелешкен кино продукциясы болот.

Сынакка катышуу үчүн синопсистерди 2025-жылдын 30-январына чейин тапшыруу керек. Жеңүүчүнү үч өлкөнүн өкүлдөрү кирген комиссия аныктайт.

Эске салсак, мушкер Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Парижде өткөн XXXIII жайкы Олимпиадага баруу үчүн аккредитациядан өтпөй калган. Мындан улам ага өзбекстандык Акмаль Хасанов секундант болгон. Натыйжада кыргыз спортчусу финалга чейин жетип, күмүш медалга татыган.  


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
❗️Бишкекте КамАЗ коляска менен жолдон өтүп бараткан аялды өлтүрө сүздү

Милициянын Кайгуул кызматы кырсык бүгүн Шабдан баатыр көчөсүндө кечке маал болгонун кабарлады.

Анда оор жүк ташуучу автоунаанын 62 жаштагы айдоочусу жөө адамдар өтчү чийинден коляска түртүп өтүп бараткан 29 жаштагы келинди сүзгөн. Аял кырсык болгон жерде мүрт кетип, коляскадагы баласы ооруканага жаткырылган.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
❗️2025-жылдан тарта “Ала-Арча” жаратылыш паркына жеке автоунааларды киргизүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, келерки жылы 2 миң орундук унаа токтотуучу жай курулмакчы. Мындан тышкары, экологиялык мейманканалар, жаңы эс алуу үйлөрү дагы салынат. Эң кызыгы – туристтерди тоого чыгарчу асма жол курулары айтылды.

Туманбаев быйыл киргизилген санарип системасынан улам “Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси 4 эсе көбөйүп, 230 млн сомду түзгөнүн кошумчалады.


Автоунаа токтотуучу жайлардын таңсыктыгы боюнча маселесин чечүү максатында Мамкурулуш төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды:

▪️Өлкөдө сентябрдан тарта беш кабаттуу үйлөргө 1-1 механизми киргизилди. Тагыраагы, эми бир батирге бир автоунаа токтотуучу жай болушу керек. Беш кабаттан бийик үйлөр жер төлөсүнө автокөлүк токтотуучу жай курууга милдеттендирилди

▪️Мындан ары жер төлөсүндө атайын автоунаа токтотуучу жайы жок болсо, курулушка жол берилбейт

▪️Турак жай курууда жаңы технологияларды колдонууга уруксат берилди. Мисалы, сүрөттөгүдөй атайын унаа-лифттерди колдонсо болот


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Бишкекте башкы балатынын оту жанды

Быйыл балатыны кооздоого көп каражат корогон эмес. Оюнчуктардын 70 пайызы былтыркыдан калган. Мэрия "Ала-Тоо" аянтын кооздоого 1,5 миллион сом сарптады.


Жакында курула турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун картасын “Атбашы” эл аралык соода-логистикалык борбордо көрсөтүштү

Курулуш иштери декабрдын аягында башталары күтүлүүдө.

Картадан логистикалык борбордун өзүн жана Барскоон — Учтурфан — Аксу автожолунун маршуртун көрүүгө болот.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
📌УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып, күнөөсүз адамды атайлап каматкандар жазаланарын айтты. Бул тууралуу пикирин ал кечээ, 13-декабрда Баткендин Кулунду айылындагы УКМКнын аймактык бөлүмүн ачуу аземинде билдирген.


🇰🇬☑️ Биздин пияз менен сарымсакты сүйүп жеген өлкөлөр

Кыргызстан тогуз айда 975 млн сомго пияз менен сарымсак экспорттоду. Бул былтыркыга караганда бир жарым эсеге көп.

Жашылчаны эң көп сатып алган мамлекеттердин ичинен үчүнчү орунга Казакстан жайгашты, ал жакка жалпы экспорттун 7%ы туура келет.

Экинчи орунда — Өзбекстан (12%).

Үчүнчү сапта ЕАЭБге мүчө дагы бир мамлекет — Россия. Өлкөдөн пияз менен сарымсактын 72%ы жөнөтүлөт.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Кызы ата-энелердин кулагына күмүш сырга🫶

Чоң энемдин видеодо айткан наасатынын жакшылыгын гана көрдүм…

Азыр кандай жашоом, сөз эркиндигим бар болсо, баары энемдин айтканынан чыкпай талбай билим алып, эмгек кылганымдын пайдасы🫶


ОСАГО страховка жасап беребиз
Бардык турдогу авто унааларга
+996700593423
Иностранный номерлерге дагы

Ватсап же телеграмдан жазгыла !!!!

Башка бардык турдогу страховкалар боюнча кайрылсанар болот!!!

Страховой агент катары иштеп кирешеге чыгам дегендер АГЕНТдеп жазып калтыргыла


Кыргызстанда 15-17-декабрда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт

▪️Чүй облусунда — түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9°

▪️Таласта — түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8°

▪️Ош, жалал-Абад, Баткен — түнкүсүн -10…-15°, күндүз 0…-5°

▪️Ысык-Көлдө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°

▪️Нарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°

▪️Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -13…-18°

Показано 20 последних публикаций.