Туура 2 жыл мурун ушул күнү, 19-ноябрда ата-энемди аэропорттон умра сапарына жөнөтүп жатып, экөөнү сүрөткө тартып алган экем. Ушул боюнча атам сапардан кайтпай калды. 😥 Убакыт өтө берет тура. Ошондон бери жакын адамдарды алыска узатканда "акыркы жолугушуу болбосо экен" деген коркуу сезим бир келип кетет.
Атамдын сүрөттөрүн, видеолорун көп көрө албайм. Негедир ыңгайсыздана берем. Кээде бир көз жүгүртүп, токтоно албай көз жашымды төгүп алам. "Убакыт - дары" дейт. Бирок, тескерисинче, убакыт өткөн сайын сагыныч күчөп, бошогон боштук ого бетер чоңоюп келет...
Атаң-апаң тирүүбү? "Ооба" дегендер чынында бактылуу! Анткени атаң-апаң менен кошо дуба эшиги да кошо жабылат дейт динибизде...