⚡️‼️Камчыбек Ташиев кемпир-абадчылар менен жолукту
Бүгүн, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кемпир-абадчылар менен жолукту. Бул тууралуу активист Илгиз Шаменов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Шаменов билдирүүсүндө Камчыбек Ташиев аларды жылуу маанайда тосуп алганын жана жолугушуу УКМКнын конок үйүндө болгонун айтты.
«Кемпир-Абад боюнча Камчыбек Кыдыршаевич жеке өзү баарын көрсөтүп, дыкаат түшүндүрүп берди. Карталардын баарын жайып ачык көрсөттү, ар тараптуу талкуу болду, жеке мен ынандым. Себеби мен көргөн документтердин негизинде, биздин картабыз мурда 199 миң квадрат болсо, азыр 200 миң квадрат метр болгонун картадан өз көзүм менен көрдүм. Эми калганына тарых баа берет деп ойлойм, жылуу маанайда бизди кабыл алып, түшүндүрүп, сөз берип оюбузду укканы үчүн Камчыбек Кыдыршаевичке терең ыраазычылык билдирем. Дагы кандайдыр бир маселелер болсо келгиле, эшигим дайыма ачык деген сөзүн айтты»,- деп жазды активист.