ПолитКлиника медиа


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Новости и СМИ


ПолитКлиника - такталган гана маалыматтар!

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


‼️Бишкектин көчөсүндө жаран аялына 20 жолу бычак сайган

Бүгүн, 17-декабрда, Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде 33 жаштагы жаран өз жубайына 20 жолу бычак сайып, өлтүрдү. Бул тууралуу Kaktus.media Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) шилтеме берип, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, саат 11:44 чамасында Жибек Жолу көчөсүндө белгисиз адам аялды бычактап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге жеткен Свердлов РИИБдин кызматкерлери аталган жаранды кылмыш учурунда кармашкан.

Тергөөдө белгилүү болгондой, маркум менен күйөөсүнүн ортосунда кайым айтышуу чыккан. Мындан улам 1991-жылы туулган Э.О. 1991-жылы туулган аялы Ж.Ага бычак сайган. Алган жаракаттарынан улам аял окуя болгон жерден каза болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалыматы боюнча, маркумга 20 жолу бычак сайылган.

Учурда Свердлов РИИБи тарабынан «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кылмыштын башка жагдайлары тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилерин билдирди.


Мурдагы премьер-министр Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча суроого Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда, басма сөз жыйынында жооп берди.

Камчыбек Ташиев мындай деген жооп узатты:

-Акылбек Үсөнбековичтин жумушу боюнча эки ооз сөз айтып коеюн. Себеби мен ал киши менен үч жылдан ашык чогуу иштедим. Ал кишинин тажрыйбасы мол, экономика боюнча өтө билимдүү жигиттерден, мамлекетибизге көптөгөн жакшы жумуштарды аткарып кетти. Ал эми ал кишинин жумуштан кетиши боюнча, президент гана чечим кабыл алат, президент кабыл алган чечимдерди биз талкуулабайбыз,

-деди Ташиев.

Журналисттин бул иш салык кызматындагы коррупциялык ишке байланыштуубу деп тактаганда, Камчыбек Ташиев мындай деп жооп берди:

«Бир нерсеге байланыштуу болгону үчүн кетти да, жөн кетпеди да. Айтып жатпаймынбы, ал президенттин кабыл алган чечими, биз аны талкуулабайбыз».


⚡️‼️Тергөө абагында жаткан KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун өзүнө экинчи ирет кол салганы айтылды

Аны 4-шаардык ооруканага алып кетишти. Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков буларды айтты:

— Мен дагы СИЗОнун кызматкерлеринен уктум, ичин кескен дегенин. Өзү менен баарлаша алган жокмун. Угаар замат өзү менен сүйлөшөйүн десем, “Тез жардам” менен алып чыгып жатышыптыр. Учурушып, ахвалын сураганда, жооп бере алган жок. Болгону “Тез жардам” машинасы менен СИЗОдон алып чыгып, ооруканага алып кетишти, ичин тиктиргени. Башка кошумча маалыматым жок. Мен дагы толугураак маалымат алыш үчүн апасына, бир туугандарына айттым, алар ооруканага бара жатыптыр, жанында болушуңуздар керек деп. Коопсуздугун карап коюшуңуздар керек деп,

-деп билдирди адвокаты.


⚡️‼️Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин Адылбек Касымалиев аткарат

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациянын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Адылбек Касымалиев буга чейин вице-премьер-министр, финансы министри, вице-премьер-министр болуп келген.


⚡️‼️Акылбек Жапаров кызматтан бошотулду

Акылбек Жапаров өз каалоосу менен арыз жазганы жана президенттик аппарат, өкмөттүн аппараты менен коштошкону айтылды.

2021-жылы 12-октябрда Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Бүгүнкү Министрлер кабинетинин жыйынын Бакыт Төрөбаев алып барды.


#ТүзЭфир: Райондук сотто активист Жоомарт Карабаевдин иши каралууда👇

https://www.facebook.com/share/v/1GMWD2jz1e/?mibextid=WC7FNe


Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү эмес экендигин, мындан улам өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирди.

Масалиевдин айтымында, 3 жыл мурун өкмөт тарабынан айтылган убадалар аткарылган эмес.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул сындарды четке кагып, өкмөт айткан нерселерин ашыгы менен аткарып атканын билдирди.

Видеосу биздин Instagram баракчада👇

https://www.instagram.com/reel/DDbzkJdo5kl/?igsh=Ym9heTdiOTA3MWM3


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚡️‼️УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясынын лидери, камакта жаткан Темирлан Султанбеков тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында үн катты


📹 Бала бакчада көз жумган наристенин окуясы: жакындары, тарбиячылар эмне дейт?

https://youtu.be/kqjzFiIzNuA?si=PSpZxKdA2lWBuILT


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
#ТЕТаТЕТ Балбак Түлөбаев азыркы бийлик, камакка алынган адвокат, жаңы гимн тууралуу маек курду

Маекти толугу менен биздин YouTube-каналыбыздан көрө аласыз👇

https://youtu.be/scubu9T2Gdg?si=zP4SeGPDPmTdiQK8


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚡️‼️"Ыйман Нуру" партиясы келерки шайлоого катыша албайт

Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Азамат Юсупов «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам кабыл алынса, динге тиешелүү аты бар саясий партиялар шайлоого катыша албай турганын билдирди.

Анда депутат Бакытбек Марипов жаңы мыйзамга ылайык, «Ыйман Нуру» партиясы келерки шайлоолорго катыша алабы деген суроону узатты.


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚡️‼️Депутат Бакытбек Марипов мектеп программасына араб тилин киргизүүнү сунуштады

Анын айтымында көптөгөн жарандарыбыз Араб өлкөлөрүнө окуганы, иштегени барып жатышат.

Эл өкүлүнүн бул сунушу боюнча оюңуз кандай? Комментарий калтырыңыз👇


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚡️‼️Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова өлкөдөгү имамдар убактылуу нике кыйып жаткандыгын сындап, аны легалдуу сойкулук катары баалады.

Ал эми Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев мындай көрүнүш шариятта жок экендигин айтып, ага ураксат берилбей турганын билдирди.


10-декабрь: Чүй жана Ысык-Көл облустарында кар жаашы күтүлөт  

10-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;

Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -11…-13°, күндүз -4…-6° суук болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан


⚡️‼️Сот Райымбек Матраимовду жазадан бошотту

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 100 миң айып салуу менен, жаза өтөөдөн бошотту.

Райымбек Матраимов кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып пул төлөп, бошонуп чыкты.

Райымбек Матраимовдун өзү да күнөөсүн мойнуна алды.


⚡️‼️Сокулукта балдар бакчасында беш жашар кыз чарчап калган

Чүй облусунун Сокулук районундагы “Алтын балалык” балдар бакчасында беш жашар кыз чарчап калган. Анын апасы Инстаграм социалдык тармагында билдиргенине караганда, кайгылуу окуя 22-октябрда болгон.

Маалыматта айтылгандай, балдар бакчасына кеткенде кызынын ден соолугу жакшы болчу. 27-ноябрдагы анализдин жыйынтыгында өлүмдүн себеби кусундуга какап калганынан улам болгону көрсөтүлгөн. Кыздын каракуш мээ жагына анча чоң эмес кан куюлганы белгиленген.

“Экспертизада кызынын эмне себептен кусканы да көрсөтүлгөн эмес. Гистологиянын жыйынтыгын күтүп, ишти токтотуп коюшкан” деп кыздын апасы жазган.

Балдар бакчасынын тарбиячысы кыз уктаганга чейин чыйрыгып, кийимчен эле жатканын жана уктагандан кийин эс-учун жоготкон абалда болгонун, “Тез жардам” чакырышканын айткан.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 22-октябрда саат 17:23тө аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда 2019-жылы туулган А.А. ооруканага алынып келингенин жана тирүүлүктүн белгиси жок экенин билдирген.

Бул иш боюнча Сокулук районунда “шалаакылык” беренесинин белгилери боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.


⚡️‼️Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов дагы үйлөндү

Бул тууралуу социалдык тармактарга видеосу тарады.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча эки жолку Дүйнө чемпиону. Олимпиаданын күмүш жана коло медалдарынын ээси.


⚡️‼️БулЖумада: кыргыз-тажик чек арасы такталды, Ташов өзүнө кол салды , кызын сабаган адам кармалды

Ушул жана башка жаңылыктарды шилтеме аркылуу өтүп, жума жыйынтыгынан көрүңүз👇

https://youtu.be/3IDJ2yPMlDs?si=Yp2o-63mpEMGR4_m


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
⚡️‼️Балбан Айсулуу Тыныбекова тумушка чыгып жатканын билдирди

“Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана алып, аракет кылган адамдан таптым”,

-деп жазып, өзүнүн социалдык тармагына видео жүктөгөн.

Биздин instagram баракчага катталыңыз
@politklinika.kg


⚡️‼️Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экендиги айтылды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Текшерүүдөн кийин дарыгерлер жараат үстүртөн экенин, кан тамырлар жабыркабаганын жана олуттуу кан жоготуусуз экенин аныкташкан. Оорулууга керектүү жардам көрсөтүлдү, анын ичинде жараатты алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлдү. Канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,

- деп айтылат маалыматта.

Показано 20 последних публикаций.