⚡️‼️Сот «Женго» аттуу Кадыр Досоновду 20 жылга абакка кести
29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновду 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарына шилтеме берип, жазып чыкты.
Кадыр Досоновго «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Кылмыштуу уюмду уюштуруу» беренелери боюнча айып тагылган.
Эске салсак, 2023-жылдын 13-январында Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү кармалганы белгилүү болгон.