⚡️‼️Сокулукта балдар бакчасында беш жашар кыз чарчап калган
Чүй облусунун Сокулук районундагы “Алтын балалык” балдар бакчасында беш жашар кыз чарчап калган. Анын апасы Инстаграм социалдык тармагында билдиргенине караганда, кайгылуу окуя 22-октябрда болгон.
Маалыматта айтылгандай, балдар бакчасына кеткенде кызынын ден соолугу жакшы болчу. 27-ноябрдагы анализдин жыйынтыгында өлүмдүн себеби кусундуга какап калганынан улам болгону көрсөтүлгөн. Кыздын каракуш мээ жагына анча чоң эмес кан куюлганы белгиленген.
“Экспертизада кызынын эмне себептен кусканы да көрсөтүлгөн эмес. Гистологиянын жыйынтыгын күтүп, ишти токтотуп коюшкан” деп кыздын апасы жазган.
Балдар бакчасынын тарбиячысы кыз уктаганга чейин чыйрыгып, кийимчен эле жатканын жана уктагандан кийин эс-учун жоготкон абалда болгонун, “Тез жардам” чакырышканын айткан.
Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 22-октябрда саат 17:23тө аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда 2019-жылы туулган А.А. ооруканага алынып келингенин жана тирүүлүктүн белгиси жок экенин билдирген.
Бул иш боюнча Сокулук районунда “шалаакылык” беренесинин белгилери боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.