❗️Камчыбек Ташиев абхаз, армения номерлүү унаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салууга тапшырма берди
Ал бул маселе боюнча бүгүн тиешелүү органдар менен жыйын өткөргөнүн маалымдады.
Жыйынтыгында ИИМге, УКМКга жана Бажы кызматына “бир дагы мыйзамсыз алып келинген унаа көчөлөрдө жүрбөшү керек” деген тапшырма берген.
ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей унаа бар.
“Мунун баары өлкөгө мыйзамсыз кирген. Тетик деп алып келинип, машина куралган. Алардын 90%ынын документи жок. Кайдан, кимден алып келди дайынсыз. Легалдаштырабыз деп тескерисинче криминалдаштырып албайлы”, — деди УКМК төрагасы.
Ташиев мындай унаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты:
▪️1-этапта — документи барлар каралат
▪️2-этапта — техникалык абалы жакшыларды комиссия менен карап чыгат. 3-этап кандай өтөрү айтылган жок.
“Мыйзамдаштырбай тургандары да бар, аларды тооккана кылышат же алып чыгып кетишет. Болбой турган, талкаланган унааларды мыйзамдаштыра албайбыз”, — деди Ташиев.
Ал ошондой эле оң рулдуу унаалардын ээлерине митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды.
“15 миң унаанын ээлери вацаптан бири-бирине чогулалы, митинг кылалы деп жатышат. Не думайте даже! Ойлонбогула. Өзүңөр биринчи мыйзамсыз унааларды алып келдиңер, эми мамлекттин мыйзамын бузам дебегиле”, — деди ал.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG