✅ Арапа күнүнүн артыкчылыгы
🔹Арапа күнүнүн орозосу:
Пайгамбар (ﷺ) мындай деп айткан: «Арапа күнүнүн орозосу өткөн жылдын жана кийинки жылдын күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм».
📙 Муслим, (1162), Абу Катада аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) аркылуу келген.
🔹Арапа күнүндөгү дуба:
Пайгамбар (ﷺ) мындай деп айткан: «Эң жакшы дуба - Арапа күнүндөгү дуба. Мен жана менден мурунку пайгамбарлар айткан эң жакшы сөз: «Лаа илааха илла-Ллаху вахдаху лаа шарика лах, лаху аль-мулку ва лаху аль-хамду ва хува 'алаа кулли шайн кадир» (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок, мүлктөрдүн баары Ага тиешелүү, мактоолор Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү).
📙 Тирмизи, (3585), бул хадис "Хасан" хадис деп бааланган.
🔹Арапа күнүндө Аллахтан муктаждыктарды тиленүү:
Ал-Авзаи (Аллах аны ырайым кылсын) айткан: «Мен адамдарды өз муктаждыктарын Арапа күнүнө сактап, Аллахтан ошол күнү сурап жатканын көрдүм».
Ибн Абдул-Барр (Аллах аны ырайым кылсын) айткан: «Арапа күнүндөгү дуба көбүнесе кабыл болот».
📙 [Ат-Тамхид (6/41)]
Бир туугандар, Арапа күнү эртең 15-июн күнүнө туура келет. Андыктан, бүгүн саарлыкка туруп, орозону ниеттенип, ооз бекитүү керек.
----------------------------
Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1306