🌸 Биз чындыгында Аллахка таандыкпыз жана Аллахка кайтабыз 🌸
Фудайл бин Ияд (Аллах аны ырайымына алсын) бир кишиден сурады: "Канча жаштасың?"
Ал киши: "Алтымыш жаштамын" деп жооп берди.
Фудайл айтты: "Сен алтымыш жылдан бери Раббиңе карай бара жатасың, эми Ага жетүүгө жакындап калдың".
Ошондо ал киши: "Биз чындыгында Аллахка таандыкпыз жана Аллахка кайтабыз" (Инна лиллахи ва инна илайхи ражиъун إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّـا إِلَيْهِ رَاجِعونَ) деп айтты.
Фудайл андан: "Анын маанисин билесиңби?" деп сурады да, ага мындай деп айтты
"Сен: "Мен Аллахка таандыкмын, Ага кайтып барам' деп жатасың. Демек, ким Аллахка таандык экенин жана Ага кайтарын билсе, ал адам Алланын алдында турарын билиши керек.
Ким Алланын алдында турарын билсе, демек ал сурак берерин билсин. Ким сурак берерин билсе, анда ал ошол суроого жооп даярдашы керек".
Ошондо ал киши сурады: "Эми кандай кылам?"
Фудайл айтты: "Бул оңой."
Ал киши сурады: "Кантип?"
Фудайл айтты: "Калган өмүрүңдү жакшы иштер менен өткөрсөң, өткөн күнөөлөрүң кечирилет. А эгер калган өмүрүңдү да жаман иштер менен өткөрсөң, анда сен өткөн күнөөлөрүң жана калган өмүрүң үчүн жооп бересиң".
📚 Ибн Ражаб, "Жами' 'Улум вал Хикам".
✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу
Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1333