окшойт.Атам айтчуу эле:"Көп кишинин ырыскысы көп болот.Эалгыз кишинин ырыскысы жалгыз болот.Ошол жалгыз кишинин жан сактай албаганы кыйын"-деп. Эми ойлосом атам бул сөздү олуядай туура айтыптыр .Иына менда азыр жалгыз жанымды коерго жер таппай калдым.
Тишимдин кирин соруп,эрте туруп,кеч жатып иштемиш болуп жүрүп,"шабашкадан" түшкөн акчамды бүгүн сага добстребования менен борбордук почтага которуп жибердим.Менин өикөн-кеткен күнөөмдү кечирип алдырып ийген буюмдарынды кайра алып ал...
Кээде силер жака барып сенин караанынды көрүш үчүн,айланчыктап жүрүп кайра кетип жүргөнүмдү сезбестирсиң. Өгүнчөрөөк бир дем алышта тапкан табылгамды жаныма салып алып дагы бардым.Кокус оңой берди болуп көрүшүп калсак,акчаны өз кодңлум менен берсемби деп ойлогон болчумун.А үйүңө болсо даап кире албадым.Силердин микро район айрыкча бак шактуу эмеспи.Ортогу ачык аянттагы алма багынын бирине жөлөнүп ,силердин үй жакты карап турсам,бир кезде ага жеңең болуп подъезден чыша келдиңер.Сен ак көйнөк кийип,чачыңды эки өрүп артыңа бош таштап коюптурсуң. Бутуңа көйнөгүңө жарашак ак басаношка боюңа бой кошкондой жарашып калыптыр.Өзүңдү бакырайып карап туруп эле ,кайсыл тарапка бурулуп кеткениңди билбей,адашып калсам болобу.Артыңдан чуркагым келди."Жай- на-гү-ү-үүл! "-деп үнүмдүн бардыгынча жер-сууну бцзуп бакыргым келдңип,делебем козолуп барып токтодум.
Менин сага өзүм жөнүндө айтып,мактана турган эч нерсем жок.Мындан аркы максатым бирөө гана.Ал болсо атам менен энемдин маңдайында барып ,алардын айткандарын айткандай аткарып ,акылын угуп адамча жашоо.Дегинкисин айтканда ,Аккыз эженин өлүмү мен үчүн өмүр ьою эсимден кеткис трагедия болду.Уйкудагы уятсыз сезимимди ойготуп,көзүмдү ачты.Кээде уялганымдан уу ичип өлүп кетким келет.Мен кетирген кемчилигимди ,жасаган күнөөмдү адамдык сапатым,ак эмгегим менен өтөп ,өзүңө берүүгө татыктуу болгон бактылуу мезгилди эңсейм.Ооба Жакин ,мен сени менен эми жакшы күн ,жакшы жолдо кезүүгүгө тийишмин.Ага жетүүгө канча күн зврп болоору мага али белгисиз...
Жайнагүл катты эки-үч сыйра окуп чыкты.
Өзүнөн өзү каңырыгы түтөп ,өзүнөн өзү ыйлагысы келип турду."Байкуш Толкунбек! "-деди жүрөгү каарылып .-Ойдо жок жерден,онтобой ооруга жолуккан неме тура .Бечера аялдын ажалдан мурда өлгөнүн көр.
Кыз Толкунбектин канча акча жибергенин билген да жок.Бирок билбесе да шакек менен саатка жетээрин түшүндү.Почтага азыр барсам алат экенмин деп ойлоду,каттын жазылганына эки-үч күн болгонун көрүп.
Ошол күнү Жайнагүл Толкунбектин жиберген акчасына "Заря" маркасындагы кол саат менен колуна жарашыктуу ,татынакай алтын шакек сатып алды.Жолдо келатып оюна күтүлбөгөн жерден бир нерсе түштү.
Көптөн бери жүрөгүнүн теренине сакталып ,эч кимге айтпай жашырып сакталып келаткан сырын жеңесине айткысы ,Толкунбектин катын окуткусу келип,өзүнөн өзү делөөрүп келатты.
ӨЗ кубанычын өзгөдөн жашыра албай ,толкунданып турганын кайын сиңдисин Гүлайым дароо баамдады.Ал жеңесин көрө сала мойнуна асылып ,чекесинен өөп алды.
-Жеңе!Сен мен жөнүндө бирдеме билесиңби?-деди кыз көздөрүн ойноктотуп жадырап-жайнап.
-Жок,эч нерсе билбейм,садагасы, -деп кыздын карегине кареги кадала түштү.
-Момунсун ээ,-деди колундагы алдырган саат,шакегин ушул күнгө чейин байкабаганын туюк айтып.
-Ии,эмне болду?
-Кат окуйсунбу?
-Берсең окуйм.
Ошол замат столдун үстүндө турган дипломатын ачып,андан беш-алты баракка толо жазылган катты алып,Гүлайымга сунду.
Мени сынай тиктебей эле,окуй бер,-деди.Өз бөлмөсүнө кирип баратып бурулуп карап.Жайнагүл чыкканда Гүлайым каттын теңинен ооп калган.Кыздын көзүнө жеңесинин куту учкан кейпи дароо чалдыкты.Анан жанына келген кайын сиңдисине таңгалычтуу ,алая карады.
-Э,кокуй сен качан хулигандарга тонотуп жүрөсүң?Кудай колдоп ,талпагыңды ташка жайып кетпеген экен да.Бул окуя качан болду эле?Эмнеге бизге айтападың?Кантип гана ичиңе батты экен?
-Катты окуп аягына чыктыңбы?