Сыр сандык 🔐


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Познавательное


Кызыктуу окуялар жана аңгемелер 📝
Админ: @zolotoi_kg 👤

Связанные каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Акыркы күндөрү өзүнүн деле жылдызы түшүп, үйдөн качып жолобой калган. Же биз тура электе таң атпай кетет, же баарыбыз уктаганда түн жарымында жылып кирип жатып алат. Ачка келгенине деле кайыл, аарынын уюгундай ызылдаган үйдөн тынчыраак бир бурч тапканына каниет кылгандай.
*
Бул жолу да сыртка чыга качкан күйөөмдүн артынан издеп жөнөдүм. Короону айландыра карап, эс алганда келип жатар деген ой менен бөлмөмө бет алдым. Эртең менен таң аппак атыптыр, күйөөм ордунда жок. Дагы эрте турган экен деп маани бербей жумушка камына баштадым. Сыртка жаңы чыга бергенде кайнатамдын ачуу кыйкырыгы угулду. Кантип жетип барганымды билбейм, уй короодо күйөөмдүн асылып турган денесин кучактап өкүрүп ыйлап туруптур... Андан аркы окуялар коркунучтуу кинонун лентасындай көз алдыман чууруп өтүп атты. Кошуналардын чогулганы, кайненемдин башын муштап ыйлаганы, күйөөмдүн суналган денесин боз үйгө киргизгени, балдарымдын эси чыгып мени кучактап ыйлагандарын нес абалда гана карап турдум.
Качан гана төркүнүм келип үстүмдөгүлөрдү чечип, башыман ылдый кара түндөй болгон оор кийимди кийгизгенде ойгонгондой болдум. Ошентип отуздан ашканда кара кийип жесир аталып, бир бурчта бүрүшүп отурдум. Дагы да тилин тартпаган кайненем элди көзгө илбей ушунун баарына мени күнөөлөп каргап-шилеп атты. Ботодой боздоп күйөөмдү акыркы сапарга узаткандан кийин мени төркүнүм алып кетмек болду. Ашы тургай кыркылыгына чейин экөөбүз бир үйгө батпасыбызды түшүнгөн соң калганымды эч ким туура көргөн жок. Ошентип экөөбүздүн арзыбаган нерсе үчүн тирешибиз эң жакын адамыбыздын өлүмүнө алып келди.


#ЖАҢЫЛЫШ ЖАШОО...

Бекжан менен жогорку окуу жайга жаңы тапшырганда таанышкам. Экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан баш кошууну чечкенбиз. Ата-энелерибиз жолугуп тойдун күнү белгиленмек. Бирок жолугушат деген күнү жигитим апасы ооруп атканын, келе албасын айтты. Атасы, эжеси, карындашы келди. Кайненем менен тоюбузда бет келиштим. Кубанычтын эпкини менен сустайган жүзүнө, чытыган кабагына деле маани берген эмесмин. Кайын-журтумдун босогосун аттаган күндөн тартып экөөбүздүн ортобузду кара мышык аралады. Башында кайненемдин оту менен кирип, күлү менен чыгып ийиктей имерилип аттым. Бирок кар жааган кабагы ачылбай түнөргөнү токтогон жок. Кылган ишимен кыйкым табат:
- Ай келин, түш оогондо турганың аз келгенсип, кылган ишиңдин баары чала! Бир ишти бүтө элек жатып экинчисин баштайсың, ташта аны, тур чай кой! –деп баш аламан жумшап, керээлди кечке эрмеги мен болдум. Кудум мышык чычканды эрмектеп, тажаганда чала жан кылып коё берип койгондой. Кечинде үйдөгүлөр чогулганда билмексен болуп бөлмөсүнө кирип кетет. Кантсе да аял, эне эмеспи, көңүлүн таап жибитип алам деген аракетим суу кечкен жок. Мен канчалык жумшак, ийкемдүү болгон сайын каарын төгүп, кабагын ачпай атты. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй караган кайненемдин мени эмне себептен жек көрөөрүн кийин уктум.
***
Менин тек-жайымды, карапайым, колу жука айылдык кыз экенимди укканда таанышуудан да баш тартып келбегенин себеби ошол болуптур. Мындай жагымсыз жаңылыкты айтып беришкенде кийимдеримди чогултуп, бул үйгө түнөбөй басып кетким келди. Бирок күйөөмдү кыйбадым.
Көп өтпөй кош бойлуу болдум, үйдөгү болгон түйшүктү жонума үйгөн кайненем анда да аяп койгон жок. Уу тили менен кууруп, көңүл сыртынан мамиле жасап кыйнап жиберди. Дегеле табиятынан тажаал, эч кимге баш бербеген өзүн-өзү билген аялдардан болчу. Кайнатамдын, күйөөмдүн арача түшкөнүнө ого бетер от алып эртеси алар жумушка кеткенде жанымды жай алдырбай үйдөгү болгон оокатка салар эле.
- Бекжан, мен үчүн апам менен айтышпай эле койчу, өзүм тилин таап алам,- дейм эртеси тарта турган азаптарымды алдын ала билип. Муну күйөөм жакшылыкка жоруп, менин акылдуу экенимди айтып мактап, санаасы тынып калат.
Адам жумшагын адам жейт деген сөз чын экен. Мен канчалык ийкемдүү болгон сайын анымды коркоктук катары кабыл алган кайненем менен өзүмдү коргоо үчүн айтышып, тилим чыгып баратты. Келин болуп келгениме жети жылдан ашып, үч баланы удаа төрөп берсем да жакпадым. Же карыган сайын кайратынан тайбай, уу тили тартылчу түрү жок.
Мурда күйөөм менен кайнатам жокто урушсак, эми бетибиз ачылып, экөө ортобузга арачы түшчү болду. Эзели оозуна ачкыл албаган күйөөм кээде ичип келет. Андайда үйгө көпкө кирбей бактын ичинде ой басып отурганы отурган. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле да солгундап урушубуз көбөйүп, жаза-буза чапканды адатка айландырды. Андайда кайненем мени өзү сабагандай колунун кычуусу канып, көңүлү көтөрүлүп калат.
Кудай акы, колуман келишинче жакшы жубай, келин болуп ушул үйгө сиңип кеткенге аракет кылдым. Менин аракетимди жагалдануу, жасакерленүү, эки жүздүүлүк катары баалаган кайненем көңүлүмдү оорутканын койбоду. Бөлүнүп өз алдынча тиричилик кылалы деген сунушума күйөөм так секирип көнгөн жок. “Эл эмне дейт? Жалгыз баласы ата-энесин таштап, катынын ээрчип кетиптир деп сөз кылсынбы?” деп болбойт. Балдарды алып кетем дегениме жалынып-жалбарып, сүйөрүн, биз жок жашоосу болбосун айтып жалдырайт.
*
Ал кезде кыздарымдын улуусу мектепке, кенже уулум бала бакчага барып калган. Өзүм кесибим боюнча айыл өкмөттө иштеп калдым. Жумушка байланыштуу кээде кеч келем, караңгыда жалгыз кетпесин деп унаасы бар кесиптештерим үйгө чейин жеткирип коюшат. Муну өз пайдасына бурган кайненем күйөөм жумуштан келери менен уруштун сөзүн баштайт: “Катының бүгүн да кеч келди, өзү келбей дагы бир эркек жеткирип келди. Үйдүн түйшүгүн мага өткөрүп берип, минтип карыганда келин болуп отурам” деп көнгөн обонун созуп баштайт. Ушунча жылдан бери экөөбүздүн ортобузда чайналып бүткөн Бекжан столду тарс эттире бир коюп сыртка чыга жөнөдү.


#Акча

Автобекет. Жайнаган көздөр. Бирок, мен гана көрүп атпаймынбы. Ылаачындай илип кеттим го. Ажатканага кирип ичин ачсам, 15 000 доллар бар экен. Беш жолу кайра санадым. Кан басымым көтөрүлүп, муунум бошой баштады. Колдорум калчылдап, нымшыган тер басты. Чынында мактана турган иш эмес бу. А мен мактанбай жүрө албайм. «Ушу жагымы тыйышым керек» деп атам ичимен.
Сыртка чыксам, жерде жаткан капчыкты көрбөгөн жайнаган көздөрдүн баары мени эле тиктеп тургансыйт. Көзүмдү ала качам. Эң башкысы муну аялыма айтпашым керек. Молдонун кызы, «акчаны ордуна апарып кой...» деши бештен белгилүү. «Мен болбосом, башкасы таап алмак да...» деген ой келди. Кантип ордуна апарып коём? 15 000 доллар оңойбу. «Белин бекчейтип, көзүн чекчейтип тапкан бир байкуштун акчасы го» деген ой кылт этти. «Тыңыраак болбойбу... Мынча акчаны байкуш киши капчыгына катып жүрмөк беле...» дейм оюмду жеңип. Ойлорум экиге бөлүнүп бири менен бири тирешүүдө.
Автобекеттен окчунураак барып, көз салып отурдум. Бирөө-жарым элеңдеп акчасын издеп калабы дейм да. Балким, ыйманым ойгонум акчасын берип салармын. «Жок эй, Кудай Таала бүгүн мага ушуну буйругандыр...» деп өзүмдү сооротуп коём. Акчасын издеп ызы-чуу салган деле эч ким болбоду.
10 миң долларга эки бөлмөлүү батир сатып алган Баркалбайда эстедим. «А мен минеге батир сатып алсам болбойт?..» деген суроо мээме уюду. Муну катыныма айтсам, «Аякка кимиңи киргизейин деп атасың?.. Пулуң көбөйүп калдыбы?..» дешин билип эле турам. Чатак ушерден башталмак. Жинге тийсе «катын алам...» демек болдум. Оу-уу батирден ашкан акчага беш катын алса болот. «Кандай катын туш келет?» деп толкундана баштадым. «Сулуусунан бирди алып коёбуз да...» дейм ичимен кудуңдап.
Пул дегениң шардентип коёт экен эй. Алдыман баягы шуулдаган Абдираим чыгып калды. «Чай ичпейлиби...» дейт. «Чайдан бөлөк сөзүң болобу?.. Дадил тамакты сүйлөбөйсүңбү!..» дедим ага тике карап. Абдираим аң-таң болгон бойдон жолго түштү. Эртең менен чөнтөгүмдө жол киреге деген 10 сомум бар эле. Эми азыр акчаны мен эмес, мени акча таап алгансып, учкум эле келет десең. Жанымда отурган кишиден, «Дубайга самолетко билет канча сом турат?» десем, мени шектүү карап, акырын туруп басып кетти. Кудай деген адаммын да. «Жыты сонун акчанын... гак-гак...» деп ырдагым келгенин айтпа. Бу акча деген куруган бир ит экен да. Ой, тооба басыгым өзгөрө баштады.
«Бүттү азыр барып баарын айтам...» дедим ичимен. «Эмнеге аялыма алым жетпейт, Ушунча күчтүү акын болуп туруп...» деп Алик Акималиев ыр жазгандай, мен минеге 15 миң долларым бар туруп, аялымын көзүн карашым керек?
Болгонун болгондой айттым. «15000 доллар таап алдым...» дедим. «10000 долларына батир алам...» дедим. Иши кылып деп атам.
Бир убакта молдонун кызы күүлөнүп, «Эй акмак бирөөнүн балдарынын ырыскысын жедиң!.. Сен наадан!.. Сен уурусуң!..” деп жекире баштаганда, бир чыңалдым дейсиң, бүткүл денем муштум болуп түйүлө баштаганда ойгонуп кеттим. Түшүм экен. Кемпирим бечара айранга нанын малып, жанымда отуруптур. “Түшкө не кирбейт...” деп жакшылыкка жооруп жаттым. Эх, акчаң түшкүр...

Шекербек Калыков.
#акча_элдик


Ангеме

Илгери үч киши сапарга чыгып калат имиш, бирөөсү 5 убак намазын үзбөй окуган орозосун туткан такыба киши экен, бирөөсү дыйкан дагы бири өз арабасын тартып жүргөн жашыраак жигит экен. Сапарлаштар ашуудан ашуу ашып катуу жамгырга туш болуп коргонуп курганып алууга бир үңкүр таап жамгырдын токтошун күтүп олтурат экен, ошол убакта тоодон таш куланып келип үчөө олтурган үңкүрдүн оозуна кептелип калат, тепкилешет болбойт түрткүлөшөт болбойт, ошондо такыба киши Алла Таалага жалына баштайт экен, ''мен ар дайым түз жолуңдан чыкпай жүрүүгө аракеттендим, 5 убак намазымы үзбөй окудум, орозому үзбөй туттум, ээ Алла, бул кайсы жазыгым үчүн, бул сынооңдон мени куткара көр'' деп, анда кептелген таш бир аз жылып үңкүргө аба кирип кенен дем алышып калат экен. Бир аз олтуруп экинчи кезекте дыйкан киши Кудайга жалына баштайт, ''Ээ жаратканым, мен бир жолу өзүмүн тамак ашым чакталуу болсо да бир көп балалуу жесир аялдын ачка олтурганын көрүп өзүмө эч нерсе алып калбай сенин ыраазычылыгың үчүн тамак ашымы баарын берип ийдим эле, мени да бул сынооңон жеңил куткара көр'' дейт, таш дагы бир аз жылып үңкүрдүн ичине шоола кирип эки жагын көргөнгө мүмкүнчүлүк болот. Үчүнчү бойдок жигит кайсы кылган соопчулук ишин бетине коюп жалынаарды билбей көпкө олтуруп анан ''ээ жараткан Алла Таалам, мен бир жолу ашуу ашып баратып бир ашуудан жанында эч ким жок жалгыз келинди жолуктурдум, эркектик напсим козголуп аны зордуктамакчы болдум, жардамсыз жалгыз келинди атынан оодара тартып кол салаарымда ал ''мен сага каршы тура албайм, бирок бизди Кудай көрүп турат, Кудайдан корк'' деди, мен ошондо өзүңдөн коркконум үчүн келинге тийбей кечирим сурап аттантып жөнөтүп ийдим эле'' дегенде үңкүрдүн оозунда кептелген таш бир күч түрткөндөй жылып сайга тоголонуп үңкүрдүн оозу ачлылган экен, ошол үчүн нафсини тыйуу эң чоң сооп деп айтылат экен...


Репост из: KG Групп 🇰🇬
Канал для любителей смотреть кино фильмы 🎬

👉 T.me/kino_tv_kg ✅️

Приятного просмотра 😎


Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
=======
“Апээй ботом, эмне дейт?” Элдер тымтырс. Баарынын көзү экөөбүздө. Мен деле эмне кылышты билбей туруп калдым. Тамаша дейин десем, кудагыйым олуттуу карап турат. Жок, мындай болсо кызымды бербейм.

Быйыл көкүрөк күчүгүбүздү күйөөгө узаттык. Күйөө баланы жакшы тааныйм. Экөө алты жылдан бери сүйлөшүп жүрүшөт. Жамандык-жакшылыкта үйгө келип кол кабыш кылып кетчү. Элпек, жөнөкөй, анан өтө боорукер жигит. Муну ким тарбиялады экен деп ойлонуп койчумун. Минтип кыз узатууда акыры ата-энеси менен тааныштык.

Кыз узатууну үйдөн өткөрдүк. Күйөөм экөөбүз топтоп жүргөн акчабызды алып чыктык. Жайнатып дасторкон жайдык, тууган-уруктарды, дос-курбуларды чакырдык. Мал союп, боорсок бышырып конокторду күтүп отурдук.

Кызыма ак көйнөгү аябай жарашты. Кийип алып күзгүнүн алдында турганын көрүп, атасы экөөбүз жашып алдык. Кечээ бойтоңдоп чуркап жүрдү эле, мына минтип уядан учуп кетип жатат. “Апаа! Атаа! Эмне ыйлап жатасыңар?” Бурчта ыйлап турганыбызды көрүп, чуркап келип кучактады. Чогуу бир жашып алдык.

Ооуу, кудалар машинасын болушунча пипилдетип кирип келишти. Көчөнүн баарын ээлешти го чиркин. Биринчи куда түштү. Кулдугу бар экенин айтып ийилип кирди. Артынан кудагый чыкты. Сулуучумак, толмоч келген, чачы кыска аял экен. 

Кызыма сөйкө салып жаткан.

- Кудагый, кызымды көлөкө жерге бапестеп баккам.

- Коркпоңуз, мен деле күн көрсөтпөйм.

- Ыя?

Бир саамдан кийин тизесин чаап каткырып кирди. Ага кошулуп элдин баары жарылды. А мен тамаша экенин кайдан билдим. Ишенип алганымды айтпайсыңарбы.

Андан кийин жаныма келип, “кудагый, менин кызым жок, макул болсоңуз, кызыңызды келин эмес, кыз кылып алайын,”- деди. Жашылданган көзүм менен башымды ийкедим. Ошентип тамашакөй кудагыйлуу болдум


Репост из: Жарнама! Реклама Кыргызсатан 🇰🇬
🆕 🔥🔥🔥🔥🔥🔥 💸

💰💰💰💰💰💰💰 💵

Играйте и зарабатывайте монеты LaimCoin, в будущем они вам пригодится.

https://t.me/OfficialLimeCoinBot?start=1782114613

🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️✅✅✅✅✅


Эненин тилеги күчтүү.

*Бир айылда бир этегин үзө баскан, эки айылды эриктирбеген бир кемпир бар эле дейт бирөө. Ар качандан бир качан жаман баласын жерге-сууга тийгизбей мактап, мактанып бутпөйт экен.

Уккандар, кошуна-колоңдор:
-Жаман балаңын несин мактайсың, элдикиндей эле уулуң бар, мактанганды койсоңчу-дешсе,
-Менин балам жаман эмес, чоңойгондо эл башкарган бакыйган киши болот, элге самоору менен чай берет, сары мейиз, кызыл мейиз жедирет, самолет менен учуп жүрөт, машина биякта турсун- деп айтканын бербейт.
Элдер ага теңелбей, күлүшүп "кемпир айта берет да" дешет.
Бирок, ошол жаман баласы чын эле кийин чоң кызматта иштеп, эл башкарып, энесинин айтканындай кыйын киши болгон дейт.

*Дагы бир кишинин жалгыз уулу бар эле.
Бала бакчага жылаңайлак келет, согончогу жарылып, мурдунан суусу куюлган.
Муну көргөн бакчанын тарбиячыларынын бири:
“Ай, бул баланы киргизбегиле, мурдунун суусун карачы” дейт жийиркенип, бирок баланын апасы да ошол бала бакчада иштейт көрүнөт, тигинин сөзүнө ызаланып:
-Сен билбейсиң, баламын мурдунан суу эмес, алтын агып турат-дептир.
Ошол бала кийин дүйнөгө атагы чыккан спортчу болуп, спорт федерациясын жетектеген. Көптөгөн алтын медалдарды жеңип, апасын алтынга бөлөптүр.

Эненин мактоосун угуп чоңойгондор жаман адам болушпайт. Балдарга дайыма мактоо, колдоо, түшүнүү, жылуу мамиле керек!


Репост из: Жарнама! Реклама Кыргызсатан 🇰🇬
💸 🔠🔠🔠🔠🔠🔠🔠 💸

Играйте и зарабатывайте монеты NOTCOIN, в будущем они вам пригодится.

https://t.me/notcoin_bot?start=r_611134_7738834

🩶🤍🤍🩶🤍🩶🤍🩶🤍🩶🤍✔️


"Индекс"

Эжем бойго жетип, кошуна айылга турмушка чыгып кеткенде, “бир баланын сөзүнө алданып эрге тийип кетти” деп жаман көрүп жүрдүм. Эжем өзү ачык-айрым шартылдаган шамшардай кыз болчу. Тартынбас, бетке чабар эле. Барып жетелеп келе бергим келчү. Анткени, мени коюнуна алып жатып, ападан артык тарбия берген болчу да. Үйгө келсе, көрүнбөй кетип калчумун. Таарынып жүрөм да. Сарайдын бурчунан аңдып отуруп, моюнуман бекем кучактап, чачымдан шуу-шуу жыттап, чуркап кетип калар эле. Анысына деле жибибейм...
Мектепти аяктаганда турмуштун өйдө-ылдыйын түшүнүп дегендей, эжемдин жашоосуна кадыресе көрүнүштөй карап калдым. Эл катары баш калаада жашап калышты. Ошол жылы шаарга келүүгө аргасыз болдум. “Үй күчүк” атка конгум келген жок.
Шаарга жаңы келгенден бир күн өтпөй апамы сагына баштадым. Эжеме айткандан айбыгам. “Эркек болсоң шаарга кел...” деп өзү чакырган. Анан, “Апамды сагындым” деп кантип айтам? Эжем өзүнчө эле раис. Ага жагуу өтө кыйын. Анын алдында какайып турушуң керек. Болбосо, бүттү дей бер. Сөзү менен ийлеп таштайт. Туура эмес болсо дагы, туура деп кутуласың. Сүрү башкача. Үйдө бир эле адам сүйлөйт. Ал – эжем.
Сагынычым көөдөнгө батпай бир күнү апама кат жаздым. Шаарда бирөө менен бирөө учурашпаганын, үйүнүн ичинен илип алганын, пиво ичкен адамдар көп экенин, кыргыздардын кыргызча сүйлөгөндөн уялышканын, кыздардын чачы кыскалыгын, желкесинен зымга байланган автобусу бар экенин, деги койчу көз көргөндүн баарын тизмектедим. Аягында “Сизди сагындым, апа” деп беш салаамдын сүрөтүн тартып койдум. Үйдүн кенжеси болсом, сагынам да.
Эжеме көрсөтө албайм десең. Конвертти коомай кармап кирип, жалдырай тиктеп кайра чыгып келем. Акыры айттым...
- Индексти туура жаздыңбы? Билесиңби?! – деди эжем кайдыгер карап.
- Билем, 72 08 02, - дедим.
- Көк мээ десе!.. 720 802 деп жаз!.. - деди.
- Макул эже, - деп почтага барып, конвертке 72 08 02 деп жазып салып жибердим...
Эжем жумуштан эми эле келген экен.
- Ии, жөнөттүңбү анан!.. – деди мени сынай карап.
- Жөнөттүм... – дедим.
- Индексти туура жаздыңбы?! – эжем такып сурады.
- Ооба... 72 08 02 деп жаздым...
- Бир колунан иш келер бала болсоңчу... Мен сага 720 802 деп жаз дебедим беле!.. Эми катың апаңа жетпей талаада каңгып жүрө берет, - деди нааразы болгондой.
Ичим ачышып кетти. Апам менин катымды окубай каларын эстегенде, почточунун артынан өзүм чуркагым келет. Эжем төгүн сүйлөбөйт да. Өзүмдү кечке жемелеп жүрдүм. Апам, “баламан кат келиптир” деп, Пөлпү энеме, Сакый жеңеме, Чонду жездеме окуп берет эле да. “Шаардан кат келди” десе атам деле сүйүнмөк. Каттын апама жетпей каларына жаман бушайман болдум.
Кечинде жездем иштен келгенде, кечки тамакка отурдук. “Эжем гана сүйлөйт” дебедимби.
- Мына, сага сын тагып жүрүп, өзүмүн үкөм далдырбай болуп калды... – деди эжем жездемди тиктей. Жездем бир унчугуп койсочу. Башын ийкеп коюп отурат. Биз ага көнүп калганбыз. Эжем ордунан козголуп:
- Индексти жазышты билбейт, мыногу далдырбай... “720 802 деп жаз” десем, кайдагы бир санды чиймелеп келе бериптир. Кат жазышты билбейт... – деди мени жемелеп.
- Эми сен деген Менделеевсиң да... Сага жетиш кайдан?! О-уу, бир жаралып калгансың да, кемпир... – деп жездем какшыктап койду.
- Айтчы... сен кайсыл цифраны жаздың?.. - деп эжем мага кадалды.
- 72 08 02... – дедим күнөлүү адамдай. Жездем мыйыгынан күлүп экөөбүздү тиктеп калды.
- Мына сенин копияң!.. – деди эжем алаканын “шак” чаап, жездеме карап. Жездемдин күлгөнү мага жакпады. Бирок, төш чөнтөгүнөн ручкасын алып, бир нерсени жазып, эжемдин алдына таштап койду эле, бир тууганым мага жалооруй карап:
- Дадагаң кетейин... Садагаолойун... Апаңы сагындыңбы?! – деди эле, апама жетпей калган катты эстеп, көзүмө жаш тегеренип, эреркеп кеттим. Эжем бооруна бекем кысып, элжирей тиктеди. Анын мынчалык мээримине батам деп ойлогон эмесмин...
Көрсө, эжем экөөбүз бир эле санды эки башка айтып жатыптырбыз да. Жок жерден күнөөгө батырган бир тууганына боору ачып кетип атпайбы. Эжемдин жароокерлигичи?.. Эжеси бар адамдар кандай бактылуу!..

Шекербек Калыков, Бишкек шаары.
#индекс_элдик




Мына ушунтип эжекени да Үмүткө шерик болуп чыгышына да себепкер болдук.
Себеби баардык таксисттер кетпейбиз деп бир ооздон жооп берип жатышты,алардын жанында Умуттү тааныган органдын балдары чётка так иштеп беришти.
Чоң эне мына карындашым тирүү сизге таап алып келдим.
Үмүт карындашым деп көзүнүн жашы мөндүрдөй агып кучактап ыйлап жиберди.
Байкуш кыз оозу ачылып бул эмне дегени деп аң таң болуп турат.
Ошондо байкуш эне кызым деп кучагына кысып ыйлап жатты.
Эне токтогула,дагы бир айтаарым бар.
Үмүттү багып алган ата энеси эл билбесин деп жашырын документ жасап бул жактан кеткенден кийин Лейлекте жүрүп кудай күйгөнү чынбы,май көтөн Үмүттүн артынан үч уулдуу болушат.
Туурабы Үмүт деп суроолуу карады.
Үмүт башын ийкеп эчкирип ыйлап жатты.
Ошондо төрт баланын ата энеси болушуп Үмүттүн көзүнө карап өстүрүшөт.
Ошол Лейлек жериндеги акимдин уулу Надырга күйөөгө узатышат.
Үмүт боюнда болуп ай күнүнө жетип төрөгөн кезде кан көп кетип өлүм алдында калат,ошондо кан тапшырууга аким Үмүттүн ата энесин чакыртат.
Кан тапшырган соң эч биринин да каны түшпөйт Үмүткө.
Башка группасы түшкөн канга алмаштырып куйганына чейин ошол жерде иштеген Надырдын мурдагы сүйлөшкөн кызы артынан түшүп Үмүттүн өгөй,бакма кыз экенин билип Надырдын ата энесине айтып коёт.
Баардык шойком ошондо башталат.
Үмүттү ооруканадан чыгармак түгүл кабар да албай коюшат.
Үмүттүн ата энеси ачыгын айтышса да таштанды кыз,телеңгит кыз дешип Надырды да бастырбай коюшат.
Надыр да намыс кылып Үмүт түгүл канынан жаралган уулунан баш тартат.
Үмүттү ооруканадан ата энеси чыгарып алышат,балага тайатасы фамилиясын берип күбөлүк алышат.
Үмүт болгон окуяны ачык билгенден соң Бишкекке кетем деп чыр чыгарып Лейлекте жашагандан намызданып баштаганда ата энеси бир бөлмөлүү батир сатып берип баласы менен көчүрүп келүүгө мажбур болушат.
Чындыгында кыздары кимдин баласы экенин билишпейт,анык ата энеси ким экенин билишпейт.
Ошол кезде мен издеп жүргөн кезимде, менин апамдын туугандары Үмүттү Бишкекте бир тойдо көрүп апама окшош экен деп таң калышат.
Ошол замат мага тел чалышат.
Мен тез эле жетип бардым,ошондо апамдын көчүрмөсү экенин көрүп.
Тарыхына кызыгып сурап жүрүп билдим.
Надырды таптым,аны да суракка чакыртып сурадым.
Надырга Үмүт менен табышып жашаганга мүмкүнчүлүк түзүп,экөө кайра бирге уулу менен жашап калышты.
Ошого чейин да,анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин жан адамга күйөө балам экөөбүз айткан жокпуз.
Бирок Надыр ата энеси менен,Үмүттүн ата энеси болуп биздин үйгө келе жатышат.
Үмүттү менин карындашым деп таанып турганга колумда тастыктоочу документтер мына деп коюн чөнтөгүнөн конвертти алып чыгып баарына көрсөттү.
Чындыгында мындайды күтпөгөн жаным ыйлап турдум,бир алдын кубанып,бир алдын кайгырып да ыйлап жаттым.
Документтерге көз жүгүртүп алып Үмүт ордунан атып туруп акааа деп өксүп -өксүп ыйлап, боздоп какшап сүйлөп да жатты.
Энесинин кучагына боюн таштап эне мен сизди өтө сагындым,сиздерди сагындым,мен ишенген элем менин кандаш туугандарым табылат деп мени издер табышат деп үмүттөнүп жүргөмүн .
Ака ,эне деп үчөө тең кучакташып ыйлап турушту.
Аңгыча тынчтыкты Үмүттүн уулу чыркырап ыйлап бузду.
Баарысы жабылып жээнибиз деп баса калып жалынып жалбарып жатышты...

МАМЕТОВА ЗУУРАБҮ АЛИМБЕКОВНА САНТА

#чонэнемдисагындым_элдик


Машинанын добушун укканбыз же күтүп турганбыз ак жуумал байбиче чыгып Кубанычты кучактап өөп жыттап жалынып жалбарып жиберди.
Бизге түшкүлө үйгө чай ичкиле, уулум смс жазып жибериптир коноктор бар деп чай даярдап күтүп жатканыбыз деди.
Мен машинадан ыргып түшүп эже менен кадыресе тааныштай кучакташып өбүшүп көрүштүм, Үмүт сен да түш кызым деп келинге айттым.
Үмүт да жадырап машинадан түшкөндө кемпир эже аай Сайра деп дал болуп туруп калды да ыраңы купкуу болуп жыгылып бара жатты.
Кубаныч болбосо жыгылып калмак.
Энесин кучактап "энееее"- деп кармап калды.
Жанатан суу ,суу деп кыйкыра берди шашкалактап.
Данакан дегени келинчеги окшойт чөгүндөгү сууну көтөрүп энекелеп чуркап келди .
Көз ачып жумганча болуп жаткан окуяга оозум ачылып мен да дал болуп шаштым кетип кемпирдин бетине суу чачып жибердим.
Бетине суу тийгенде кемпир козун ачып өзүнө келип калды.
Энекелеген Кубанычтын көз жашы көлдөп ыйлап энесинин бетинен аймалап өпкүлөп жиберди.
Бир саамдан соң Сайра кана деп сурады.
-Эне Сайра апам жок кимди айттыңыз,апамдын олгону качан деп Кубаныч жооп берип.
-Жанагы кыз,жанагы сен алып келген кызчы?
Сайра эмеспи?
Кемпир обдулуп ордунан тура жөнөдү.
Үмүттү карап тан калып, кучагына алып маңдайынан өптү.
Үмүт да түшүнө албай карап жылмайып кемпирди кучактап өөп койду.
- Токто бул кызды кайдан таптың?- деди Кубанычка карап энеси.
-Эне булар менин клиенттерим жолго шерик болушат деп алып алгам.
Бишкектен келе жатышат - деп тактап жооп берди Кубаныч да.
-Эне бул кыздын баласы бар кичинекей,машинада уктап жатат .
Бизден наркы районго барат экен,азыр такси чакырып салып жиберем - деп шашып жооп берип жатты .
Үйгө киргиле сүйлөшөлү деп кемпир биздин оюбузга койбой алып кирди үйүнө.
Чындыгында эле дастаркон жайнап турган экен.
Биз орун алып отургандан кийин,кемпир портрет көтөрүп чыкты.
Каза болгон уулум менен келиним деп.
Мына ошондо менин да жүрөгүм шуу деп кетти.
Шүүдүрүмдүн бир тамчысындай болгон Үмүт менен портреттеги келинди карап оозуман келмем түшүп калды.
Үмүт өзү да ан таң болуп оозу ачылып калды.
-Тооба,тооба ээ кудрети күчтүү кудайым,менин келинимдин ичиндеги өлдү деген кыз сен окшойсуң ,менин каным,Кубанычымдын бир боорум тирүү экен да -деп кемпир чебелектеп ыйлап жиберди.

Ошондо гана Кубаныч келип Үмүттү кучактап алып ыйлап жиберди,
- садага кетейин бир боорум,=мен сени зорго таптым,эки жыл болду сени издеп изиңе түшкөнүмө.
Мен сени билбесин деп артыңдан жүрдүм, кечээ өзүң мага карап сүйлөгөнүңдө жүрөгүм жарылып кетчүдөй болдум.
Эптеп машинага салып энеме алып келүү максатым болду.
Эне садагаң кетейин эне,бул менин карындашым,менин бир тууганым,апамдын жаңы барында ичиндеги баланы тирүү кесерово жолу менен аман алып калышкан,апам каза болуп калганда ичиндеги баласын эстеген жан болгон эмес.
Ошондо башкы дарыгердин баласы жок үчүн асырап алып тээ , Лейлек районуна кетип калат,мурда да ошол жакта иштеп келген болот.
Ошентип карындашымды эң соонун адамдар багып алышат.
Үмүттү багып алышат .
Мен эки жыл артынан түшкөнүмдү бир өзүм менен Үмүттүн күйөөсү күйөө балам Надыр билет эле.
ДНК кылдырдык,Алма Арыдан текшерилип биздин Үмүт экөөбүздүн бир тууган экенибизди билгенимде эки күн болду.
Мен чоң энемди эки ай бою көрбөй куса болуп сагындым,бирок карындашым менин бир боорум экөөбүздүн каныбыз бир экенин, чоң энемдин дагы бир небере кызы,өлгөн балдарынан калган дагы бир туягы бар экенин сүйүнчүлөгөн болсом жүрөгү жарылбасын деп машинам менен алып келүү максатым болду,Надыр экөөбүз таксисттер менен сүйлөшүп баарысынан макулдук алып план түзүп чыктык бир нече күн, кандай жол менен болсо да менин машинама Үмүттүн чыгышына шарт түзүү болду.
Надыр Үмүттү машинага салганы жөнөп жатканда жумушунан чакырып калган үчүн Үмүткө баласы экөөнө такси чакырып берип өзү жумушка кеттим деп зв кылды.
Менин кол астымда иштеген органдын балдары да өтө чеберчилик менен иштеп,акыры Үмүттүн мени менен кетишине шарт түзүп беришти.


Сезем бирок бир нерсе жашырып жүргөнүн эс тарткандан баштап биле баштадым.
Бир күнү Чоң энем мага атаң менен апаңдын эстелигин орнотуп коёлу деди .
Ошондо мен онунчу классты бүтүрүп жаткан кезим эле, биздин областык шаарыбызга барып эстеликке буюртма бердик.
Портреттери керек экен сүрөттөрүн чоңойтуп алып келдик.
Мен атама куюп койгондой окшошмун.
Өзүм да сыймыктанам атама окшош болгонума.
Атам органда иштеп жүргөн болчу , баардык райондун эли билчүү экен атамды.
Мен чоңойгондон баштап мени көргөндөр Саматтын уулу болосуңбу деп сурай беришет, кубанышат Самат өлбөптүр дешип.
Апам болсо мына бул карындашыма куюп койгондой окшош сулуу эле .
Мен жана жаныма барып сураганда жүрөгүм оозума тыгылып калгандай болдум,апам тирилип келгендей.
Мындай окшоштук боло берет тура ээ эжеке - деди.
Мен болсо айдоочу балага :
-Атың ким айланайын -десем,
-Кубаныч эжеке,атам жалгыз уул экен чоң атам атам кичине кезинде эле каза болгон экен.Чоң атам милиция кызматкери экен да,ошо кызматта жүрүп уюшкан криминалдык топторго каршы операция учурунда каза болгон экен.
Атам ал кезде сегизинчи класстан окуучу экен.
Тагдыр экен эжеке атам да жаш эле каза болду,апам экөө.
Атам менен апамдын өлүмү иликтенүүдө азыр да, менин кичине кезимден пайдаланып,энемдин алсыздыгынан пайдаланган бандиттер атамды да шылтоо менен өлтүрүштү,менин атам да милициянын полковниги наамына жеткен экен жаш болсо да.
Жакшы мен төрөлгөндө эле чоң энем багып алып,атам менен апамды окуусун бүтүп келсин деп аяган го .
Төрөт үйүнөн чыккандан баштап чоң энем баккан үчүн менин барымды билген эмес экенби бандиттер билбейм эжеке.

Сөз ушул жерге келгенде тамактануучу жайга токтоп тамак ичилип бүткөндөн кийин улап айтып берем ээ эжекелер деди Кубаныч.

Тоонун таза абасы,арча токой арасында тамактанып отурдук.
Күрпүлдөп аккан дайранын шоокуму да өзгөчө шаң берип көңүлүбүз көтөрүңкү элек.
Тоонун таза этинен куурдак жеп соонун маанай менен отурдук .
Бет маңдайындагы орундукта отурган Кубаныч балалуу келинге уурданып карап -карап коёт.
Акыры чыдабай кетти окшойт
- Карындашым атың ким - деди.
Кыз да акырын атым Үмүт деди күлүп жайнап.
- Сен жогорку айылга барат экенсиң,кимдин кызы болосуң,мен ата энеңди таанысам керек карындашым -деди Кубаныч.
-Ака мен Лейлек районунда өстүм,атам ошол жакта иштеп жүргөн,апам Өзгөндүн кызы.
Атамды көпчүлүк тааный бербейт.
Себеби сегизинчи классты бүтүрүп кеткен экен окууга Кан деген жерге.
Ошол боюнча ошол жакта жетекчиликке чейин жетишип иштеп жүрөт,азыр пенсия жашына жетсем айылга келем деп жүрөт - деди.
-Атамдын аты Канат сизден көп эле улуу болсо керек ээ- деп жылмайды.
Кандай болсо да коңушулаш айыл(район) болгон соң таанысам керек деген элем деди .
Биз машинага отуруп жөнөп жолду улап кеттик.
Эжеке ошол аңгемемди калайын эмесе ээ деди Кубаныч.
Мен да ынтызар болуп уккум келип турган элем кубанып албетте ула дедим.

Ошо эжекелер,мени борборго окутуу үчүн энем да чогуу шаарга келдик,шаардын чок ортосунда чоң атам тирүү кезинде алган бир бөлмөлүү квартира бар экен.
Ушул кезге чейин бирөөлөргө ижарага берип жүргөн экен чоң энем.
Ижарага чоң энемдин сиңдиси.Чрлпон тайэжем берип акчасын чоң энеме салып жиберип турган экен.
Балам окууга өттү деп квартираны бошотуп даярдатыптыр чоң энем.
Беш жыл бирге жашап мени менен окуум бүткөн кезде келинчегимди чоң апамдын инилери тааныштырышкан эле,бир көрүп элеттик кызды жактырдым,энемди караса ,энеме күйсө деп тиледим.
Кудаага шүгүр жакшы жубай чыкты келинчегим.
Жаркылдаган кабак кашым ачык ,даргөйү кең асыл жан чыкты.
Чоң энемдин орун басары .
Менден да Кымбатым деп чоң энем келиниң жакшы көрөт.
Азыр жолдун боюнда үйүбүз чон энемди көрсөтөм ,чоң энем уктабай күтөт .билем да- деп күлдү.

Ана мына деп тез эле болжогон район аймагына жетип келип калдык.
Кубаныч бизге айткандай жол.боюнда экен үйлөрү.
Машинаны үйүнө буруп токтоткон кезде таңкы саат сегиз болуп калган эле.


"Чон энемди сагындым"

Жакында эле иш чара өткөрүү үчүн алыскы жети дубандын түштүк тарабына жөнөп калдым.
Адатымча таза тыкан айдоочусу бар,машинасы да талапка жооп бере тургандай машина карап жүргөн элем.
Баарысын сурамжылап жүрүп жаш баласы менен турган татынакай келин менен катар туруп калдым.
Ал да машина карап жүргөн белем мага жалдырап карап
-Эжеке сиз кай тарапка барасыз - деп сурап калды.
Барчуу жеримди угуп кудуңдап кубанып кетти.
-Мен да ошол жакка барам эжеке , жолубуз бир экен деп кобурап мени өзүнө тартып сүйлөп жатты.
-Балам менен,бул жүктөрүм менен машинага да сүйлөшө албай убара болуп жатат элем.
Жакшы болду шерик болот экенсиз мага.
Балама каралашып турсаңыз коляскада отуруп турат,мен машина таап келейин макулбу - деп калды.
Мен да узак жолдо кыйналбай кете тургандай жеңил машина караштыр деп наристесин карап калдым.
Деги эле биздин кыргыздын айылдык кыздары өтө ыймандуу келет деп артынан суктанып карап калдым.
Арабада бир жашка чукулдап калган наристеси да мага колун созуп булдурап бир нерселерди айткандай жайнап турат,ыйлаган да жок апасын ээрчип.
Авто бекеттин орундуктарынын биринде наристени эркелетип отурдум.
Бир убакта өзүм айткандай таптаза женил машинаны биздин жаныбызга токтотуп алиги кыз бизди отургуза баштады.
Машина төрт орундуу экен.
Артына тиги эжекем менен балам болуп кетели ,арткы орунуктарга эки адамдын акчасын өзүм төлөйүн деп айдоочуга кайрылды .
Айдоочу да менден бир аз жашыраак токтонуп калган интелегент адам экен макул болду.
-Мага көп адам деле кереги жок,узак жолго шерик болобу деп адам алып алайын деген элем ,шашылыш мамлекеттин жумуштары менен бара жаткан элем башка адам да албай эле койсом да болот- деди шыр жооп берип бизге күлө карап,
-Кеттик анда эжекелер - деп кубанып кетти.
Менин да жолум оң болгонуна сүйүнүп кеттим.
Арыдан бери жүктөрдү салып жолго чыктык.
Жол ката аркы беркини сүйлөп үчөөбүз таанышып дегендей кобурашып бара жаттык.
Айдоочу да ачык айрым жөнөкөй карапайым жан экен,чиновник болсо да бой көтөрбөй биз менен эски тааныштардай аралашып кетти.
Кыйла жүргөн соң ,
-Эжеке сиз алдына өтүп отуруп алыңыз,карындашым баласын жаткырып кеңири кетсин - деди.
Макул болдум,мага да жага берди .
Кыргызда сурашып ,таанышып аралашып кеткен жакшы сапатыбыз бар эмеспи .
Мен жөн жайымды айттым,айдоочу да ошол биз бара турган айылдын кулуну экенин айтып бара жатты.
Чоң энесинин колунда өскөнүн , биз бара жаткан айылда төрөлгөнүн,ата энеден жалгыз экенин айтып өттү.
Жаш кезинде ата энеси авто кырсыктан каза болгонун , бирок апасынын ошол кезде ай күнүнө жетип турган кези экенин, апасы ооруканага барганда тирүү болгонун айтып муңайып кетти.
-Ошондо апамдын ичиндеги баласын сураган жан болгон эмес экен,бирок чоң энем уулу менен келинин жерге бергенден кийин сурамжылап көргөн,бирок бала авариядан кийин өлүк туулганын ,утильге кеткенин угуп кала бергенин айтып үшкүрүнүп алды.
Мени чоң энем өзү бакты ,жалгыз уулумдан калган туяк деп көзүмө карап өстүрдү.
Эч нерседен кеми жок өстүм,атам менен апамдын эле жоктугу болбосо энем кирпигиме чаң жугузбай бакты го чиркин асыл жаным энем.
Атам менен апамдын сүрөтүн көрүп сагынып куса болуп да жүрдүм,бирок анда мен биринчи класста окуганым үчүн мектепке, классташ балдар кыздарга аралашып алаксып тез эле балалык кылып бардар жашоодо өстүм.
Досторум бар, өтө көп досторум,айылдагы өзүм курактуу,чоң кичине досторум көп болгон үчүн да куунак өстүм.
Чоң энемдин мен үчүн кылган эмгеги ат менен төө көтөргүс.
Шаарда иштеймин,келинчегим эки балам бар, чоң энемди карап айылда келинчегим балдарым менен,мен элдин уулу экемин өкүмөт жөнөткөн жерге барып иштеп жүрөм.
Чоң энем картайып бара жатат,апамдын төркүндөрү тага журтум бизден бир айыл нары ,алар менен да өз ара керек кезде катташпасам барбаймын деле.
Тайэнем анда санда келип турат,бирок кандайдыр бир сыр жашыргандай жалтактап качып келгенден кеткени тез,мени жакшы көрөт ошондой болсо да негедир мага күнөөлүүдөй болуп көзүмө тик карай албай жүргөнү таң калтырат.


Мына мен сенден ишарат күтөм.
Мени эми таштаба, жалгыз койбо,чакырып ал эми макулбу...

Эпилог.
Тағдыр экен байкуш эненин айтканын кагаз бетине түшүрүп өзүнө окуп бере албадым.
Эне өзү айткандай айылына барып ошол бейитке жакын жерде достордун уйундо каза болуптур.
Муштумдай жүргөнүнө ааламды батырган эненин тагдырын өз оозунан угуп капалангам.
Чындыгында биз картайбай тургандай болуп карыларга көңүл бурбайт окшойбуз деген аргасыз ой да келет тура.
Көзү барда ата энени сыйлайлы, өксүтүп көңүл бурбай таштабагыла,кары адам жаш гөөдак наристе баладай эле болуп калышын дайыма көкүрөккө түйүп жүрөлү!

Аягы.

МАМЕТОВА ЗУУРАБҮ АЛИМБЕКОВНА САНТА
#журоксыздайт_элдик


Сенден көңүл тез суумак беле???
Ким билсин ээ.
Бул да мага тагдыр сыноосу бекен?
-Кечээ жаздын алды башталды жылкы кучкач менен чабалекейлеи учуп келе башташыптыр.
Апрель айы кызыбыздын туулган күнү эмеспи,атама барып келели дей бергенинен жөжөлүү тооктой болуп бейитиңе балдарымды алып келдим.
Көзүмдөн жашым тыйылбай өксөп өксөп мен ыйласам,балдарым да солуктап өпкөлөрү көөп бирин бири кучактап ыйлашат.
Ошол кезде таксинин айдоочусу келип Куран окуду, баарыбыз солуктап турдук.
Бейитиңдин тегерегин тазалап гүлдөрдү алмаштырдык...
Сен баягыдай эле бизге мээрим төгө ыраазы болгондой карап турдуң.
-Мына балдарыбыз кыйла эс тартып калды,сен эле жоксуң,мени кантип жалгыз багат балдарды,кантип бүткүл турмуш түйшүгүн тартат дебедиң го .
Бейитиңдин айланасын тазалап эстелигиңди болушунча сүртүп арчып койдум.
Жүрөгүмдүн алышканын кантип басам....

Арадан мына жыйырма төрт жыл өтүптүр,мезгил учат тим эле учат.
Сага бир жылдан бери келе элек элем ,кус болдуңбу?
Менин чачым аппак,картайып алдан тайдым чамаси.
Кулагым да жакшы укпай калган, балдардын сөзүн укпай калып кайра-кайра сурасам кагып силкип салышат. Кайталап айтпай да коюшат.
Балким сен тирүү болгонуңда мынча тез картайбасам керек беле ээ?
Сенден өтүнөм узакка келе албай калсам капа болбо,мени эми бирөө жарым алып келсе келем да.
Картайдым жаным,а сен болсо ошол менен сүйгөн,сен мени сүйгөн кезиңдегидей мага тигилип турасың.
Мен сенсиз жыйырма беш жыл жашадым,уул кыздарыңды үйлөп жайлап койдум,ата-энелик карызыбыздан кутулдук.
Сенин жогуңду билдирбеген аракет кылдым,арбагың ыраазы болсун.
Кыздар күйөөсү балдары менен очор бачар,анда санда келишет,колдору бошосо,же телефон чалып сурап коюшат,ошого деле ыраазымын,тынч аман бактылуу өмүрлүү болушсун.
Уулдарыңды да үйлүү жайылуу кылып койгомун,алымдын жетишинче колдоп коштоп баарысын жасап элден артыкча жашоо шарт түзүп бергендей эле болдум өз оюмда. Баары чоңойгон соң мени таштап өз тиргилигин кылышат тура.
Бир уулуң ошол биздин үйдө мен ошол уулубуздун колундамын.
Көөп капа кылат,мени жаш баладан беттер кагып силкип көп урушат.
Кеч киргенде бала чакасы менен уктоочу жайларына кирип кетишет,ошол мени менен эч кимдин иши жок.
Акыркы жылдары кубатым жок,зорго эле басам,башым ооруп кыйнады.
Кантмек элем,сенден калган белектериңди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай асырап көзүмдүн карегиндей карап өстүрдүм,катарга коштум.
Окутуп баарысына карадым.
Эми өз алдынча жашап жатышат.

Негедир быйылкы жылдын жазын өтө күттүм...
Жол өтө алыс сага баргым келди.
Азыр баяны сенин төрөлүп өскөн айылыңдан алыспыз 1200 км .
Баланын тандоосу да.
Картайганда сага да кабар алганы келе албай калдым,капа болбо.
Бул жолу баягы биздин бир үйүбүздү жакын тууган агаңа белекке берген элек го.
Ошолор телефон аркылуу сүйлөштү мени менен,ошолор кел дешти .
Жол расходуңду төлөйбүз дешти эле.
Мына сага келдим.
Бейитиңдин тегерегин көрүп сыздап кеттим.
Гүлдөрүң ар кайсы жакта ыраңы өчүп чачылып жоголуптур.
Гүл салган ийдишиң сынып калыптыр.
Баарын көрүп турасың го тазаладым.
Сага атап алган розаларды жаныңа койсом жылмайып сагынып карап турдуң.
Куса болуп жалгыздык жанга батып кыйналдым.
Сырдашып сүйлөшөйүн десем эркек бала экен балдарым көңүл бурбайт.
- болду апа тынч үйгө кирип отуруңузчу адамды тажатпай,сиздердин кездегидей эмес азыр сүйлөшүп отурганга убакыт жок- дешет.Кыздардын да убактысы жок,үч жылдан бери экөөнү коро элекмин , Орусияда балдары менен.
Калган кыздардын мага келишкен колдору бошобойт.
Мына жаным,жаш кезимде мени жалгыз таштап кеттиң эле.
Мен баардык кыйынчылык,азап тозокту тартып сенин амириңди кубат кылып баардык баардык балдарды катарга коштум.
Мен убадама турдум,белектериңди ,сенден калган мурастарымды жайлап бүттүм.
Эми мени жаныңа ал.
Мен жалгыздыктан тажадым.
Жаштыгым жалгыздыкта өттү эле,эми алым күчүм кетип карыганымда кар кылбай мени алып кетчи өтүнөм.
Бирок баягы эле бойдон көңүлүм жумшак ,эч кимди капа кылгым келбейт билесиң го ,жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт дейт.
Мен эч бир балдарыбызга оордугумду салбай , ажал келсе алып кетсе ,сенин жаныңа кетейин эми ээ.


"Журок сыздайт"

Айылдын четинде жашаганыбыз үчүнбү ,же мүрзөгө жакын жашаганыбыз үчүнбү негедир мүрзөдөн сезгенип корккон сезим жок эле менде.
Өтө жап жаш кезимде ушул жерге келин болуп түшкөн элем.
Энемдин (кайын энем) айтуусунда баардык тууган уруктар ушул мүрзөгө коюлган экен.
Бизге жакын туугандардын мүрзөсүнүн үстүндө кийиктин мүйүзү аркайып узун жыгачтын башында белги болуп турат .
Мүйүздүү мүрзө демек кайын атамдын туугандары деп билет элек.
Жолдун эки тарабы мүрзө .
Бир жагы мен келин болуп келгенден мурда эле толгон экен,экинчи жагына жаныдан адам өлсө жаңы жай казылып коюлуп башташканы байкалып турат.
Айыл өтө чоң болгондуктан айылдын эки башында мүрзө бар экен.
Айылдын башында жолдун бир тарабында эле бейит бар , этегинде болсо жолдун эки тарабында мүрзө бар экен.
Эли өтө токтоо,ток мүнөз тартиптуу эле.
Эч качан өздөрүнөн улуунун сөзүн эки кылбаган өтө соонун адамдар эле кайын журтум,эки тоонун ортосундагы айыл болгондуктан ,ортосунан суу агып өтүп тургандыктан негедир мага өтө жагымдуу кооз көрүнөт эле.
Турмуш тиргилик экен мен жолдошум экөөбүз кайын журтумдан бир аз алысыраак айылга жумушка байланыштуу барып жашап жүрдүк.
Жолдошум ден соолугуна карап анчейин оор жумушка иштей албагандыктан баардык күч мага түшөт эле.
Менин туугандарым башка дубанда жашашат,туулган айылым жарым суткалык жолдо алыс экени да сезилбейт эле.
Жумушумдагы мага берилген служебный машинанын айдоочусу менен дем алыш болгондо тууганчылап барып турат элем да.
Кандай күндөр өтсө да жолдошум мени сыйлап урматтап жакшы көрөт эле...
Азырчы.
Азыр эскерүү гана калды мага.

Ооба,бул мүрзөлөр арасында сенин бейитин бар.
Чоң аталарыңдын катарын толуктап турат бейитиң.

Сенин бейитиңди айландырып кадимки жоон чынжыр менен арасына жоон трубадан казыктар отургузуп койгонмун , турба казыктардын башына көлөмү топтой болгон шарик койдурганмын.
Казыктарды чынжырлар менен туташтырып тостургам.
Мрамор ташка өчпөс кылып сүрөтүңду чектирип эстелик койдум.
Сүрөтүңдө баягыдай эле сулуу жап жаш боюнча мага жалдырап тиктеп турасың.
Менин жакшы көргөн кыпкызыл роза гүлдөрүм жол четиндеги сенин бейитиңдин эстелигиңдин алдына кадимки желим гүлдөрдөн өзүм сага койгомун.
Ар дайым күнгө өңү өчүп кеткендердин алып таштап жаңысын алып келип койом.
Ооба,сенин аянычтуу караган көздөрүң жүрөгүмдү жаралап , көөдөнүмдү ыссык жалын куйкалап өрттөп күйгүзүп турат.
Менин жаштык кезим,эркелигим алгачкы балалык ууз сүйүүм сени менен бирге кетти.
Өзүң менен кара жерге алып кеттиң.
Жап жаш жесир калган жаман тура,сенден калган мурастарым балдарымды кучактап сени кара жерге тарттырып отуруп калдым кара кийип.
Баё жөнөкөй ,адамдык сапаты бийик, сүйүүнүн балы жүрөгүндө,балдарын жанынан артык көргөн асыл жарым жаткан жер,киндик каны тамган жеринде бейитте жатат.
Балдарым менен боздоп какшап ыйлап , үнүбүз кудайга жеткидей болуп артыңда жоктоп калдык.
Менин кайгымды жөнөкөй сөз менен айтуу өтө оор.
Эссиз гана биздин татуу кыялдар,аруу тилектер,түбү терең,кол жеткис максаттар баары баары сени менен кетти.
Кабыргам кайышып турганда жаныма сеп таттуу уул кыздарым, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон досторум ,тууган уругум мага чексиз-чексиз колдоо беришти.
Кантип болсо да балдарымды алаксытууга аракет кылыш оңой болгон жок,ата деп боздогон балдарым сөз угаар деп кайын энемди(апаңды) чакырып келдим үйгө, эч нерсе кызыктырбай нес болгон балдарым апам келгенде жандана башташты.
Акырындык менен сентябрьда мектепке барышып алаксып башташты.
Ишенесиңби кичинекей кызыңа өтө өтө кыйын болду,ата деп ыйлаганда жанында эч ким тура албайт эле.
Томолонуп жүрүп ыйлайт,андан отуп мен ыйлаймын.
Балдарың эле эмес мен да жетим калдым го!!!
Жок дегенде чекеме чертип урушуп койсоң болмок мени аялап жакшы көрбөстөн.
Аман өз жаныңды алып бизди таштап кетет экенсиң ,бизди ушундай жоготуу,жакшы көргөн адамынан айрылуу жаман экенин айтып койсоң,же бизге катуу сүйлөп ,кагып силкип журсон болмок..


сыйлап, аэропортко узатып койушту. Экөө тең бир-бирине жетишип, бактылуу күндөрдү өткөрүштү.Убакыт өтүп уулду болушту. Булардын чыныгы сүйүүсүн сактап калыш үчүн,Ажар ооругандан кийин бат сакайып, Сейилди келин кылып алайын деген тилеги орундалышы үчүн, энеден өткөн ыйык эч нерсе жоктугун баалап,Султан менен Розалин Аселдин анализин алмаштырып коюшкан эле.Бактылуу болгон Талгат менен Сейил Асел кимдин кызы экенин билбей жашап калышты.Розалиндин кызы болуп калган Асел бактылуу балалыктын койнунда өстү. Анализдин чыныгы сыры, Розалин менен Султандын ортосунда сакталып калды.Канча убакыт өтсө да бир-бирине болгон сүйүүлөрү өчпөй бактылуу өмүр сүргөн Талгат менен Сейил көптөгөн жетишкендиктерге жетишти.

Чыгарма соңуна чыкты.

И. Акпарова

Показано 20 последних публикаций.