teliby


Гео и язык канала: Киргизия, Киргизский
Категория: Блоги


Эски бала жана эски китеп

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Киргизия, Киргизский
Категория
Блоги
Статистика
Фильтр публикаций


*
Каналда киши көбөйгөн сайын бир нерсе жазуудан чоочулоо пайда боло берет экен. Бул менин каналым, бул жерде мени бирөө сындашын да, макташын да каалабайм. Биз бири-бирибизге баа койбой, жөн эле кабыл алып жашасакчы? Же жактырбай, кабыл ала албаган адамдын жашоосун уулабай, кое берип койсокчу.
Комментарийлер менен реакцияларды өчүрүп койдум. Аман болгула, дүйнөдө тынчтык эле болсо экен.

Былжырап салган кандай жакшы. Эми укташ керек, ска.


8-мартка карата аялдар тууралуу 4 мүнөттүк видео-арт жасаганбыз. Ошол жактагы каармандардын биринен: "сиздин күчүңүз эмнеде,"- деп сурасам, "я гибкая" деп 2 секунддук жооп берди. Негедир ийкемдүүлүгү тууралуу ошол 2 секунддук сөзү эсиме кадалып калыптыр. Таң эрте башталчу маанилүү жумушка даярданып эрте жатып алып, уктагандын ордуна ийкемдүүлүк тууралуу чала-була ойлонуп керебетте оонап жүрөм.

"Ак ийилет, бирок сынбайт" деп жаттаганбыз, "чындык канча ийилсе да, баарыбир сынбайт" деп чечмеленишин кошо жаттаганбыз.

"Чындык" деген эмне негизи? Баарыбыз чындыкты издейбиз, бирок ал эмне? Акылы жайында неме издеген нерсесин алгач билип алып, анан ошого окшогон нерсени издейт эмеспи. Самандын арасынан ийне издеген адам ийненин кандай экенин элестетип билбесе, саманды өрттөп да арасынан издегенин таппайт го.

Буларды жазып жатып, чындыкты түшүндүрүп берет экен деп ойлобогула. Мен деле анын эмне экенин билбейм. Болгону ал кошунаны тоогун ким уурдаганы тууралуу эмес экенин эле билем. Ошондуктан мен чындыкты эмес, ал сөздүн маанисин издей берем. Азыр да керебеттин үстүндө шейшебиме оролуп алып, оонап жүрүп издеп жатам.

Анан буга тиги макалдын, анан "гибкая" кыздын не тиешеси бар дейм да.

Кайталайлычы тиги макалды.
Ии, баарыбыз бир ооздон:
А-ак ии-ийи-илет, би-ироо-ок сынбаа-ааайт!

Азаматтар! (алакандар чабылат)

[Текстти жазып жаткан манжаларын бир сыйра кырсылдатып алып, бүтүп бараткан ырдын кайталоо баскычын чык эттирип койду. Кыска убакка алаксый түшкөн ойлорун жыя албай, терезеден жолдун аркы бетинде жанып турган жалгыз терезени караганча, мурдундагы көңдөрдү тазалап алды.]

Бул макалды жаттаткандар "кылган ишиңер, же айткан сөзүңөр түз болсо, чындык силер тарапта болсо, эч качан сынбайсыңар, ийилесиңер, бирок сынбайсыңар" сыяктуу бир балакеттерди айтышкан болуш керек. Анан мисал катары Токтогулдун өмүр баянын айтып беришип, Айтматовдун оор турмушун баян кылышкандыр, андан тышкары ар кайсы жомоктогу каармандар да өрнөк болгондур.

Анан ошо, мен төшөктө оонап жатып, макалдын маңызын башкача түшүндүм да. Бул макал ийкемдүүлүк жөнүндө экен эй. Тиги "я гибкая" деген кыз ушул макалды айтыптыр да эй, данеги бар кыз экен эй.

Бул макалда төрт сөз бар: 1) ак 2) ийилет 3) бирок 4) сынбайт.
3-сү "бирок" деген байламтага маани бериштин кереги жок.

Кеп бул жерде 1 анан 2-4-сөздөр жөнүндө.
Мен макалды мурда "ак" сөзүнө басым жасап колдончумун. "Ак" ийилди, бирок сынган жок. Себеби ал "ак" болчу.
Агер басымды "ийилет" деген сөзгө койсок, макалдын мааниси дагы тереңирээк болуп өзгөрүп жатат. Бул жерден эми баналдуу - жакшы болсоң жаманды жеңип, хэппи энд болосуң эмес, ийилсең - сынбайсың деген формула чыгып жатат. Ийилген нерсе эмне гана болбошу мүмкүн, ак эле эмес, сары, көк, кара болсо да, негизгиси ийилчээк болсо гана сынбайт деген сөз.

"Ийилүү" - сөзү биздин макалдын контекстинде кандайдыр бир маанайпас (негативдүү) ойду өзүнө камтып, басмырлануу, кыйналуу, мүшкүл тартуу дегендей кабыл алынат.
А биздин жаңы формулада "ийилүүнү" чындыкка жакын болуунун белгиси катары түшүнсөк болот.

Макал менен "гибкая" кыздын байланышын таптык. Анан ушу жерден эми чындыктын башы соксоет. Чындык - бул ийкемдүүлүк окшойт дейм. Анан жаңы суроо кылаят - а ийкемдүүлүк эмине, тообо?

(кыска убакытка пауза: темп жайлайт, адажио)

Шашпай дем алып жатып, асманда калгып бараткан булуттарды элестеткиле: аларды айдап бараткан салкын желди, булуттардан секирип түшүп жаткан жылуу тамчыларды, желге шуудураган дарактардын бариктерин, жылжып аккан өзөндү, андагы калгыган балырларды, ордунда козголбогон таштарды, батып бараткан Күндү, түнкү абанын жыты... Элестеттиңерби? Элестетсеңер, анда силер ийкемдүүлүк эмне экенин да түшүндүңөр.

Улам майдалап жаза берсе, майдаланып кете берет. Бирок чайналган тамак баарына эле жага бербейт да. Ким эле бирөөнүн шилекейи аралашкан нерсени жегиси келсин.


Бир жолу мага жаккан татынакай бир кыз: “Ты много на себя берешь,”-деп таарынды эле. Мен эмне дешти билбей, “ошентип ойлойсуңбу” деп эле койгом. Ал деле жооп бербеди, мен деле кызыгып сурабадым.

Татынакай кыздын айтканында чындык бар. Мен чын эле өзүмө көп нерсени алам. Жумушка, чыгармачылыкка, мамилеге, жашоого тиешелүү. Кээде анын айынан мен дагы, менин жанымдагы адамдар дагы жапа чегишет.

Бирөөнө бир нерсе айтардан мурун, ал сөздүн кандай кабыл алынышын, кабыл алган адамдын реакциясын ойлоно берип, көп учурда эч нерсе айтпай эле, сөздү ичте жутуп жиберүү.
Бул өзүнө көптү алуу.

Сезимдер.
Ал кызга мен канчалык ылайыктуу адаммын, балким аны көбүрөөк бактылуу кыла алган башка бирөө болсочу, ал кыз үчүн баланчадай адамдар гринфлаг болуш керек.
Сезимдерди чыгарып, толук жашап коюш ордуна, бирөө үчүн чечим чыгаруу.
Бул өзүнө көптү алуу.

Иштеш үчүн эле, акча табыш үчүн эле улам жаңы милдетти моюнга иле берүү.
Бул өзүнө көптү алуу.

“Мен болбосом ким” деп бардык ишке баш сая берүү.
Бул өзүнө көптү алуу.

Баарын билгендей, баарын түшүнгөндөй жашоо. Бирөөнүн ички туюмдарын андан жакшыраак билгендей сүйлөө.
Бул өзүнө көптү алуу.

Өзүң бактысыз боло туруп, бирөөнү бактылуу кылууну ойлоо.
Бул өзүнө көптү алуу.

Өзүн сүйбөй туруп, бирөөнө “сүйөм” деп айтуу.
Бул өзүнө көптү алуу.

**
3 толук метраждуу тасманын сценарийинин үстүнөн иштеп жатам. 4-сү да бар эле. Кечээ жакында жетише албай калуу коркунучунан баш тарттым.
2 кыска метраждуу тасмамды бүтүрүү иштери.
1 кыска метраждуу тасманы тартууга даярдык. Сценарийин редакциялоо, команда менен иштөө. Режиссердук концепцияны түзүү.
1 кыска метраждуу тасмага, 1 даректүү тасмага продюсерлик.
Жыл ичи ишке ашчу потенциалдуу 3 башка долбоор.
Аялдар күнүнө куттуктоочу видео-арт тартууга камылга.
Бул өзүнө көптү алуубу?

Киносынчылар ассоциациябыз бар. Мен ал жакта көбүрөөк уюштуруу жагынан баш-көз болуп жүрүп, кийинчерээк кыздар-балдар өз алдынча болуп кеткенде, акырын чыгып кетейин дегем. Бирок азыр топто кыргызча жазгандар жок, же аз. Кечээ жакында бир рецензияны орус тилинде иштеп бүткөм. Бүгүн жаңы рецензия жазууну мойнума илип алдым, кыргызча. Мага окшогон алайлык бала деле кино тууралуу кыргызча тексттерди окушу керек да. Аны мен жазбасам, ким жазат?
Бул да өзүнө көптү алуу.

*
Космопарктын жанындагы даамсыз чизбургерди жеп отуруп, ошол татынакай кыздын татынакай ооздорунан чыккан сөздөр мээме сайылып туруп алды. Өзүңөргө көптү албагылачы.


Сценаристтер жакшы түшүнөт болуш керек, тасмада Биринчи бурулуш чекити болуп өтүп (тасманын алгачкы 15-20 мүнөтү), 2-актта мидпоинтке (болжолдуу 45-60-мүнөттөр) чейин окуянын темпи бир топ жай өнүгөт. Бул аралык каармандын ички кубулуштарын өнүктүрүүгө, биринчи бурулушта болгон окуялардын натыйжаларына арналып, сценарист каарманды жана көрүүчүнү окуянын ортосунда болчу "барса келбес" бурулушка (midpoint) даярдайт. Көрүүчүлөрдүн көбү ушул убакытта зээригип кетип тасманы өчүрүп салат, же уктап калат.

Мен азыр ошол 2-акттын башында жашап жаткандаймын. Зээриккенден уктап калайын, же "тасманы" өчүрүп салайын деген ой деле жок. Жөн эле ойлор. Өзүнүн жашоосун драматургиядагы 3 актка салыштырып алган сценаристтин ойлору.

Оо баягыда 27ге толдум. Бала кезден 30га жетпей эле өлүп калчудай сезе берчүмүн. Бирок 27ге чыкканда жашоонун даамы ширин боло баштайт экен. Мен азыр өзүмдүн мидпоинтимди көргүм келет. Шашпай, өз убагы менен, беймарал. Андан кийин Экинчи бурулуш чекити болот, анан Lowpoint, анан 3-акт, кульминация ж.у.

Кофеканада кофеге тоюп алып, досумду күтүп отурам. Ал кечээ жакында өзүнүн мидпоинт окуясын жашады. Келсе, ошол тууралуу сүйлөшөбүз. Өзүм 2-акттын башында туруп алып, мидпоинттеги адамга көңүл айтып, колдоо көрсөтөм. Кийин ал мага ошентет. Жашоо ушул


@yakabrand деген ишканадагы империалист орустардын арты менен акыркы күндөрү бир топ кыргыз (анын ичинде мен) "маданий апроприация" деген сөздү үйрөндүк. Кыскача түшүндүргөндө бул сөз - кандайдыр бир элдин маданий баалуулуктарынын башкалар тарабынан, маңызы бурмаланган түрдө өздөштүрүлүп алуусу, же кадимки эле уурдалуусу.

Дүйнө элдери арасында бири-биринин маданияттарынан шыктануу аркылуу табигый түрдө маданий алмашуу процесси жүрүп турат. Бирок маданий өздөштүрүүдө (апроприацияга караганда кыргызга айтууга оңой болуш үчүн шунтип койдум) "уурдалып" жаткан символика, объект уурдап жаткандар тарабынан анын маани-маңызынын тереңине жете түшүнбөстөн ишке ашат. Ошондуктан , аталган "өздөштүрүү" дайым эзүүдөгү элдин маданиятына карата колдонулуп, өздөштүргөн тарап көп учурда империалисттик эзүү саясатын жүргүзгөн мурдагы колонизаторлор болуп чыга келишет.

Жогоруда айтылган ишкананы негиздеген сары кыз да кепке-сөзгө көнбөстөн, жалпы кыргыздын дооматын четке кага долуланып чыкты. Мындайды кыргыздар "уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" деп коюшат. Ким кимди доого жыгат, сары кыздын сайраны дагы канчага уланат, ким билет. Бирок бул көрүнүштүн өзү эле биздин коом үчүн, биздин эрке балдар-кыздар үчүн жакшы жөрөлгө болуп калды. Деколонизация тууралуу сүйлөп чыккандарды фрик көрүшүп, көзүн жумуп, кулагын жаап отурган орускулдар үчүн да күчтүү коңгуроо болду. СССР атын жамынган орус падышачылыгы советтик республикалардагы элдердин, анын ичинде кыргыздардын, тилин, дилин, динин, тарыхын, өздүгүн жоюу максатында бир нече жылдарга созулган масштабдуу маданий геноцид уюштурган. Эгемендик алганыбызга 34 жылга ооп баратса да, эмдигиче орустун оорусунан оңоло албай, өз башыбызга өзүбүз ээ боло албай жүргөнүбүз ошо.

"Маданият", "тил", "нарк" деген сөздөр көп учурда көзгө көрүнүп, колго уруна бербегендиктен, анын бар-жогун, уурдалып, же жоголуп жатканына деле назар сала бербейбиз. Бирок сен үйүңдө төшөнгөн шырдакка, сен оронгон жоолукка, сен кийген чапанга кол салуу болгондо, муну байкабай, көрбөй, укпай коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан учурда болуп жаткан чуулгандын арты менен кыргызга тиешелүү заттык жана бейзаттык мурастар өлкөнүн идеологиялык масштабында коргоого алынат деп терең үмүт кылам. Бул үчүн тыным албай өз мүмкүнчүлүгүнүн алкагында күрөшүп жаткан улан-кыздарга ийилип рахматымды айтам.


Бүгүнкүнүн эң сүйкүмдүү каты ❤️‍🩹


Сүйүп калыш үчүн 3 секунд эле жетет дешет. А биз ар 2 секунд сайын көздөрүбүздү ала качып жатып сүйлөштүк.

“Көпкө көрүнбөй кеттиңиз го” деди.
“Көпкө көрүнбөй кеттиңиз го” дедим.
Чет жакта окуп келгенин айтты.
“Келип туруңуз” деди.
“Келип турам” дедим.

Коштошуп жатып атын сурадым.
“Жыпар.”
Жыпар. Атын ичимен кайталадым. Мен билген Жыпарлардын баары эсиме түштү: айылдагы Жыпар эже; апамдын досу, Бекболоттун апасы Жыпар аяш эне; Алыкулдун чарчап калган Жыпары…
“Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон…”
“Жыпар жытың жыттайын аябачы, белек болсун өзүңдөн ошол мага…”

“Сиздин атыңызчы?”
“Тыныстан.”
“Оо, профессор Касым Тыныстанов!”
Ооба, ошол эле. Менин атым романтизмге сеникинчелик бай эмес.

Дагы эмнени ойлоду, билгим келип көздөрүнө тигилем. Бир… эки… Көздөрүм телефонго качып кутулат. Пронесло.

3 секунд деген ерунда дечи. Бирок чыгып баратып артыма кылчактайм. Дагы бир секунд, бир секунд…

#эссе




"Чыгарма жакшы болуш үчүн анын башы менен аягын кесип салыш керек,"-деген экен Чехов. Кезектеги китептин акыркы беттерин окуп жатып ошол сөздөр мээмде кайталанып туруп алды. Китептин барактары түгөнүп баратканы менен, сөздөрү түгөнбөй, бир ойду беш кайталап, улам жаңы сүйлөмгө, жаңы абзацка узара бериптир. Начар китептер ушинтип бүткүсү келбейт окшойт.

Адам өмүрү дагы ошондой да. Начар адам өлбөстүккө умтула берет. Бирок өлбөстүк дайым өлүм менен айкалышып жүрөт да.

Кинодо деле ошол. Режиссерлордун чыгармачылыкта кыскабы, узунбу, айтор, кандайдыр бир чектелүү өмүрү бар. Анан ошол өмүрү бүткөндө деле алжып, тантып бир нерселерди тарта бергендер бар. Барактары түгөнүп, сөздөрү түгөнбөй жаткан китеп сыяктуу.

Баштоо кыйын дешет. Бирок бүтүрүү андан да кыйын го. Башташ үчүн эч качан кеч да, эрте да болбойт. А бүтүрүү... бүтүрүүнүн убагын сезе алуу дайым кыйын.

Былтыр "Байконурда" жаш режиссерлорго залдан мындай суроо берилди.
"Киночулар эң эле көксөгөн Канн, Берлин, Оскар сындуу дүйнөнүн беделдүү сыйлыктарын алгандан кийин эмне кыласыңар?"
Ар ким ар кандай жоопторду берди. Бирок бул жерде жооптордон мурун суроонун өзү кызык. Сыйлыктар кинодогу негизги максат эмес, кийин гана коштоп келчү кыйыр таасир (побочный эффект). Ал эми кино тартуунун максатын ар ким өзү үчүн чечип алышы керек.

Мен үчүн кино тартуу "самоцель" эмес экенин башынан эле билем. Кино мен үчүн өзүмдү, дүйнөнү таануу үчүн жардам берчү курал. Мен ичип жаткан суунун идиши. Сууну ичип болгондон кийин бош идишти колуңда кармап жүрө берүүнүн мааниси жок. Идишти ыргытып коюп, басып кетиш керек. Ал күн эртең келиши мүмкүн, же кечээ өтүп кеткендир. Кеп ошондо. Ска.

***
Тээ төрт жыл мурунку бир эсседеги акыркы абзацты тиркегим келди ушу жерге:
"...Адам бүтүүдөн качып жашайт. Ал дайым уланууну, башталууну издей берет. Ошондуктан өмүрдүн бүтүшү кыйын. Ошондуктан бизди бул дүйнөдө кармаган шылтоолор чыга берет. Ата-эне, жакындар, Кудай, окуялар. Ошондуктан Бейиш жана Тозок бар. Адамга баары түбөлүк гана болсо.
Бирок текст, текст башка. Ал башталганда эле бүтүүгө ашыгат. Ошондуктан кээде бир ууч текст бир адамдын өмүрүнө караганда кызыктуу, терең, чексиз көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан ушул текст ушул жерден аяктайт. Чекит."


Аны улай, ошол эле жылкы башка ырымды таап алдым. Мен азыр мынтип өлсөм да жазбайм (жаза деле албайм). Бирок акыркы алты сап жакты.

Билбейм деги, жүрөктө кагат санаа,
Балким бир күн бул сезим табат дабаа.
Ага чейин жылмайып күлүп койчу,
Гүлүм эркем, күлгөнүң жагат мага.

Туш кадамды сен жакка ыктасам дейм,
Таңдан кечке жаныңдан чыкпасам дейм.
Жасарымча дүйнөнү шилтей салып,
Жашаарымча чачыңдан жыттасам дейм.

Кайгырсам, капамды кууп кубулчусуң,
Муңкансам, музам болуп угулчусуң.
Көтөрчү үнүн бийик махабаттын,
Дүйнөдө биздин ырлар кубулжусун!

Билемин, сен мен үчүн жаралгансың.
Ортодо музду ээритип, жара алгансың.
А менчи? А мен сен деп жаралуу үчүн,
Ишенгин, аркы ааламга бара алам чын.

Жалгызым, жалгыз дебейм, мен бар сенде...
Жалгызың, жалгыз дебе, сен бар менде...

03.08.2018 01:30 Бишкек ш.


Бармагыңа батты тикен, ай аттиң.
Байкадыңбы чытырмандын түрлөрүн?
Жакындасаң көрөр элең, а балким,
жан дүйнөмдүн жайнап өскөн гүлдөрүн.

15.01.2018

7 жыл мурун ушул күнү жазылган төрт сап. Тикендүү кабыктын ичиндеги назик көңүл тууралуу экен.


18. Nobody Knows (2004)
Режиссер бир эле учурда укмуш сезимтал жана муздак кандуу токтоо мүнөз боло алганына аябай таң калдым. Жапондук Корээданын ар бир тасмасы жүрөккө катуу тиет.


Ушу менен болду окшойт. Улам кийинки тасма жөнүндө жазып жатып, мээм чарчаганы сезилип жатты. Эртеңкиге калтыргым келбей, көгөрүп жазып бүтүрүп салдым. Ошондуктан акыркы тасмалар тууралуу көп нерсе жазганга шай калбады. Бирок көрө элек болсоңор, көрүп кое бергиле. Жаман нерсе сунуштаган жокмун. Төмөндө былтыр көргөн сериалдардан мага өзгөчө жаккандары. Ар бири жөнүндө жазып отурбайм. Жөн эле кыска тизме.


Сериалдар:
1. Конь БоДжек (2014 – 2020)
2. Сага о Винланде (2019 – 2023)
3. Сёгун (2024- ...)
4. Голубоглазый самурай (2023 - ...)
5. Оленёнок (2024)

Бүттү.


6. Мастер и Маргарита (2023)
Постсоветтик өлкөлөрдө Булгаковдун бул романы мастрид китептердин бири. Аны окубагандык кайсы бир деңгээлде кемчилик катары да кабыл алынган жайы бар. Мына ошол "Мастер и Маргарита" романын киного түшүрүү максаты көп жылдардан бери каргашага айланып келген. Же тасмага тиешелүү адамдар кайтыш болуп калышчу, же тасмага бут тосуулар болчу, же тасма тартылып бүтүп жарык көрбөй калчу. Мына ошентип роман жазылгандан 80 жылдан кийин гана америкалык орус Михал Локшин көрүүчүлөрдү да, окурмандарды да, сынчыларды да канааттандырган идеалдуу экранизация тарта алды. Тасмада романдагы фантасмагория жана мистиканын баары сакталганы менен, режиссер баарыбир өзүнүн интерпретациясында өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал тасмага пайдага иштейби же жокпу, аны өзүңөр көрүп анан чечкиле.

7. Dune: Part Two (2024)
Жакшы тасмалар сага шык берип, жаңы чыгармаларга түртөт. Ал эми дагы жакшыраак тасмалар болот, аларды көргөндөн кийин жаңы бир нерсе жаратуунун мааниси кетип калгандай болот. Дюна (биринчи жана экинчиси) мен үчүн ошондой тасма болуп калды. Кино аябай көп кырдуу искусство. Бул тасмада ошол көп кырлардын баарын баралына жеткире ишке ашырат.

8. The Zone of interest (2023)
Холокост тууралуу жаңы бир нерсе айтыш кыйын деген заманда чыккан бул тасма калайыктын баарын кайдыгер калтырбады. Тасманы сапаттуу үн менен көргүлө, уккула. Башка эч нерсе айтпайм.

9. Poor Things (2023)
Тааныбагандарга, бир грек бар, аты - Йоргос, фамилиясы - Лантимос. Ал гректин бардык тасмаларын көрүш керексиңер. Муну да, башкаларын да.

10. Самая послушная (1965)
Бекеш Абдылдаев жана Леонид Гуревич деген орус биргеликте "Түштүк кызы" деген романдын негизинде тасма тартышыптыр. Анда башкы ролду Клара Юсупжанова ойноптур. Муну "Клара" тасмасына даярданып жатып бир нече жолу көрдүм. Тасманын эстетикасы бүгүнкү күндө да эскирбей, жапжаңыдай, жапжаштай көрүнөт экен. Каармандардын нукуралыгы, кадр ичиндеги монтаж, актерлордун оюну, баары-баары мыкты деңгээлде. Түссүз экенин эске албаганда, "Түштүк кызы" кечээ эле тартылган тасмадай сезилет.

11. The Salt of the Earth (2014)
Даректүү тасма мен эң сүйгөн жанр. Айтылуу немис режиссеру Вим Вендерс бир сүрөттөрдөн катуу таасирленип, аны тарткан фотографты издеп жөнөйт. Тасма фотографиянын сыйкырын экрандан нур кылып көрүүчүгө чачып берип турат.

12. Challengers (2024)
Өткөн жылдагы эң мыкты фильм деп атай алсам керек бул тасманы. Эң сулуу жана эң стилдүү тасма десе да болот. Техно музыканы жактырам. Ал эми техно музыка жайбаракат кадрларда колдонулганда, ал контрапунктка агып калам. Лука Гуаданьино деген режиссер бар. Өзү гей. Муну белгилеп жазганым, негедир гей-режиссерлор өзгөчө сезимтал болушат экен. Билбейм неге (же билемби), ошентип тыянак чыгарып койдум, айтор.

13. Suspiria (2018)
Бул тизмедеги экинчи хоррор жана жогорудагы гей Гуаданьинонун экинчи фильми. Мага бул тасмада үндөрдүн жана адам денесинин пластикасынын айкалышы өзгөчө жагат.

14. Farewell My Concubine (1993)
Тасма опера ырчысынын өмүр таржымалынын коштоосунда Кытайдын 20-кылымдын биринчи бөлүгүндөгү өткөөл доорун баяндайт. "Акыркы императорго" окшош экенби? Бирок бул жерде режиссердук тизгинди кытайдын белгилүү таланты Чэнь Кайгэ алган. Бертолуччи менен Кайгэнин поэтикасынын ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктарды өзүңөр салыштырып көрсөңөр болот.

15. City of Wind (2023)
Күтүлбөгөн ачылыш. Монгон айым-режиссеру Lkhagvadulam Purev-Ochir'дин дебюттук эмгеги. Монгол жаштары эмне менен дем алып, эмне жеп, эмне деп санаа тартканын көрүү өзгөчө кызык болду.

16. Бауруна салу (2023)
Классикалык эмгектерди көрүп отурганда ичиңде бир башкача көпөлөктөр ойноп, мурдуңа салкын аба ургандай болот. Бул тасманы көрүп жатып ошондой сезимдер болду.

17. Steppenwolf (2024)
Адильхан Ержанов деген казак баурымыз бар, жылында 2-3төн тасма чыгарып турат заводдой эле. Бул тасмасы анын чыгармачылыгындагы бир доордун жыйынтыгындай болуптур. Молданазардын музыкасы болсо ар дайымкыдай асмандан үч метр бийикте.


Чоңойгон сайын жашооңдо улам жаңы тизмелер пайда боло берет экен. Жумуштардын тизмеси, чыгымдардын, кирешелердин, долбоорлордун тизмеси жана башка, жана башка. Улам алсырап бараткан акылыбызга жардамчы, маанисиз жашообузга маани бергенге аракет кылган тизмелер жана тизмелер.

Мен 2020-жылдан бери ай сайын көргөн тасмаларымды тизмелеп жаза жүрүүнү адат кылгам. Анан жыл сайын ал тизмелерди бул жерден бөлүшүп да коем. 2024-жылы 174 тасма көрдүм. Ал тизмени бул жерден көрсөңөр болот. А бул шилтеме аркылуу Letterboxd'до достошсок болот. Ал жакты акыркы учурда тынбай колдонуп жатам.
Леттербокс эмне экенин билбегендер бул видеону көрүшсүн.

Башкаларчылап өткөн жылдын мыкты тасмасын атай албайм. Анткени 2024тө жарык көргөн аттуу-баштуу тасмалардын баарын көргөнгө алым да, шайым да, каалоом да жок. Ошондуктан төмөндө салт боюнча мен 2024-жылы өзүм үчүн ачкан тасмалардын мага эң жаккандары.

Баса:
- ал тасмалар сөзсүз эле 2024-жылкылар эмес.
- тизме да сөзсүз эле 10, же 15 сыяктуу тоголок сандан турбайт. Билбейм канча болорун, жаза берейин, көрө жатарбыз.
- тасмалардын ирээти мен аларды көргөн кезек боюнча кетет, 1-тасма 2-ден мыкты деген түшүнүк жок.
- тасмалардын аталыштарынын кыргызча адаптациясы жок болгондуктан, англис тилинде калтырам.

Анда эмесе 2024-жылы мени көтөрө чапкан тасмалар:

1. The Last Emperor (1987)
Кытайдын акыркы императору Пу Инин өмүр таржымалынын коштоосунда Кытайдын 20-кылымдын башындагы өткөөл мезгилин камтыган кереметтүү көркөм тасма. Жалгыз эле жакпаган жери тасмадагы диалогдор кытайча эмес, англисче тартылганы болду. Тасманы италиялык режиссер Бернардо Бертолуччи тартканын эске алганда, бул чечим кечиримдүүдүр. Анын үстүнө жакынкы 2010-жылдарга чейин дүйнөдө субтитр түшүнүгү кенен жайыла элек болчу. Бертолуччи өзгөчө эстет жана кинодогу акын катары таанымал. "Акыркы император" тасмасы анын фильмографиясында эң негизгилердин бири болуп эсептелинет.

2. Anatomy of a Fall (2023)
2023-жылкы Канндагы кинофестивалдын триумфатору жана "Мыкты сценарий" номинациясындагы Оскардын ээси. Белгилүү жазуучу аялга тамдын башынан кулап өлгөн күйөөсүнүн өлүмүнө негизги шектүү катары айып тагылат. Алардын көзү көрбөгөн өспүрүм баласы башкы күбө катары чакырылат. Сот процесси сыртынан идеалдуу көрүнгөн үй-бүлөнүн ичинде былгып жаткан бардык көйгөйлөрүн элге ашкере кылат. Тасманын анча деле белгилүү эмес франциялык режиссер Жюстин Трие тарткан. Ал эми башкы ролду таланттуу немис актрисасы Сандра Хюллер аткарат. Мага тасмада үй-бүлөдөгү иедалдуу эмес бирок терең мамилени дыкат изилдегени жагат. Ошондой эле сокур өспүрүмдүн көрөгөчтүгү боор этиңди жылыта коет.

3. The Holdovers (2023)
Акыркы жылдары чыккан эң жылуу тасмалардын бири. Рождествонун алдында ар кандай себептер менен мектеп-интернатта калууга мажбур болгон үч жалгыз адамдын (кежир мугалим, тентек окуучу жана ашпозчу аял) окуясы. Тасма а тартылып, сандыкта унутулуп кеткендей таасир калтырат. 70-жылдарды баяндаган визуалдык эстетикасы, каармандардын бир кырдуулугу, жылуу атмосферасы "Ташталгандарды" учурдагы башка тасмалардан таасын өзгөчөлөнтүп, эң негизги жаңы жылдык тасмалардын бирине айлантты.

4. Singin' in the Rain (1951)
Жогоруда "Голливуддун алтын доору" деп жаздым го. Ал кандай деп кызыккандарга ушул тасма эң сонун мисал. "Жаан астында ырдагандар" тууралуу жазыштын кереги жок, аны жөн эле көрүш керек жана алар менен кошо ырдап, бийлеп, кошо сүйүп жашаш керек.

5. Rosemary's Baby (1968)
Хоррор жанрынын күйөрманы эмесмин. Бирок Розмарини көргөн күнү ансыз деле терең сыйлаган Роман Поланскини терең жүгүнгөм. Тасма кезинде эң көп касса жыйнап, андан бери 40 жылдай убакыт өтсө да, тарыхтагы негизги хоррор тасмаларынын бири болуп эсептелинип келет.


Мага сүйлөгөндү үйрөтүшүптүр, укканды өзүм үйрөнүп жатам.
Үн катканды жакшы билем, унчукпаганды эми өздөштүрүүдөмүн.
Таарынганга такшалып алып, кечиргенге кечигип келдим.
Көп иште дешиптир мага, кантип эс алууну эч ким айтпаптыр.
Ойлонуунун түбүнө түшүп кетип, ойлонбой коюуга жете албай жүрөм.

Мен муну тескерисинен үйрөнүү деп атап алдым. Үйрөнүүнүн эки түрү болот окшойт: алгач оңунан, анан тескерисинен. Тескерисинен үйрөнүү оңой эмес экен. Оңунан үйрөнүү бул кыймыл менен байланыштуу болсо, тескерисинен үйрөнүү - кыймылсыздык экен. Алгач кыймылга ээ болуп, анан аны токтотуу кыйын иш турбайбы. Айтор, ошо. Жаңы жылыңар кут болсун, ске


"Аң-сезим ташкыны" жөнүндө алгач жолу Гүлзада эжейден 2017-жылы уксам керек. Анан калп эле "Анна Каренинаны" окуп көргөм. Анан "поток сознания" тууралуу Маке да көп айтып берип жүрдү. Бүгүн иштеп отуруп, колума 2018ден 22-жылга чейин өзүмө смс жазып жүргөн чаттын архиви туш келди. Ташкындаган аң-сезимдер бар экен. Бул кат көңүлдү бурду.

09.01.2019

Лифт токтоду. Бирөөнүн эшиги ачылды. Ким болду экен. Эркек болуш керек. Кирип уктап аткан балдарын өбөт да, аялы жылытып койгон төшөккө кирип кетет. Жок. Үй бүлөсү болсо мынча кеч келет беле. Бойдок бирөө болсо керек.
Улам машинелер жолдогу көлчүктөрдү эки жакка чачыратып ары бери шуулдап өтүп жатышат. Көрүнбөйт, бирок сезилет. Караңгы бөлмө. Тынчтык. Эч капарсыз дем алган балдар. Уйкуда. Баары ушул уйкудагыдай жоош момун болсо. Хе. Нурбек байке: "Жеңеңи капа кылып алсам, түнкү он экиден кийин оңой эле сооротуп адам,"-дейт. Бул убактарда адамдардагы сезимталдык өөрчүйт экен. Чарчоо жана тынчтык.. Ичиңдегини ылгабай төгүп салып, бирөөнүн төккөнүн соруп алган убак.
Ойго ар кандай нерсе келет. Эртең жөнүндө көп ойлоном. Универге, бири-бирибизге ушунча көнүп алдык. Бүткөндө эмне болот? Азыркы тааныштарымын жарымынан көбү ушул жактан табылгандар. Кийин алар менен байланышта боломбу.
Түкүргөндөрдү, аларга каршы чыккандардын чатагын көрүп кускуң келет.
Кезектер. Кезекте туруп өзүңдү чоң организмдин бөлүгүндөй сезесиң. Тиги шляпачан томпойгон эже, бул орус аял, ары жактагы жигит, улам ары бери басып аткан сулуу кыз. Ооба, булардан көз карандысың, алар да сенден. Утурумдук.
Маршрутка. Тыгылыш. Баарынан азабы - жыт! Чыдай албайсың.
Кийинки чекит. Кезек жок экенине сүйүнүп ишимди бүтүрүп жолго түшөм. Жеңилдеп алам. Түйшүктөн арылаар замат дароо жүрөктө боштук сезилет. Апама чалам. Кубанычтуу үнү. Мен да кубанам. Атайын сагындырып үч-төрт күндө сүйлөшөбүз. Күнү тууралуу айтып берет. Мактайм. Күнүм тууралуу айтып берем. Мактайт. Өчүрөбүз. Жөө баскым келет. Басам. Бут чарчайт. Кайра маршрутка. Тыгылыш. Жыт. Улуу аялдар аякта баратышат. Алдынкы орундукта жаш кыз отурат. Аны жээрип караганадар... Байкуш өзү да ынгайсыз. Ичке, кыйшайган буттарын курткасынын этеги менен жабымыш болот.
Үй. Баягы балдар. Өз ара сүйлөшүп жатышат. Салам берем. Кулакчын чечилбейт. Мага сүйлөйт укпамыш болом. Кутуламбы? Кетпейт. Кайра сүйлөйт. "Ыя?". Бир нерсени сурайт. Жооп берем. Отурам. Саатты карайм. Эрте. Ушундан көрө уктап, түндөсү туруп окусамчы. Жок, баарыбир уктап калам. Андан көрө уктабай чыгайын дейм. Ошоооо.


Бала кезде көп ыр жазчумун. Аным студенттик кездин алгачкы жылдарына чейин уланды. Анан чыныгы акындарды окуп-билип калганда, калп эле акын экендигим көзүмө сайылып туруп алды. Анан ал адатты койдум. Кээде талмам кармап, буулукканда чиймелей салган бир нерселерди эч кимдин көзү жетпес бурчтарга тыга салып, тообо келтире жашап жүрөм.

Бир сааттан бери жылуу жуурканга оронуп алып, ошо эски-жаңы ырларды окуп алып кринж болуп отурам. Мен аларды жазып жаткан кезде "кринж" сөзү жок болчу. Ошого кринж болбой эле жаза бериптирмин да. Анткен менен азыр тамашалап атып ал ырлардын баасын кетирген туура эместир. Алар да улуу себеп менен, улуу толгонуу менен жазылгандыр. Айтор, изилдөө уланып жатат, өзүмдү, баягы эле өзүмдү.

Төмөндөгү ошондой бир кринж ыр:

Туура жол кыйындабы, оңойдобу...
Тагдырдын тамашасы оройлоду.
Байкатпай буттан ала жыгытсам дейт,
Бай болгур бүгүнкүнүн "Жолойлору".

Жыгылам, чалынамын, бошойм, жоном.
Жалакай сезим менен кошо ойгоном.
Жөрмөлөп, сойлоп жүрүп болсо дагы,
Жыл өтпөй жеңилбеген Кошой болом.
Жолойду жыга чапчу Кошой болом.

13.04.2018 20:24

Алты жыл айланыптыр. Кайдагы Кошой, ска. Баёолук да..


Улуу ойлорду ойлоп коюп, майда конфликттер менен жашайм.

Тооктор менен кошо жатып, короз менен чогуу турууга тынбай аракет кылганым жана таңда корозду ойготуп алып, анан уйкуга кеткеним ошол майда конфликттердин бири. Азыр таңкы беш. Корозду ойготуп коюп жатайын деп, Тимирязев көчөсүндөгү токсон жетинчи үйдүн бешинчи кабатындагы караңгы бөлмөдө жатам. Бирок Тимирязев көчөсүндөгү токсон жети үйдүн биринде да короз жоктур. Тимирязев көчөсүндөгү токсон жети үйдү кайта-кайта кайрып жазган бул сүйлөмдөрдүн мааниси да жоктур.

Мен ушинтип караңгы бөлмөдө жатып алып, ойлогонго ой калбай калганда, эски сезим менен жактырган ырларды угуп, эски жазышкан каттарды окуйм. Азыр да айпонумда эски бир ыр ойноп жатат. Анын атын жазгандан жаңы сезим тартынат. Эски сезим жактырган ырларды, кыздарды, сырларды жазгандан тартынат жаңы сезим. Азырынча ушундай. Мен азыр жаңы сезимди түшүнгөнгө тырышып жүрөм. Аның да түшүнүп алгыча эскирип кетпесе деп күн сайын короздун кыйкырышынан чоочулап таң атырам. Жаңылануу, өзгөрүү дайым кыйын болот да. Жаңылануудан кийин эскини, өзгөрүүдөн кийин өзгөрбөй калып кеткендерди кабыл алуу анан кое берүү кыйын да. Кабыл алуу анан кое берүү. Бул эки сөздү акыркы айларда өтө көп ойлодум. “Өтө” деп апыртпай эле коеюн. Көп ойлодум, жөн эле көп ойлодум. Ошо жөн эле көп ойлогон кабыл алуу менен кое берүү биз умтулган ыйман, нирвана, Кудай, бейиштин башаты болот турбайбы. Муну мен айтып-айтпасам деле, жазбасам деле баарыңар билесиңер. Бирок биз баарыбыз балакет басып билген эле нерселерибизди күн сайын унутуп кала берет турбайбызбы.

Эмне деп жаттым эле?..

Короз кыйкырды!
Апырттым.
Тимирязев көчөсүндө кайдагы короз.
Бирок кыйкырды болуш керек. Алайдагы тоокканалардын биринде кыйкырды болуш керек.
Ошо. Күнүңөр кутмандуу, асманыңар жарык, акылыңар тунук болсун.


Тиштеримди жууп жатып күзгүнү көпкө карап турдум. Айылга келгени бир жума болду. Бир жума күзгүгө карабаптырмын. Күн сайын тиш жууганда деле, кечээ мурут алганда деле күзгүгө маани бербепмин. Кечээтен бери башы көрүнө түшкөн кыл муруттарымды, Саманчынын жолундай чубалган калдарымды, оркойгон мурдумду, анан күлмүңдөгөн көздөрүмдү көпкө карап турдум. Мендеги көздөр кээде ошентип себеби жок эле күлмүңдөп алышат. Анан ошол күлмүңдөгөн көздөрдү чөмүлө тиктеген сонун, себепсиз эле күлмүңдөгөн көздөрдү.

Эртең шаарга кайтам. Шаарда күзгүлөр көп. Эртең күзгүлүү шаардагы күзгүлүү жашоого кайтам. Ал күзгүлөр кээде сени буулуктуруп жибергендей болушат. Айрыкча алдыңдан байкатпай чыга калганда, чаалыгып-чарчап, алдан тайып баратканыңда. Күзгүлөр сенин тегерекке чачылган көздөрүңдү өзүңө буруп салышат. Анан сен көк асмандын ордуна көз алдыңдагы бырыштарды, желге учкан жалбырактар ордуна жаман сары күрмөңдүн өчкөн өңүн көрүп, байкап жатып каласың. Күзгү ичине тынчтык орнобогон адамды бактысыз эле кыла берет, кыла берет.

Күзгү, күзгү, айтчы, бул дүйнөдө ким сулуу?

*
Балалыктан берки досум менен отуруп, көпкө кобураштык (Акыркы кездерде мен көпкө кобурашыш боюнча алдыма киши салдырбай жүрөм). Ал ичинде эч кимге айтпай сактап, таптап, даярданып жүргөн кыялдары менен бөлүшүп отурду. Мен анын эч кимге айтпай сактап, таптап, даярданып жүргөн кыялдары азыр эле ишке ашып кеткенсип маңдайым жарыла кубанып, кудуңдап отурдум. Кыялданган кандай жакшы. Балалыктан берки досуң менен көпкө кобурашуу андан да жакшы.



Показано 20 последних публикаций.