🥳 Агартуунун алптары менен
❓Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, бүгүнкү бийлик төбөлдөрүбүздүн билимге карата жүргүзүп жаткан саясатына сиздердин көз карашыңыздар кандай болуп жатат?
🔹 Кечээ жакында агартуунун алдыңкылары, өлкөбүздө легендага айланып калган инсандар менен бирге ооз ачуу дасторконунда отуруп, көп нерседен кеч кабардар болдум.
Гапыр Мадаминов агай, Кубат Чекиров агай, Германияда көп жылдан бери АйТи тармагында иштеп, өлкөбүздүн билим тармагында өсүп-өнүүсүн каалап, жаштарга үлгү болуп, алардын билимдүү болуусуна күйүп жүргөн Айзада Акбекова эжебиз, Гапыр агайдын кызы Гүлсара, биздин мыкты программист кызыбыз Италияда окуп билим алып жүргөн Арууке болуп ооз ачууда отуруп, көп маселени талкуу кыла отурдук.
🔹 Ооба, 12 жылдык окууга өтүп жатканыбыз бул көп эле жагынан жакшы экени баарыбызга маалым. Жалпы мугалимдер жамааты, коомчулук буга канчалык даяр же даяр эмес экени ал башка тема, бирок 12 жылдык билим берүүгө өтсөк бул албетте кийинки муун жаштарыбыз үчүн, айрыкча чет өлкөдө билим алууну самаган жаштарыбыз үчүн эбегейсиз зор салым болору бышык.
🔸 Бирок деген маселе бар эмеспи, ушул 12 жылдык окуу системасына өтүү менен эле бирге, өлкөбүздөгү 180 дей лицей-гимназиялардын дагы лицензиялары алынып, алар жөн гана орто мектеп болуп калыптыр. Бир нерсени жабуудан мурда же бузуудан мурда, анын ордуна кандай альтернатива коюп жатабыз ошону жакшы ойлонсок э. Же бир канча туура эмес жери үчүн баарын жапырт жаап салбай, ошол иштебеген жерин гана алып койсо кантмек дейм да.
🔹 Айтайын дегеним, 180 лицей-гимназиянын баарын жаап салбай, алардын максатына жете албай жаткандарын жаап, жакшы иштеп жаткандарын деле алып калса болмокпу деген ойдо калдым.
🔹 Урматтуу окурманым, кандай болгон күндө да ар бирибиз өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Кубат агайлар, Гапыр агайлар Айзада эжелер кандай аракет менен ушул даражага жетишкен, алар жеткен ийгиликти ар бир жараныбыз багынта аларына ишенем. Өлкөбүз билим менен гана алдыга жылат, билим менен гана көз карандысыз, эркин, азат жашай алат.
✍🏻 Турат Алыбаев – агартуучу, програмчы. Бишкек, 23-март, 2025-жыл.