https://islamqa.info/ar/316 تحريم سفر المرأة بغير محرم وشروط المحرم - الإسلام سؤال وجواب
✈️ АЯЛДЫН МАХРАМСЫЗ САПАР КЫЛУУСУ АРАМ. МАХРАМДЫН ШАРТТАРЫ
🧡 СУРОО: 316
Энем ин шаа Аллах умра кылып келүүнү ниет кылып жатат. Күйөөсү жана ага-инилери ал менен барууга кадыр эмес. Авасынын баласы, ал күйөөсүнүн иниси (кайниси), ошол эле учурда ал эжесинин күйөөсү (жездеси), аялы менен ажылык кылат экен. Энем ошол экөө менен умрага сапар кылуусу болобу?
❤️ ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
Ислам дини аялдарды коргоп, алар сапар кылганда аларды жаман ойлуу, кара ниет адамдардан сактоо, коргоо үчүн жана азаптын бир бөлүгү болгон сапарда алсыз болгон аялга жардам берүү үчүн, махрамы (ага үйлөнүүсү арам болгон эркектер) болуусун милдеттендирди (важиб кылды). Аял кишиге махрамсыз сапар кылуу дурус эмес. Ибну Аббастан келген Пайгамбар ﷺ дын хадисинин негизинде:
❤️ (Сахих аль-Бухари, 3006).
Махрам болуусу важиб экенине далил болгон жери, Пайгамбар ﷺ ал кишиге жазылып калуусуна карабастан, казатты (Аллах жолундагы согуш) таштоону буйруду. Ал эми ал аялдын сапары эс алуу үчүн эмес, саякаттоо да эмес, балким, ибадат (Аллахка жакындык) болуусуна карабастан, күйөөсүн ал менен бирге сапар кылууга буйруду.
Аалымдар махрамга беш шартты талап кылган. Алар:
❤️1. Эркек болуу
❤️2. Мусулман болуу
❤️3. Балагатка жетүү
❤️4. Акыл-эстүү болуу
❤️5. Түбөлүктүү махрам болуу, мисалы, атасы, акеси, авасы, тайкеси, күйөөсү, кайнатасы, апасынын күйөөсү (өгөй ата), эмчектеш ага-инилери, ж.б.
Бул убактылуу никеси арам болгондордун каршысында. Мисалы: эжесинин күйөөсү, таежесинин жана апежесинин күйөөсү сыяктуу.
Ушуга карай, күйөөсүнүн агасы жана авасынын балдары же тайкесинин балдары махрам болуп эсептелбейт. Ал аял алар менен сапар кылуусу дурус эмес.
❤️ Туурасын Аллах билүүчү!
____________
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП
➤➤https://chat.whatsapp.com/CzmVof5gWcT8OMTehFEYrD
➤➤https://t.me/Islam_SurooJoop
➤➤https://www.instagram.com/islam_suroo_joop/profilecard/?igsh=MWVtYWpvcW0xcHAybQ==
➤➤https://www.facebook.com/islamsuroojoop.islamsuroojoop

{ لا تُسَافِرَنَّ امْرَأَةٌ إِلا وَمَعَهَا مَحْرَمٌ فَقَامَ رَجُلٌ فَقَالَ يَا رَسُولَ اللَّهِ اكْتُتِبْتُ فِي غَزْوَةِ كَذَا وَكَذَا وَخَرَجَتِ امْرَأَتِي حَاجَّةً قَالَ اذْهَبْ فَحُجَّ مَعَ امْرَأَتِكَ }
"Аял киши махрамсыз сапар кылбасын! Бир киши турду да: "Оо Аллахтын элчиси, баланча деген казатка жазылып койдум эле, аялым ажыга чыгып жатат", - деди эле, Пайгамбар ﷺ: "Баргын да, жубайың менен ажылык кыл!", - деди".