https://islamqa.info/ar/126486 قريبها يعمل في عمل محرم وأهداها مبلغا من المال - الإسلام سؤال وجواب
🤍
АНЫН ТУУГАНЫ АРАМ ЖУМУШТА ИШТЕП, ТАПКАН АКЧАСЫНАН БЕЛЕК БЕРГЕН…
🤍
СУРОО: 126486Аллах мага кыз перзент берип, туугандарымдын бири ири сумманы белек кылды. Ал тууганым телевидениеде үн режиссеру болуп эмгектенет.
🤍 Ошол акчаны керектүү буюм алганга иштетсем болобу же (садака же муктаждарды тойгузуу же башка) жакшы ишке жумшашым керекпи?
🤍 Жолдошумдун бир аз карыздары бар, ошону кайтарганга иштетсем болобу?
🤍 Негизи эле арам акчаны белек кылып алса болобу?
🤍 Каапыр адамдан белек кабыл алса болобу?
🤍
ЖООП:Аллахка алкыш-мактоолор болсун!
🤍🤍🤍🤍 мал-мүлк 🤍 түрдө болот:
🤍 Өзү турушунда арам мал, уурдалган, тонолгон сыяктуу, андайды эч кимден кабыл алса болбойт. Анткени ал малды ээсине кайтарып бериш керек;
🤍 Кирген киреше келген жолу себептүү арам болгон мал-мүлк - сүткөрлук менен иштеп тапкан же арам иш кылып, паракорлук, жалганчылык, ырчылык же бий сыяктуу иш менен иштеп тапкан мал. Бул түрүнө арам кинолорго жана сериалдарга үн коштотуп режиссерлук менен тапкан акча да кирет. Бул мал келген жолу үчүн арам жана тапкан адамдын өзүнө гана арам болот. Ал эми анын малынан башка бирөө шариаттагы уруксат жолу менен алса, эч нерсе эмес. А бирок кабыл алуудан баш тартуу жана андан пайда алуудан этият болуу жакшыраак, айрыкча андан баш тартуу аны берген адамга таасирин тийгизип, кылган ишин таштоого себеп боло турган болсо.
Абдуллах ибн Мас’уддан сахих болуп келгендей, андан “сүткорлук менен иш кылган кошунасы тамакка чакыргандыгы” тууралуу сурашканда, “чакыруусуна жооп бер. Ырахат силерге, күнөө ага” - деп жооп берди.
🤍 (Жами’у аль-Улюм валь-Хикам, 71).
Шейх ибн Усайминден (рахимахуллах) сурашты: “Бир киши атасынын мал-мүлкүнүн негизи арамдан экенин билет. Атасынын тамагынан жей береби? Эгер анын тамакка чакыруусун четке какса, бул ата-энеге тоң моюндук кылууга киреби?”
“Эгер атасынын мал-мүлкү арамдан экенин, өзү турушунда арам экенин билсе, башкача айтканда, атасы аны башка бирөөдөн уурдап алганын билсе, жегенге болбойт. Эгерде атасы бир койду уурдап алып, анын союп конокко чакырса, аны жегенге болбойт, чакырганына жооп бербейт. Эгерде мүлкү өзү эмес, тапкан жолу арам болсо, тагыраак айтканда, сүткорлук кылып же паракорлук менен, же ушул сыяктуу жол менен келген болсо, жей берет, ал ишинин күнөөсү атасына гана болот” - деп жооп берди.
Буга далил: Пайгамбар ﷺ жөөттөрдүн сүткорлук менен жана мыйзамсыз жол менен тапканын билсе да, алар чакырганда тамагын жеген. Ага жөөт аял Хайбар казатында ууланган кой этин белек кылган, бирок Аллах аны ﷺ коргоп калган. Бир жөөт ага арпадан нан алып келгенде кабыл алып жеген. Жана да үй бүлөсүнө жөөттөн тамак-аш сатып алып, аны жеген.
🤍 (Лико аль-Бааб аль-Мафтуух, 13/188).
Буга карай, бул акчаны сен кабыл алып, пайдалансаң болот. Эгерде аны карызы бар күйөөңө садака кылгың келсе дурус. Күйөөң садаканы ошол тууганың берген акчадан же башкадан болобу, алса болот.
Абдуллах ибн Мас’уддун аялы
Зайнаб Пайгамбарга ﷺ айтты: ”Оо Аллахтын пайгамбары! Сиз бүгүн садака кылууну буйрудуңуз, менде зергер буюмдарым бар, аларды муктаждарга садака кылайын дедим. Бирок Ибн Мас’уд ал жана анын балдары бул садакага акылуураакпыз деди. Анда Пайгамбар ﷺ айтты: “Ибн Масуд туура айтты. Күйөөң жана балдарың аларга садака кылууңа акылуураак” - деди.
🤍 (Сахих аль-Бухари, 1462; Муслим, 1000).
🤍 Экинчиден:
Арам мал-мүлктүн ээси Аллахка тооба кылуусу керек жана колундагы арам мүлктү кайрымдуулукка же кедей-кембагалдарга, карызы барларга ж.б. берүү аркылуу арылуусу керек. Бергенде да арамдан кутулуу ниети менен берет, садака ниетинде эмес, анткени *Аллах – Аруу жана Ал жакшыдан (адалдан) башканы кабыл кылбайт.*
Буга карай, эгерде тууганыңыз ал арам мүлктөн арылуу үчүн күйөөңүз карызынан кутулганга берсе, аны алса болот. Эгер ал кутулуу ниети жок эле сизге акча берсе, сиз аны күйөөңүзгө берсеңиз, анын эч кандай жамандыгы жок, жогоруда айтылгандай, сизге адал жол менен келди, б.а. белек катары, ал эми күнөө аны (арам) алган адамга гана жүктөлөт.
🤍 Үчүнчүдөн: