🎓
Биринчи курска чейин билгим келген 7 нерсеБиринчи курс — жаңы адамдар, окутуучулар, расписание жана көнүп кетүүгө убакыт талап кылган жаңы эрежелер менен коштолгон жаңы этап. Ошондуктан алгачкы күндөрү өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам бере турган бир нече жөнөкөй кеңешти чогулттук.
1. Кураторуңдун байланыш номерин сактап койОкуу же уюштуруу маселелери боюнча суроо жаралса, кимге кайрылуу керектигин билесиң.
2. Расписаниеге жана билдирүүлөргө көз салып турӨзгөрүүлөрдү жана маанилүү жарыяларды өткөрүп жибербеш үчүн расписаниени жана группанын чаттарын текшерип тур.
3. Группалаштарың менен таанышБаары менен дароо таанышуу шарт эмес. Жок дегенде бир нече адам менен таанышып ал — чогуу окуу бир топ жеңил болот.
4. Маанилүү даталарды жазып жүрДедлайндар, зачеттор, иш-чаралар — аларды дароо календарга же эскертмелерге белгилеп койгон жакшы.
5. Суроо берүүдөн коркпоТеманы түшүнбөй калдыңбы же эмне кылыш керектигин билбей жатасыңбы? Сура. Мында эч кандай жаман нерсе жок.
6. Университеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланИш-чаралар, долбоорлор, сынактар жана студенттик активдүүлүктөр — жаңы тажрыйба топтоп, досторду табуунун эң сонун жолу.
7. Көнүүгө өзүңө убакыт берАлгачкы жумаларда баары көнүмүш эмес сезилсе, кабатыр болбо. Убакыт өткөн сайын расписаниеге, аудиторияларга жана окуу процессине көнүп кетесиң.
Постту сөзсүз сактап кой — окуу башталганга чейин кайра кайрылып көрөсүң! ❤️🤍🩶