TGStat
TGStat
Qidiruv uchun matnni kiriting
Ilg‘or kanal qidiruvi
  • flag Uzbek
    Sayt tili
    flag Russian flag English flag Uzbek
  • Saytga kirish
  • Katalog
    Kanal va guruhlar katalogi Kanallar qidiruvi
    Kanal/guruh qo‘shish
  • Reytinglar
    Kanallar reytingi Guruhlar reytingi Postlar reytingi
    Brendlar va shaxslar reytingi
  • Analitika
  • Postlarda qidiruv
  • Telegram'ni kuzatish
Департамент развития НОУ УНПК МУК

26 Aug, 09:47

Telegram'da ochish Ulashish Shikoyat qilish

🎓 Биринчи курска чейин билгим келген 7 нерсе

Биринчи курс — жаңы адамдар, окутуучулар, расписание жана көнүп кетүүгө убакыт талап кылган жаңы эрежелер менен коштолгон жаңы этап. Ошондуктан алгачкы күндөрү өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам бере турган бир нече жөнөкөй кеңешти чогулттук.


1. Кураторуңдун байланыш номерин сактап кой
Окуу же уюштуруу маселелери боюнча суроо жаралса, кимге кайрылуу керектигин билесиң.

2. Расписаниеге жана билдирүүлөргө көз салып тур
Өзгөрүүлөрдү жана маанилүү жарыяларды өткөрүп жибербеш үчүн расписаниени жана группанын чаттарын текшерип тур.

3. Группалаштарың менен тааныш
Баары менен дароо таанышуу шарт эмес. Жок дегенде бир нече адам менен таанышып ал — чогуу окуу бир топ жеңил болот.

4. Маанилүү даталарды жазып жүр
Дедлайндар, зачеттор, иш-чаралар — аларды дароо календарга же эскертмелерге белгилеп койгон жакшы.

5. Суроо берүүдөн коркпо
Теманы түшүнбөй калдыңбы же эмне кылыш керектигин билбей жатасыңбы? Сура. Мында эч кандай жаман нерсе жок.

6. Университеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалан
Иш-чаралар, долбоорлор, сынактар жана студенттик активдүүлүктөр — жаңы тажрыйба топтоп, досторду табуунун эң сонун жолу.

7. Көнүүгө өзүңө убакыт бер
Алгачкы жумаларда баары көнүмүш эмес сезилсе, кабатыр болбо. Убакыт өткөн сайын расписаниеге, аудиторияларга жана окуу процессине көнүп кетесиң.

Постту сөзсүз сактап кой — окуу башталганга чейин кайра кайрылып көрөсүң! ❤️🤍🩶

160 0 0 2
Katalog
Kanal va guruhlar katalogi Kanallar to‘plamlari Kanallar qidiruvi Kanal/guruh qo‘shish
Reytinglar
Telegram-kanallar reytingi Telegram-guruhlar reytingi Postlar reytingi Brendlar va shaxslar reytingi
API
Statistika API'si Postlar qidiruvi API'si API Callback
Kanallarimiz
@TGStat @TGStat_Chat @telepulse @TGStatAPI
O‘qish
Академия TGStat Telegram tadqiqoti 2019 Telegram tadqiqoti 2021 Telegram tadqiqoti 2023
Kontaktlar
Справочный центр Qo‘llab-quvvatlash Email Vakansiyalar
Har xil narsalar
Foydalanuvchi shartnomasi Maxfiylik siyosati Ommaviy oferta
Botlarimiz
@TGStat_Bot @SearcheeBot @TGAlertsBot @tg_analytics_bot @TGStatChatBot