Шейх Муаз Хава.


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Тасаввуф хикматтары.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Сени эстесем, көңүлдөргө гүл өсөт,
Сени сүйүү, кандай бакыт, чоң дөөлөт.
Акыретте болсом экен коңушуң,
Дуа менен таңдар атып кеч бүтөт.

Пайгамбарыбызга салам салаваттар болсун...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ассалааму алейкум уа рохматулло
Шейхим кайсы бир күнөөнү кылып алгандан соң, жүрөктүн оорусу жана тынчсыздануусу.
Бул жакшы белгиби?

Убар устазыбыз тааныгы Муаз Хава (Аллах өмүрлүү кылсын) айтты:
"Бул жүрөктүн тирүүлүгүнүн белгиси.
Бирок ошол нерсе өчүшүп кетип сыйыныч-ибадаттан бөгөт болчу күйүткө жеткирбеши керек. Балким Жараткан алдында өзүн кемсинтип, кулдугун моюндап, Ага жагынуу, багынуу менен сыйыныч-ибадатка берилиши керек".

السلام عليكم ورحمة الله وبركاته
سيدنا الالم والانزعاج في القلب بعد الوقوع في اي معصية هل هو علامة جيدة؟

قال سيدي الشيخ معاذ حوى الحموي (حفظه الله تعالى): "علامة حياة القلب
لكن يجب أن لا يكون معه اكتئاب مانع من الطاعة
بل يستغل الافتقار واحتقار النفس في الطاعة مع التذلل"
https://t.me/Muazhawwa


قال رسول الله (صلى الله عليه وسلم): "عجبا لأمر المؤمن، إن أمره كله له خير"

Жараткан элчиси (ага алкыш-саламдар болсун) айтты: "Момундун иши таң калаарлык, анткени анын бардык иштери ал үчүн жакшылык"

   Сен кабылган кыйынчылык, көйгөйлөргө сабыр кылуу менен аларды жакшылыкка айланта аласың
   Башка түшкөн түйшүк, сыноолордон да жакшылык жасай аласың... Ал Жараткандын сага берген башка толгон токой жакшылыктарына шүгүр кылуу жана анын буйрук-тыйыктарын кынтыксыз аткаруу менен болот.

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Урматтуу бир туугандар! 📣

Каналды бөлүшүп, суроого жооп издегендерге себебчи болуңуз.✅
👇📃📄📈

Суроо-жооп
Фатва
https://t.me/hanafiajordan
Үммөттүн кызматында болуу шарапат.


قوله تعالى: «وَلْتَنظُرْ نَفْسٌ مَّا قَدَّمَتْ لِغَدٍ»
(الحشر/١٨)

Улуу Эгем айтты: "Напси(пенде) эртеңкиге эмне жөнөткөндүгүн карасын!..."
(Хашр/18)

Бул жалган жашоо жана андагы жалтырактар сени алаксытпасын. Бул нерселердин баарын, сен күтпөгөн бир заматта, өлүм келип тып-тыйпыл кылат. Андыктан Жараткан Эгеңе жолугууга даярдан!
Чын жайга эмне белендедиң?,
Ошону ойлон!...

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Оо Алланын элчиси, тообонун белгиси эмне деп суралды.
Айтты: "Өкүнүч"

Ибни Масуд (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте Сүйүктүү жолдоочубуз (Алланын алкыш-саламдары болсун) айтты: "КЫЛГАНЫНА ӨКҮНҮҮ БУЛ - ТООБО"
(Муснад Ахмад, Тарих Ал-Бухарий).

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Акын эмесмин, сөздү чебер айткыдай,
Жазуучу эмесмин сөздү көркөм жазгыдай.

Устаздарым атагы чыккан аалым болот,
Аалымдарга каршы чыккан заалым болот.

Аалымдардын болом кызматкери да, шакирти,
Дене, рухум курбан болсун адеги.

Таш ыргытпа, аалымга да молдого,
Дин мээнети деп аракет кылып жататго.

Көрө албас, ичи таарлык кылып жаткандар,
Туз жаласын ичи күйгөн жамандар.

Акыйкат бир, айтыла берет ар дайым..
Ак-караны ажыратып билген бар.

Сөз атылды биз жайдары, карачы,
Көңүлгө деле албайм андайды.

Сынба рухум ар бир кыйын сынчыга,
Билгин таш ыргытылат, мөмө берген даракка.

Таш ыргытсаң да, ыргыткының мен жака,
Тийбесин залакатың асыл жандарга.

Жанган жылдызым жанып өчүп баратат,
Сапар алдым оо Жараткан, ыйык жолуңа.

Ээ адамдар! Аалым улуу башын кичик кылганда,
Женил саноо болбойт аларга.

Насааттарына кулак сал да, амал кыл.
Бара турган жериң бейиш болот ин ша Алла.

Жазган: А.А.
https://t.me/Muazhawwa


Улуу Имам Али (Алла андан ыраазы болсун) айтты:

"Адеп-эрдем - сатылбайт жана сатып алынбайт. А балким ал тууралыкка тарбиялангандардын жүрөгүнө басылган мөөр.
Алтын-күмүшүн жоготкон бул жакыр эмес,
Балким, көркөм кулк-мүнөздү жана адеми адеп-эрдемди жоготкон - бул чыныгы жакыр... "
https://t.me/Muazhawwa

Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Шаабан айы

   Үстүбүздөгү ай Рамазан айына чейинки Шаабан айы.
Бул айда бүт жакшылыктарды кылууга чамдоо керек. Аллахтын элчиси (ага алкыш-саламдар болсун) айтты: "Шаабан бул Ражап менен Рамазандын ортосундагы ай, а адамдар аны көңүлгө албай, кайдыгер."  Бул хадистен бул жөнөкөй эмес, өзгөчө ай экендигин түшүнөбүз. Андыктан бул айда колдон келишинче, изги иштерди аткарууга тырышалы...!
   
    Бул айда өзгөчө Сүйүктүүбүз Алланын элчиси Мухаммад (ага Алланын алкыш-саламдары болсун)га  алкыш-саламдарды көбөйтүшүбүз керек. Анткени аалымдар айтышат: Бул айда "алкыш-салам" айтууга буйруган төмөнкү аят түшкөн.
"Чындыгында Аллах жолдоочуга мээримин төгөт, ошондой эле анын периштелери ал үчүн дуба кылышат, оо ыймандуулар!, силер да ага көптөгөн алкыш-саламдарды айткыла!..." (Ахзаб/56)

   Ошондой эле, "Шаабан айы - карылардын, башкача айтканда Куран окуучулардын айы" бул боюнча Ибни Ражжап (Алла ырайымына бөлөсүн) айтты: "Амыр бин Кайс Шаабан айы башталганда соода-сатык иштерин жыйыштырып, Куран окуу үчүн бошойт эле.

Анан минтип айтат эле: "Рамазанга чейин өзүн оңдогондорго кубаныч болсун."
https://t.me/Muazhawwa




قوله تعالى: «مَّا يَلْفِظُ مِن قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ» (سورة ق/١٨)

Туюнткусу:
"(Адам баласы) кайсы бир сөздү сүйлөбөсүн, аны көзөмөлдөөчү, эсептөөчү(айыктар) бар."
Айык, жумчу - периште(персче).

‏ﻗﺎﻝ ﻋﻤﺮ ﺑﻦ ﻋﺒﺪ ﺍﻟﻌﺰﻳﺰ -رحمه الله-:
"ﻣَﻦ ﻋﻠِﻢ ﺃﻥ ﻟﻠﻜﻼﻡِ ﺛﻮﺍﺑﺎً ﻭﻋِﻘﺎﺑﺎً، ﻗَﻞّ ﻛﻼﻣﻪُ ﺇلّا ﻓﻴﻤﺎ ﻳﻌﻨﻴﻪ."

Умар бин Абдул-Азиз (Алла ырайымына бөлөсүн) айтты:

"Киши сүйлөгөн сөзүнө жараша сыйлоо, же кыйноо болорун аңдаганда, сөзү азайып, керегине жараша гана сүйлөмөк."

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


و قال أبو سليمان الداراني (رحمه الله تعالى):

"إذا أخلص العبد، انقطعت عنه كثرة الوساوس و الرياء."

Абу Сулайман Ад-Дараний (Алла ырайымына бөлөсүн) айтты:

"Эгер пенде Жаратканга чын жүрөктөн берилсе, көптөгөн азгырыктардан жана эл көрсүндөн кутулат".

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Улуу билги Шейх Мухаммад Абуль-Худа Ас-Соййадий(Аллах ырайымына бөлөсүн) минтип жазат:

"Рифаия тарикатында:
Адеп-эрдем милдет,
Адеми амалдар лазым,
Жолу:
Сүннөткө чектелүү,
Бидъаттан четтенүү."

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Такыбалык

Урматтуу устазыбыз Муаз Хава Ал-Хамавий (Жараткан аны өмүрлүү, иштерин үзүрлүү кылсын) айтты: Жараткан пенделеринин такыбалыгына жараша сый-урмат бергендиктен, аныгында бул Жаратканга чындап бет алгандардын издегени,
Ийгиликтин жана жакшылыктын жолу болуп саналат.
Улуу Эгем айтты: "Чындыгында Жараткандын алдында эң сыйлууңар - бул такыбараагыңар" (Хужурат/13)

Такыбалык - бул пенде Жараткандын ачуусуна жана азабына кабылбашы үчүн, аны ибадат-сыйынычка умтулткан жана жазык иштерден тоскон Жаратканга болгон коркуу, ийменүү сыпаты.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын алкыш-саламдары болсун) кабырлардын жанынан өтүп баратып:
"Бул эки кабырда азап болуп жатат. Бири сөз ташыган чагымчы, а экинчиси заарасынан сактанбайт эле" - деди, соң эки кабырга жаш чырпыкты экиге бөлүп сайып койду да: "Бул чырпыктар куураганча алардын азабы жеңилдээр!" - деп айтты.
(Бухарий, Муслим).

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар




Сопу дегенде селде менен чапан максат эмес.
Анткени олуялар селде менен чапанды сатышпайт.
Эгер селде менен чапан гана максат болгондо базардан каалаган адам сатып алмак.

Бул жол, чынчылдардын жолу. Жолго аттанган, бара турган жерге жетет. Ыйык сапар, зикир менен жол жарык. Жолдон адашпоо үчүн жолду билген адам (тарбият устаз) керек. Издеген адам табат....
ليس الطريق لمَنْ سَبَق إنَّما الطريق لمَنْ صَدَق

Бул чыйыр - алдын озуп, шашылгандардын жолу эмес,
Чындап Жаратканга берилип, жалынгандардын жолу.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар




كَثْرَةُ حَياءِ الرَّجُلِ دَليلُ إِيمانِه
علي أبن أبي طالب (كرم الله وجهه)

"Кишинин уяттуулугу анын ыйманынын көрсөткүчү"

Али бин Абу Талип (Аллах жүзүн жаркытсын).

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Шейх кармануунун зарылдыгы

Шейхибиз Муаз Хава (Аллах өмүрлүү кылсын) жазат.
"Бул ырды жазган Ибнил-Банна Ас-Саракустий (Аллах ырайымына бөлөсүн) Жаратканга бет алууну жолоочулукка окшотту. Кандай эле жолоочу мурда жүрбөгөн жол менен жүрүүдө жол башчыга муктаж болгондой эле, Жаратканга бет алуучу да баштоочуга муктаж. Аныгында Жаратканга бет алууда баштоочуга болгон муктаж чоңураак. Анткени Жараткан көзгө көрүнбөйт  көмүс(гойб). Ал эми жолоочунун жолу көрүнө айкын.

و إنما القوم مسافرونا
لحضرة الحق و ظاعنونا

Чындыгында бул коом жолоочулар
Чын жүрөктөн Жаратканга бет алчулар

📝Бул жерде коомдон максат суфийлер.

فافتقروا فيه إلى دليل
ذي بصر بالسير و المقيل

Жолдо аларга баштоочу керек болду
Жакшы билген түнөктү жана жолду

📝 Жол бул - тарикат, тасаввуф.
📝 Баштоочу - башкаларды такыбалыкка тарбийалай алчу жакшылыкка баштай алчу такыба, олуя адам.

قد سلك الطريق ثم عادا
ليخبر القوم بما استفادا

Басып өтүп ал жолду, кайра келген
Бөлүшүү үчүн коомго билгенинен

و جاب منها الوهد و الآكاما
و راض منها الرمل و الرغاما

Басып өткөн ал жолдун дөң, сайында,
Бийабан-кум жана турпак-ылайында...

و جال فيها رائحا و غاديا
و سار كل فدفد و واديا

Жортуп кайткан ал жол менен эчен ирет
Жалама өтмөк, өрөөнүн да мыкты билет

و علم المخوف و المأمونا
و عرف الأنهار و العيونا

Беш колундай түпкүй менен түзөңдү
Таанып билет кайнар менен өзөндү

قد قطع البيداء و المفاوز
و أرتاد كل حابس و حاجز

Какыр талаа, эрме чөлдү кезип өткөн
Көңкү бөгөт-тосмолорду жаттап бүткөн

و حل في منازل المناهل
و كل شرب فهو فيه ناهل

Соң жетип, тынч орунга жайгашкан
Суусуну кангыча ичкен бүт булактан

📝 Жолдогу ар кайсы окшоштуруулар(дөң, сай, өрөөн, өтмөк ж.б) бул - тарикат жолундагы нафсинин абалдары. Баштоочу ошол абалдардын баарын башынан кечирген.
📝 Тынч орун - жүрөк Жараткан менен тынчтанган "Нафс Мутма'инна" абалы.
📝 Бул жерде булактардан максат тарикаттардагы оз ара өзгөчөлүктөр,  артыкчылыктар. Шейх бир эле эмес, бүт тарикаттардын өзөгүн, рухий тамырын таанышы керек.

فعندما قام بهذا الخطب
قالوا جميعاً: أنت شيخ الركب

Аткарган соң бул маңыздуу, үлкөн ишти
Атпай журт: "Жол башчы болдуң"- дешти".
("Тазкийа" китебинен)

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.