Шейх Муаз Хава.


Kanal geosi va tili: Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa: Din


Тасаввуф хикматтары.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Qirg‘iziston, Qirg‘izcha
Toifa
Din
Statistika
Postlar filtri


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
فكركم إن كان في غير الحبيب
ما لكم في النشأة الأخرى نصيب

Ойуң эгер ыраак болсо сүйүктүүдөн
О дүйнөдө кур каласың чоң үлүштөн

Сүйүктүү - жалпыны жараткан Улуу Аруу Эгебиздин сүйүктүүсү, элчиси жана биздин төрөбүз тандамал Мухаммад (صلى الله عليه وسلم)

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ибни Атоиллаахи Сакандарий Аллах ырайымына бөлөсүн "Лата'иф Минан" эмгегинде айтат.

Билим алуу менен өмүрүн өткөргөн, кырк же элүү жыл билим алуу менен жүрүп, алган билимине амал кылбаган кишинин мисалы: ошончо убакыт бою тазалануу, кайра-кайра даарат алуу менен алек болуп эч намаз окубаган киши сымал.
Анткени билимден максат ага амал кылуу, кандай эле даараттан максат намаз окуу болгондой эле.

قال ابن عطاء الله السكندري (قدس الله سره) في "لطائف المنن":

"و مثل من قطع الأوقات في طلب العلم، فمكث أربعين سنة أو خمسين سنة يتعلم العلم و لا يعمل به: كمثل من قعد هذه المدة يتطهر، و يجدد الطهارة و لم يصل صلاة واحدة، إذ المقصود من العلم العمل، كما أن المقصود بالطهارة وجود الصلاة"
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


قال الإمام الشَّعراني:
سمعت سيدي عليًّا الخواص (قدس الله سره) يقول: "مدارك الإمام أبي حنيفة دقيقة، لا يكاد يطَّلع عليها إلَّا أهل الكشف من أكابر الأولياء".

Имам Аш-Шаа'роний айтты:

Устазым Али Ал-Хаввастан (Аллах ырайымына бөлөсүн) уктум:
"Имам Абу Ханифанын билим-таанымдары ушунчалык терең, көөдөнүндө көзү бар, үлкөн олуялар гана түшүнө алышпаса, башкасы түшүнө албачудай."

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Эгер напсин көр каалоолорго чакырса, жүрөктү бошоткуча "ушул жолкусун аткарып койо берейин" - дей көрбө!

Бир жолу ага женил карасан... Көнүп алат да. Кийин сени андан да чон бузук каалоолорго чакыра баштайт."

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Акыйда-ишенимди окутуучу сага акыйкатты үйрөтөт.

   Ал эми тасаввуфту окутуучу, баштоочу (муршид) сага акыйкатты эскертип, сени ошол акыйкатка тарбиялайт".

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Улуу Ахмад төрө Ар-Рифаий (قدس سره الشريف) айтты:
"Элге көрүнгөндү (атактуулукту) сүйүү омурткаңды омурат."

Түшүндүрмө:
Башкача айтканда, омурткасы омурулган адам, кийин оңолсо да баштагыдай толук адам болбойт. Ошол сымал Жараткандын ыраазылыгын көздөбөй, жаратылгандардын назары менен гана эсептешкен адам, эсели оңбойт. Бир-эки күн жыргаса да, андан ары адымы көп узабайт.
Өзгөчө динди өзүнүн көр күсөөлөрүнө жетүүгө шаты кылгандар Жараткандан коркушсун...!
Жараткан баарыбызды туура жолго баштасын.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Уйкудагы ойготулат, кайдыгерге эскертилет.
Эгер кимге эскертүү, ойготуу пайда бербесе..., анда ал өлүк.
   А угут-насаат, аныгында аны жүрөгү менен кабылдагандарга пайда берет.
   Жаратканга ийилген киши гана, эскертмени кабыл алып, анын негизинде иш жүргүзөт".

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар




قوله تعالى: «وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ» (التوبة/٥١)

Улуу Эгем айтты: "Момундар Аллага гана таянышсын" (Тообо/51)

Ким Жаратканга таянса, ал Ага ыраазы болот.
Ким Жаратканга ыраазы болсо, анда ал Ага гана таянат.

Колдон келишинче аракет кыл, калганын Эгеңе тапшыр!
Амалыңа эмес, Аллага таян!
Жараткандын жазганына ыраазы бол!

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ассаламу алайкум уа рахматуллахи уа баракатуху.

Айтыңыз маарек болсун! Туткан орозоңор кабыл болсун! 🤲

Аллах Талаа үй-бүлөңүзгө тынчтык,  ынтымак жана береке берсин.🤲
🌹💐🌺
Шейх Муаз Хава шакирттеринен...
https://t.me/Muazhawwa


يتمثل بما نظمه العارف بالله السيد محمد أبو الهدى الصيــــــادي قدس الله سره في هذه المناسبة السعيدة أعادها الله عليكم وعلى ذراريكم وأحبابكم باليمن والبركات والخيرات والمسرات، وأحياكم لأمثاله، وكل عام وأنتم بخير🌹 .

بِعيدِ فطـــرٍ لأعتابِ الرّسول لنا
          عرائــــــــضٌ قُدِّمَت في شكلِ تعییدِ
مشحونةٌ بالرّجا والمدحُ  سُلَّمها
           لنيــــــلِ عطفٍ بإعــــــــــزازٍ وتأییدِ
فبابُ إطلاقِـــــهِ العالي حقيقتُهُ
           تنزَّهَت في العطــــا عن عيبِ تقييدِ
وقد نَزلنـــا بحُسن الظَّنِّ ساحتَه
           وأعرَض السِّرُّ عن أهــــــل المواعيدِ
منهُ نؤمِّلُ إحساناً ومرحمــــــــةً
            بعيد فطرٍ وجَبــــرُ القلبِ في العيدِ
https://t.me/tasavvufkg


قوله تعالى: «إِنَّ نَاشِئَةَ اللَّيْلِ هِيَ أَشَدُّ وَطْئًا وَأَقْوَمُ قِيلًا» (المزمل/٦)

"Чындыгында түнкү намаз - бул (Куранга ой жүгүртүү үчүн жүрөктүн тилге) өтө төп келген жана (Куранды жакшы окуп,) аны ачык-айкын түшүнүү учуру" (Муззаммил/6)

Түнкү намаз
(Тахажут) - бул "сүннөт эле" - деп, аны жеңил санаба!
Чындыгында ал чыныгы кишилерди чыгаруучу мектеп.
Жаратканга берилүүнү окутуп, ыкластуулукка көнүктүрөт.
Аруулукту үйрөтүп, көкүрөк-көөдөндү тунартат.
Бул жалтыраган, жалган жарыкка болгон сүйүүдөн арылтат.
Түнкү намаздагы окулган Куран, сенин окутуучуң.
А Улуу Аруу Жараткан сенин эриктирбес эрмегиң, жакын ынагың...

Азирети Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Тиешесиз нерселерди таштоо

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ (رضي الله عنه وعنا به) قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: "مِنْ حُسْنِ إِسْلَامِ الْمَرْءِ تَرْكُهُ مَا لَا يَعْنِيهِ" (رواه الترمذي/ حديث حسن).

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун)  кабарлайт Алланын элчиси (ага алкыш-саламдар болсун) айтты: "Адамдын өзүнө тиешесиз нерселерди таштоосу, анын  мусулманчылыгынын көркөмдүгүнөн кабар берет".

قال حضرت الإمام السيد أحمد الرفاعي (رحمه الله تعالى): "من اشتغل بما لا يعنيه، فاته ما يعنيه".

Азирети Ахмад төрө Ар-Рифаий (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтты:
"Ким өзүнө тиешесиз нерселер менен алектенип жүрө берсе, өзүнө тиешелүү нерселерди өткөрүп жиберет да, жыйынтыгында баарынан куржалак калат".

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Кадыр түн дуасы:

“Аллахумма иннака ьафувун тухиббуль ьафуа фаьфу анна”

“Оо, Аллахым, Сен Кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени кечире көр!”...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Кадыр түнү кылган дуаларыңыз, айткан зикирлериңиз, окуган кураныңыз, ойлогон максатыңыз, эңсеген каалооңуз, кылган амалыңыз, уктабай ыклас кылганыңыз кабыл болсун!

Алла Таалам ушул ыйык түндүн урматында баарыбызды мээримине алсын!

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Ыйманды сакташ үчүн, эшикти кулпулап, үйдөн чыкпай отура турган заман келди окшойт..

اللهم أحيني ما كانت الحياة خيرا لي، وتوفني إذا كانت الوفاة خيرا لي....

Азыр колдо барын, канимет туткула.
إنا لله وإنا إليه راجعون


Устаздарыбыз көкүрөк-көөдөнүн аруулоо жолуна толук түшө элек же сопулук жолдо аны тарбиялай турган баштоочу (муршид) таппаган кишиге күнүнө кеминде миң жолу Сүйүктүү жолдоочубузга алкыш-саламдарды айтууну сунушташат эле.  Анткени салават-алкыштар, баштоочу тапканга чейин аны жакшылыкка баштап турат.

Азирети Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.

Кыргызча окулушу:
Аллохумма солли альаа Сеййидина Мухаммад ва аалихи ва сохбихи васаллим.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Акыркы он күндүк тасбихи:

Субахаанал ханнаанил маннаан.
Субахаанал маликид даййаан.
Ал маьрууфу бил ихсаан, вал маусууфу бил гуфроон.
Ал вадааь, ал вадааь.
Яаа шахро ромадоон.
Ал фироок, ал фироок.
Яаа шахрот таравиихи ват тасаабихи, ва хотмил Кураан.
Хаза шахрун аввалуху рохматун ва авсатуху магфиро.
Ва аахируху иткум минан наар
Лаа илааха илла Аллаху настаг фируллоох.
Насалукал жанната уа науузу бика минан наар.

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


Жараткан жүрөгүңдү ак, тунук абалда (фитрада) жаратты. Сенден ошол жүрөккө эч нерсени киргизбей, тунук абалында сакташыңды гана каалайт.
Жүрөгүңдү тунук абалда сакта!
Аны күнөө-бузукулук ыпласы менен булгаба!
Жаратканга кош көңүлдүк чаңы менен чулгаба!...

Азирети Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар


"Эгер сөз күмүштөн турса, а унчукпоо бул алтындан турат."
Көп сүйлөгөн адам, ката сүйлөйт.
Акыйкатты түшүнгөн адам, кеп көп сүйлөгөндө эмес экенин табат. "Казанда болсо, чөмүчкө чыгат" дегендей жүрөктө ыкылас болсо, сөздө акыйкат болот...

https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.