Эй, напсим. Мен дүйнөнү каалабайм. Муну сен да билесиң. Ичимдеги дүйнө сен болчусуң, сенден да баш тарттым. Сенден толугу менен баш тарттым. Бирок акыреттен да эч нерсе каалабайм. Ибадатым, зикирим, Аллах Таалага жалынганым, сыйынганым акырет үчүн да, бейиш үчүн да эмес. Мен жөн гана Аллахка дос болууну каалайм. Тозоктон коркуп, бейишке умтулганым үчүн эмес. Тек гана Аллахка жакын болууну саамайм. Бир гана нерсени каалайм, ал – Жаратканга ашык болуу...Мен сүйүүнү каалайм. Мен Аллахтан корком. Ал мени азапка салат же тозоктун отуна күйөм деп эмес, сүйгөн адам сүйгөнүнөн алыс калуудан корккондой мен да Аллахтан алыста калуудан корком. Бейишти күтөм. Менин сыйлыгым бейиш деп эмес, сүйгөнүңө ошол жактан жолукканың үчүн күтөм. Жаратканды аз да болсо, көрсөм деп күтөм.
Фатих Думан “Мен” китебинен
Фатих Думан “Мен” китебинен