Адамдар өмүр деген немени абдан узак деп ойлошот. Эч качан бүтпөй тургандай жашашат, өлбөй тургандай өмүр сүрүшөт. Бирок адамдын айланасында өлүм өтө көп.
Алардын тегерегинде өлгөндөр канча! Ошентсе да алардан сабак алышпайт. Өлүм деген зарылчылыктын бир күнү аларга да келерин эч ойлошпойт. Алар ар дайым башкалар гана өлөт деп ойлошот. Адам өзү кайдыгерликке, унутчаактыкка көнүп калган.
Башкалардын көзү өткөндө адам бир саамга гана өлүм жөнүндө ойлонот, бирок андан соң эч нерсе болбогондой жашоосун уланта берет. Эч ким өлбөгөндөй, тегеректе эч
кандай көрүстөндөр жоктой жүрө беришет. Көрүшөт, бирок көрмөксөнгө салышат, күн сайын өлүшөт, бирок өлүмгө көңүл бурушпайт. Маркум эң жакыны, эң сүйүктүүсү, эң керектүүсү болсо да, өлүм адамдын эсинде бир нече көз ирмемге гана сакталып турат. Анан кайра эле баягы кайдыгер, беймарал, күнүмдүк тыпырыган жашоого сүңгүп кете беришет...
Дүнүйө адамга өлүмдү да унуттурууда. Эгер менден адамдар дүйнөнү канчалык жакшы көрүшөт деп сурашса,
мен эч ойлонбостон "Адамдар дүйнөнү өлүмдү унутканчалык сүйүшөт" деп жооп бермекмин. Адамдар күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын өлүп жаткан менен тирүүлөр өлүмдү көрүшпөйт. Өлүмдү көзүн жумуп алып карап тургандай...