*ЭҢ МЫКТЫ ҮЛГҮ – ПАЙГАМБАР*
*ПАЙГАМБАР СҮЙЛӨӨДӨ, УНЧУКПООДА, КҮЛҮҮДӨ ЖАНА ЫЙЛООДО ҮЛГҮ*
Пайгамбар сүйлөгөндө ачыктап сүйлөйт эле. Эсте калбай турган кылып өтө бат сүйлөбөйт эле. Ошондой эле ар бир сөздөн кийин тыныгып, сөздөрүн бөлүп сүйлөбөйт эле. Өтө тез эмес, өтө созбой, орточо эң мыкты абалда сүйлөйт эле. Кээде сөзү түшүнүктүү болуш үчүн үч жолу сөзүн кайталап сүйлөйт эле.
Аз сүйлөйт эле. Муктаждык болгондо гана сүйлөйт эле. Кыска, маанилүү жана жеткиликтүү сүйлөйт эле. Өзүнө тиешелүү болбогон серседе сүйлөбөйт эле. Сооп үмүт кылган нерседе гана сүйлөйт эле. Бир нерсени жактырбаса, жүзүнөн билинчү.
Көбүнчө жылмайып гана күлчү. Дээрлик бардык эле күлүүсү жылмаюу болчу. Эң эле катуу күлгөндө азуу тиштери көрүнчү.
Күлкүлүү болгон нерсеге күлөт эле. Кезигүүсү сергек болгон, таң калыштуу нерселерге күлөт эле.
Ыйлоосу дагы күлүүсүнө окшош эле: үнүн катуу көтөрүп, өкүрүп ыйлабайт эле, каткырып күлбөгөнү сымал. Бирок эки көзүнөн жаш токтогончо жашыйт эле. Көкүрөгүнөн аарынын үнүндөй үн угулат эле.
Кээде өлгөн адамга мээримин төгүп ыйлайт эле. Кээде үммөтүнүн абалынан коркуп ыйлайт эле. Кээде Аллахтан коркуп ыйлайт эле. Кээде Куранды укканда ыйлайт эле. Бул ый сагынычтын, сүйүүнүн, урматтоонун ыйы эле. Коркуу менен бирге чыккан ый эле. Баласы Ибрахим өлгөндө эки көзү жашка толуп, ырайымы төгүлүп ыйлаган. Ошондой эле небере кызынын жан берип жатканын көрүп ыйлаган.
Мамашарип уулу Н.